Жек Лондон
Мартин Иден
Үч ырына алган үч доллар менен «Ак Чычкандан» чек алганга чейин эптеп-септеп жан багып тура алмак. Ал үч долларын өмүрү кишиге ишенбеген португалдык дүкөнчүгө майдалатып, бир долларын карызына төлөдү, калган эки долларын наабайчы менен жашылча саткан немеге бөлүп берип койду. Мартин эт жей тургандай бай эмес эле, эптеп жанын багып жүргөндө күтүлбөгөн жерден «Ак Чычкандан» чек келип калбаспы. Мартин бул акчаны эмне кыларын билбей калды. Өмүрү ал банкка кирип көргөн эмес эле, акча маселеси менен дегеле алектенип көргөн эмес. Бирок азыр окленддик чоң банктардын бирине кирип, кырк доллардык чекти акчага алмаштырып алуусу керек эле. Бирок кадыресе акыл эс ага башка нерсени айтып турду, бул чекти ал банкка алып барып отурбастан, азык-түлүк саткан дүкөнчүдөн эле барып алмаштырып алууну айтып турду, анткен күндө кийин карыз алып турганга да жакшы эмеспи. Кыңырылып турса да Мартин дүкөнчүгө жетип чегин алмаштырды да карызынан толугу менен кутулду. Андан чөнтөгүн акчага толтуруп чыкты да калган карыздарын бергенге жөнөдү, наабайчыга, машинкенин ээсине барды. Марияга да өткөн айдагы батир акысын төлөп, арткан акчасына бир велеспет менен кастүм сатып алды. Мына ошондон кийин чөнтөгүндө үч гана доллар акчасы калды.
Бирок ушул да ага зор байлыктай көрүндү. Ал кастүм сатып алары менен Руфка жөнөдү, жолдо келе жатып чөнтөгүндөгү күмүш тыйындарды сапыра шылдыратып ыракат алып баратты. Ачкадан өзөргөн киши тамактан көзүн ала албагандай, көптөн бери чөнтөгүндө сокур тыйыны болбогон Мартин да уучтап алган тыйындарын колунан чыгаргысы жок. Ал эч качан ач көз да, зыкым да эмес болчу, бирок акча ага доллар менен центтин ченемдүү бир өлчөмүнө караганда алда канча көп мааниге ээ болуп турду. Аларсыз жашоодо ийгиликке жетишүүгө мүмкүн эмес эле, алардын бетине чегилген бүркүттөр болсо жеңиштин канаттуу жарчылары сыяктуу көрүнүп турду.
Күтүлбөгөн жерден ага жашоо кандай сонун деген ой кайрадан кайтып келди. Азыр ал ага мурдагыдан да ажайып, кооз болуп көрүндү. Кечээ эле дүйнө ага супсак жана көңүлсүз, караңгы үңкүрдөй болуп турду эле, эми бардык карыздарынан кутулуп, көңүлү ачылып, чөнтөгүндө шыңгырап дагы үч доллары туру, жүрөгүндө болсо ийгиликке жетем ишеними кайрадан толкуп турган кезде күндүн нурунун ысык табын сезди, тердеп чыккандай болуп кетти эле, күтүлбөгөн жерден шарылдатып төгүп ийген кара нөшөргө кубана жылмайып койду. Өзү ачкадан өзөрүп жүргөн мезгилдерде Мартин ааламдагы ачка— арыктар жөнүндө убайым тарта тынчсыздана берчү, эми курсагы ток болуп турганда алар туурасында анча көп ойлонбой деле калды. Азыр анын эси дарты махабатта эле, ошондуктан оюнун баарын жер үстүндөгү сан жетпеген сүйүшкөн түгөйлөр ээледи. Мээсинде сүйүү лирикасынын учкундары жылт дей түштү эле, чыгармачылыкка кызыгып кеткендиктен, трамвай менен келе жатып, түшө турган жеринен эки квартал ары өтүп кеткенин сезбей да калды.
Мартин Морздордукуна келип, жайнаган коноктордун үстүнөн чыкты. Сан-Рафаэлден Руфтун аталаш эки эжеси келиптир. Мына ошолордун шылтоосу менен миссис Морз Руфту жаштардын чөйрөсү менен курчап, өзүнүн ойлогон планын иш жүзүнө аткарууну чечти. Апасынын тыкыр эсептүү бул планды ишке ашыруусу Мартиндин арга жоктуктан бул жакка келбей калган учурда башталып, эми ал келгени чабуулду башташ керек болду. Мына ошентип миссис Морз өзүнүн үйүнө мансаптуу жана жакшы карьера жасап келаткан адамдарды чогултууну максат кылып койгон. Мына ушинтип аталаш эки бир туугандар — Дороти менен Флоренстен башка, конок үйдө эки профессор: бирөөсү англия философиясы боюнча, экинчиси латын тили боюнча; Филиппинден жаңы эле келип түшкөн Руфтун классташы — америкалык жаш офицер, Сан-Францисконун тресттеринин бирикмесинин башчысы Джозеф Перкинстин жеке катчысы Мельвилль аттуу жаш жигит; отуз беш жаштарга келип калган банк кассири Чарльз Хепгуд; Стэнфорд университетинин бүтүрүүчүсү, Нил жана Кошмо клубдардын мүчөсү, акыркы өткөн шайлоолордо көрсөтүлгөн республикалык партиянын мүчөсү — кыскасы, баары жагынан төп келишкен жетик, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш жигит отурушкан экен. Аялдардан болсо, портрет тарткан сүрөтчү, адис музыкант, анан үчүнчүсү Сан-Францискодогу ураганы турган эски тамдарды тартипке келтирүү боюнча өзүнүн зор ишмердиги менен таанылган социология илиминин доктору деген даражасы бар дагы бир атактуу аял бар эле. Бирок миссис Морзго бул аялдардын анчалык деле олуттуу мааниси жок эле. Булар болгону кандайдыр бир кошумча зарыл буюмдай керек эле. Себеби мансапка жетишкен мындай мырзаларды үйгө чакырган соң, аларды бирдеме көңүлүн ачуу керек эле да.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.