Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Руфтун таң калганы профессор ошол замат Мартиндин жаагын жап кыла алган жок, алтургай, тескерисинче, Мартинге кечиримдүү жылмайып койду, калыбы, анын жаштыгын эске алды окшойт да. Профессор бир азга унчукпай калып, акырында өзүнүн алтын чынжырын ойной кармалап сөзүн улантты.

— Билесизби, — деди ал, — бир жолу мага ушундай кинени бир улуу инсан, аалым-эволюционист Жозеф Леконт койгон эле. Бирок анын эчак көзү өтүп кеткен, андан кийин менин бетимди ашкерелебейт ко дедим эле, мына эми жаңы айыптоочуну сизден көрүп турам. Кыязы, муну мен мойнума албай коё албайм, — сиз коюп аткан күнөөдө аз да болсо чындыктын үлүшү бар, болгондо да алда канча көп үлүшү бар десем дагы жаңылбайм. Мен классикага өтө берилип кетип, табигый илимдердин өнүгүүсүнө жетишерлик байкоо жүргүзбөй калган экем, буга кубатым менен иш жөндөмүм жетишпей атат окшойт. Сиз эгерде менин өмүрү бир да лабораторияга баш багып көрбөгөнүмдү уксаңыз, таң кала түшөр элеңиз. Бирок бул факт. Канчалык деңгээлде экенин билбейм, бирок Мартин Иден, Леконт да сиз сыяктуу эле туура айткан экен.

Булардын кеби ушинтпи кызып турганда бирдемени шылоотоломуш эткен   Руфь Мартинди четке тартып чыкты да минтип шыбырады:

— Сиз профессор Колдуэллди таптакыр эле ээлеп алдыңыз да. Мүмкүн башка бирөөлөр да аны менен аңгемелешкиси келер.

— Кечиресиз, — деди уяла түшүп Мартин, — мен аны сүйлөгөнгө мажбурлап, айткандары ушунчалык кызык болгондуктан башкалар жөнүндө унутуп да калыпмын. Ушу кезге чейин мындай акылдуу жана билимдүү адамды жолуктурган эмесмин. Баса, бирок билесизби? Мен мурда университеттен окугандар менен чоң кызматтарда иштегендердин баарын эле акылдуу, билимдүү адамдар деп ойлочумун.

— Ал өзгөчө адам, — деди Руфь анын сөзүн бөлө.

Көрүнүп турат. Эми мени ким менен сүйлөштүргүңүз келет? Билесизби, тетиги Хэпгуд менен жолуктуруңузчу?

Мартин Хэпгуд менен он беш мүнөтчө сүйлөштү, Руфь болсо сүйгөнүнүн аны менен токтоо карманганына  жетине албай турду. Анын көздөрү баягыдай чачырап ойноктобой, бети албырмак турсун, чым деген жок, мындай токтоолугуна Руфь тан берип турду. Бирок эми банк ишмерлери укум-тукуму менен Мартиндин алдында кадырын жоготту да, кеченин акырында Мартин банк ишмери былжыраган бир акмак тура деген тыянакка келди. Ал эми берки аскер офицери болсо Мартинге өтө кең пейил, чыйрак жана салабаттуу, өз тагдырына өзү абдан ыраазы сыяктуу көрүндү. Мартин анын университетте эки жыл окуганын укканда мунун алган билими кайда кеткенин түшүнө албай таң калды. Бирок эмнегедир бул офицер Чарльз Хэпгудга караганда Мартинге алда канча  жакты.

— Мен анын былжырагына жиним келген жок, — деди кийинчерээк Мартин Руфка, — ошол былжырактын баарын каадалана кыйынсынып айтканына каным кайнап чыкты. Бул ишмер мага бириккен жумушчу партиясынын демократиялык партия менен кошулуп кеткенин түшүндүргүчө мен реформациянын бүт тарыхын баштан аяк айтып чыгаар элем. Ал сөзүн шылуун кумарчы картасын таратып аткансып, оңду-солду урдура бергенин кантесиң. Бир күнү мен муну сизге мисал менен көрсөтүп берем.

— Анын сизге жакпай калган өкүнүчтүү, — деди Руфь. — Хэпгуд мистер Бэтлердин сүймөнчүгү. Мистер Бэтлер аны абдан адилет жана ишеничтүү адам деп эсептейт; ал аны кандай гана банк болбосун тургузса боло турган аска таштай бекем адам деп айтат.

Андан бир аз уккандарыма караганда мен мындан түк күмөн санабайм. Бирок мен азыр банк атмайдын баарын таптакыр сыйлабай калдым. Эми оюмдун ток этер жерин ачык айтканым үчүн сиз мага ачууланбайт чыгаарсыз, кымбатым?  

— Ныпым таарынбайм. Бул абдан мага кызык.

— Ооба, — кубаттап койду Мартин, — мен цивилизациядан алгачкы жолу таасир алып аткан жапайы эмесминби. Цивилизациялуу адамга мен да кызыгарлык болсом керек.

— А аталаш эжелерим жөнүндө эмне дейсиз? — сурады Руфь.

— Алар мага башка аялдарга салыштырганда көбүрөөк жакты. Экөө тең абдан шайыр, бой көтөрбөгөн жакшы немелер экен.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.