Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Анан кантип качып чыктыңыз?

— Мен азыр деле ошол жакта отура берет белем, мени кытай менен гавайдын, анан ак адамдардын каны аралашкан бир кыз куткарган. Ал байкуш кыз өңдүү түстүү, алтургай, абдан билимдүү да эле. Анын энесинин Гонолулуда кеминде миллион долларлык байлыгы бар боло турган. Мени качырган да ошол кыз болду. Энеси колонияны кармаганга акча берип тургандыктан, кыз эч кимден коркпойт да. Ал менден бул жерди эч кимге оозумдан чыгарбаска убадамды алды, жан кишиге айтпай, берген убадамды мен орундаттым. Муну азыр сизге гана айтып отурам. Байкуш кызда аланын белгилери жаңыдан гана пайда боло баштаган экен ошондо. Оң колунун беш манжалары тырышып, бири бирине жабышып калыптыр болчу, чыканагынын өйдөрөөк жагында кичинекей ак тагы бар эле.  Болгону ушу. Ал эчак каза болуп да калгандыр.

— Сиз кантип корккон жоксуз! Ал коркунучтуу ооруну жугузуп албай кудай сактаптыр!

Албетте адегенде абдан коркуп жүрдүм, — мойнуна алды ал. —Бирок кийинчерээк көнүп кеттим. Анан жанагы бечара кызга боорум өтө ооруп атып, өзүмдүн коркконумду да унутуп койдум. Татынакай, шайыр, сулуу кыз эле, оору жаңыдан эле кол сала баштаган болчу ага. Кыз эми эч качан адамдарды көрбөй, таш доорундагы жапайыча жашоо кечирерин жана бара –бара тирүүлөй чирип жок боло турган тагдырга дуушар болгонун билчү. Сиз аланын эмне деген бетпак дарт экенин элестете да албайсыз.

— Шордуу кыз! — шыбырады Руфь. — Баары бир ал сизди жөн эле коё бергени таңгалыштуу.

Анын эмнеси таңгаларлык? — деди Мартин Руфтун сөзүнө түшүнбөй.

— Кыязы, ал сизди абдан сүйгөн окшойт, — акырын шыбырай сөзүн улантты Руфь. — Түз эле айтыңызчы: сүйдү беле?

Күн көрбөй камалып, отуруп алып иштегендиктен, Мартиндин жүзү кубакай тартып калган, акыркы күндөрү болсо, ачкалык менен оорудан бир топ шапая да түшкөн эле; тике бул суроону укканда өңүнө кызыл тарай түштү. Бирдеме айтайын деп келатканда Руфь озуна сөзүн бөлүп кетти:

— О, жооп бербей эле коюңуз, суранам! Мунун зарылдыгы жок! — деп жиберди ал жылмая күлүп.

Бирок Мартин кыздын күлкүсүнөн катаалдыктын илебин сезип, көздөрүнүн муздак жылтырай түшкөнүн байкады. Мартиндин эсине бир жолу Тынч океандын түндүк жагында өзү кабылган бороон түшүп кетти. Көз ачып жумганча көз алдына апачык түнкү асмандын, айдын жап-жарык нуру астында капылеттен пайда боло калган кара нөшөр бороон менен үйдөй өйдө көтөрүлгөн албуут толкун көрүнө түштү. Мунун артынан ал жанагы ала менен ооругандарды кармаган колониядан өзүн сүйгөнү үчүн гана качырып жиберген кызды көрдү.

— Кең пейил кыз болчу, — деди ал акырын гана, — менин өмүрүмдү сактап калды эле.

Мартин ыңгайсыз кеп ушуну менен аяктады го деп ойлоду эле, бирок Руфтун терезеге бурулуп, сыртты муңайым тиктеп мелтиреп калганын көрдү. Ошол замат кыз шарт кайра бурулуп Мартинди жарк эте карады, азыр эле жүзүнөн удургуп өткөн бороондун изи да жок эле.  

— Мен ушундай жиндимин, — деди жалооруган Руфь, — озүмдү өзүм эч бир башкаралбай атам. Мен сизди сүйөм Мартин, ушунчалык сүйөм. Мүмкүн бара-бара көнүп кетермин, бирок, азыр сиздин өткөн жашооңуздагы бардык нерселерден катуу кызгана берем. Өткөн жашооңуз болсо опуртал элестерге толтура!.. Албетте, башкача болууга да мүмкүн эмес эле, — бат-баттан сөзүн улантты кыз, Мартинге жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк бербей. — Болуптур анда, Артур мени чакырып жатат. Ии, баса, менде тамекиге каршы бир дары бар, — деди Руфь босогонун жанына жеткенде, — сизге берип жиберейин ошону.

Руфь босогодон аттап, сыртка чыгып баратып, кайра бөлмөнүн эшигинен баш бакты да:

— Сүйөм, сүйөм, — деп шыбырай кайталап жиберди да чыгып кетти.

Мария Руфту арабага чейин абдан кадырлап узатып барды, жеткенче анын кийген көйнөгүн сын көзү менен кайра-кайра карап барды. Мария мындай асемдүү тигилген көйнөктү өмүрү көргөн эмес эле, ошондуктан ал ага бөтөнчө кооз көрүндү. Топураган балдары болсо коноктордун кетип баратканына өкүнүп, жеңил араба көчөнүн бурулушунан имерилип, карааны көрүнбөй калганча артынан узата карап тура беришти. Бул окуядан соң Мариянын кадыр-баркы кошуналардын арасында болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү да, кварталда жашагандардын ичинен эң маанилүү адамдардын бири болуп чыга келди. Бирок кайра өзүнүн балдары бул иштин белине тепти,  алар кадырлуу коноктор таптакыр Марияга эмес, батирде турган Мартинге келишкенин элдин баарына жайып жиберишкен соң, Мариянын аптарыйкаты бат эле томолонуп, кайра эле бир бечарага айланды, Мартин болсо эми кошуналардын баары ага бөтөнчө урматтоо менен мамиле кыла баштагандарын сезди. Мариянын көзүнчө кадыры чексиз көтөрүлгөн Мартин болсо жаман оюнда жанагы коноктор түшүп келген келишимдүү арабаны дүкөнчү көрсө, балким ал дагы 3 доллар 85 центти айттырбай эле карыз бермек экен деп калды.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.