Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Бирок Руфь Мартинге түшүнгөн жок. Руфь анын жалпы кабыл алынган нерселерге асылганын Мартиндин өзүм билемдиги менен кежирлиги гана деп эсептээр эле.  

Канткен менен Мартин олуттуу кеби менен профессор Колдуэллди өзүнө тартып, аны өзүнө жакын тема жөнүндө сүйлөгөнгө аргасыз кылды. Жакыныраак келген Руфь Мартиндин мындай дегенин укту:

Бирок сиз Калифорния университетинде мындай теңирден тескери нерсени айтканга даабайт болушуңуз керек!

Профессор Колдуэлл ийнин куушуруп койду.

— Мен ак ниет салык төлөөчүмүн жана эки жакка тең караган саясатчымын. Бизди Сакраменто[2] дайындайт, биз Сакраменто жана өкмөт, палата жана бир гана партиялык басма сөз эмес, керек болсо, эки партиянын тең басма сөз кызматы менен да эсептешүүгө милдеттүүбүз.

— Бул түшүнүктүү, бирок сиз анда өзүңүздү суудан чыгып калган балыктай сезүүгө тийишсиз! — деп сурдана түштү Мартин.

—— Биздин университеттик көлчөдө мендейлер анчалык көп эмес. Кээде мен өзүмдү чынында эле суудан чыгып калган балыктай сезем да Парижде, же адабият менен искусствонун каймактары кларет ичүүгө чогулган Латын кварталынын шарапкансында болсом деп кыялдана баштайм. Мен анда арзан ресторандан тамактанып, дүйнө жаралышына болгон өзүмдүн жеткен өткүр көз караштарымды айта бермекмин. Кээде өзүмдү радикалмын деп калам. Бирок тилекке каршы, алым келбеген турган али көп маселелер бар. Мен айрыкча адам тагдыры менен байланышкан маселелер менен кездешкенде өзүмдү бөтөнчө тартынчаак сезип кетем.

Мартин анын сөздөрүн угуп олтуруп «Муздак шамал жөнүндөгү ырды» эсине түшүрдү.

Жагат мага ачык күн, 

Мунарык менен түнкүсүн.

Келет кайык айдагым.

Мартин ырдын сөзүн кайталап жатып, профессорду карап, аны өзгөрбөй, арылдап соккон түндүк-чыгыштын муздак шамалына окшоштурду. Ал ошол шамал сыяктуу калыптуу, ишеничтүү болгону менен бирок кандайдыр бир уяңдык бар эле. Ал түндүк-чыгыш шамалы толук күчү менен сокпой, эч качан пайдаланбаса да артына резерв калтырган сыяктуу, бул профессор да сөзүн аягына чейин айта албасын ойлоп турду. Мартиндин элестетүүсү баягыдай эле күчтүү эле. Анын мээси эскерүүлөр менен ойдон чыгарылгандарга толгон чоң кампа сыяктуу дайыма ачык болчу.

Эмне болуп кетсе да Мартин бул кампасынан окшош же тескерисинче карама-каршы нерселерди чубай калып, аларды ачык көрө ала турган. Бул өзүнөн өзү эле болуп кетчү, реалдуу турмуштун ар бир окуясы дайыма кыялдан чыккан картиналар менен коштолуп турчу. Баягыда Руфтун көздөрүнөгү кызганычтын оту айдын жарыгындагы бороонду элестеткендей эле, азыр да профессор Колдуэлл түндүк-чыгыштын муздак шамалы кубалаган ак толкундары өркөчтөнүп, отуруп бараткан күндүн кызгылтым нуруна чагылышкан океанды элестетти. Ушинтип, көз алдынан улам пайда боло калып жаткан түркүн көрүнүштөр анын ойлоруна тоскоолдук кылмак түгүл, тескерисинче, кээ бир түшүнүксүз нерселерди талдап билүүгө көмөктөшүп жаткандай болду. Бул көрүнүштөр качандыр бир кезде Мартин башынан өткөрүп, көзү менен көргөн, китептерден окуган окуялардын жаңырыктары болчу, алар эми анын мээсине өңүндө да, түшүндө да шыкалып турганы турган эле.  

Мына эми азыр ал профессор акылдуу жана билимдүү адам Колдуэллдин жайбаракат сөзүн тыңшап отуруп, эрксизден өткөндөгү турмушун эстеди. Ал хулигандыгы ченде жок, стетсон шляпасын бир жагына кыйшайта баса кийип алган, кош бүрмөлүү курткачан боз улан кезиндеги өзүн даана көрдү. Полиция унчукпаган чекке чейинки оройлукту, башка толгон-токой ээнбаштыкты идеал көрчү экен ошондо. Мартин бул эскерүүлөрүн кандай болсо ошондой көрүп турду, кай бир жерлерин жумшартып же жымсалдайын деген да жок. Ооба, ошол кезде ал кадимки эле хулиган болчу, качан караба, полиция менен жулмалашып, жумушчулардын кварталындагы бейкүнөө момун байкуштарды төпөштөп жүргөн безери шайканын башчысы эмес беле. Эми анын идеалы өзгөргөн. Ал тегерегиндеги таалим тарбиялуу, адеми кийинген эркектер менен айымдарга астыртан көз салып, алар менен кылдат маданияттын абасынан дем алып отуру. Калдайган шляпачан, кош бүрмөлүү курткачан боз улан кезинин карааны мейманканын килеминен калдактап өзүн карай басып келаткандай көрүндү. Бир кезде эч кимге күн көргөзбөгөн көчө шайкасынын шок башчысы эми минтип жумшак креслодо отуруп алып университеттин профессору менен жайбаракат аңгемелешип отурган Мартин Иденге айланбадыбы.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.