Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Демек, сизге башка аялдар да жаккан экен да?

Мартин башын чайкап койду.  

— Жанагы коомдук ишмер деген аял, — социалдык көйгөлөрдү тынбай сайраган тимеле тоту куш экен, мелдешкенге даярмын, анын мээсин чубап көрө турган болсоңуз, бир да өзүнүн идеясын таппас элеңиз. Берки сүрөтчү аял болсо кимди болбосун эриктирип жиберет. Ал Хэпгудга абдан жарашкан түгөй болмок экен. Жанагы музыкант аялчы! Билбейм, ал аспапта чын эле мыкты кол ойнотот чыгаар, бирок анн музыка жөнүндө таш балекет да түшүнүгү жок.

— Бирок ал укмуш ойнойт эмеспи, — деди Руфь каршы чыккысы келип.

— Ооба, бирок сырттан караганга гана ошондой көрүнөт, бирок музыканын ички мазмууну ага таптакыр жеткиликсиз. Мен андан музыкадан кандай  ички мазмуунду таба аларын сурадым. Мени ушу суроо дайыма кызыктырат, бирок ал жооп айтканга жарабады. Музыканы жакшы көрөм, музыка эң улуу искусство, музыканы жанымдан артык көрөм дегенден башка эч нерсе айталбады.

— Сиз элдин баарын өз адистиги жөнүндө сүйлөгөнгө аргасыз кылдыңыз окшойт, — деди Руфь тырчыгандай.

— Танбайм. Бирок алар өзүлөрү жакшы билген тема жөнүндө тыңгылыктуу эч нерсе айта албагандан кийин, жалпы темалар жөнүндө айтып кирсе, менин ахыбалым кандай болорун элестете бериңиз да. Мен ойлоптурмун маданияттуу дегендердин бул жерде... Мартин бир саамга токтой калды, көз алдына өзүнүн мурдагы көлөкөсү кайрадан тартыла түштү, калдайган шляпачан жаш жигит бөлмөдө ары-бери термеле басып тургансыды.

— Ооба, мен алардын ар бирин акылга дыйкан, билимге каныккан адамдар деп жүрчүмүн. Азыраак болсо ошол көргөндөрүмдөн улам мен момундай тыянак чыгардым: булардын көбү жеткен дөөпөрөстөр, калгандары болсо, жанындагы киши эригип өлүп кете турган адамдар экен. Ал эми профессор Колдуэлл болсо — таптакыр башкача иш. Мына ошону чыныгы адам десе болот.

Руфтун жүзү жарк дей түштү.

— Мага ал жөнүндө айтып бериңизчи, — деди ал, — бирок анын бөтөнчө сапаттары жөнүндө эмес, ансыз да анын баарын мен эң жакшы билем, мага анын кемчиликтери жөнүндө айтсаңыз. Ушуну абдан билгим келет.

Уят болуп калсамчы, — деди Мартин тамашалап каршылык көрсөткөн болду, — адегенде өзүңүз айтарсыз. Же сиз анын жакшы жагын гана көрүп турасызбы?

— Мен андан эки курс сабак алгам, эки жылдан бери билип келатам. Ошондуктан сизге ал кандай таасир калтырганын билгим келет.

Башкача айтканда, сизди тескери таасири кызыктырат экен да? Макул. А киши сиздин суктанууңуз менен урматтооңузга толук татыктуу экенине ишенем. Мындай акылы терең, билимдүү адамды мен кездештирген эмесмин, бирок анын абийири тынч эмес. О, жаман бирдеме деп ойлобоңуз! — шашып кетти Мартин. — Ал мага кандайдыр бир нерселердин тээ тереңин көрүп алып, анан  өзүн эч нерсе көргөн жокмун деп ишендиргенге аракет кылган адамдай сезилет. Мен балким оюмду туура эмес айтып аткандырмын? Минтип эле түшүндүрөйүнчү сизге. Көз алдыңызга чытырман токойдо катылган храмга кетчү жолду табарын таап, бирок ага барбай койгон адамды элестетиңиз. Ал мүмкүн, храмды деле көргөн чыгаар, бирок кийин аны жок, көзүмө гана көрүндү деп өзүн өзү бекем ишендирип алган. Же башкасын айталы. Бул адам бир кезде бирөөгө жакшылык кылам деп, бирок кереги жок деп койгон, эми болсо анысына өкүнгөнү өкүнгөн. Ичинде ал иши үчүн албай калган сыйлыгына түкүргөнсүйт, бирок андан да тереңирек карасаң, ошо сыйлыкка жетпей калганына жана анын кубанычынан куржалак калганына андан бетер чексиз өкүттө.

— Мен ага бул жагынан караган эмес элем, — деди Руфь, — чынын айтсам, сиздин эмне айткыңыз келибатканын анчалык түшүнө албай жатам.

— Себеби бул менин өзүмө да бүдөмүк, — деди Мартин актангандай, — бирок муну логикалык жактан негиздей албай жатам. Бул болгону сезим гана, ал мени алдап жатышы мүмкүн. Сиз профессор Колдуэллди мага караганда жакшыраак билсеңиз керек.

Ошентип Морздордукунда болгон кечеден Мартин таң каларлык, карама-каршылыктуу сезимдер менен кетти. Бир кезде ушулардын деңгээлине чейин көтөрүлсөм деген адамдардан, ошондой ниетинен көңүлү үч көчкөн журттай сууду. Бир жагынан ийгилик ага дем берип турду. Булардын деңгээлине көтөрүлүү ал ойлогондон алда канча жеңил болуп чыкты. Мартин, профессор Колдуэллди айтпаганда, буларга жетмек тургай, ашып түштү. Мартин бул пенделерге караганда турмушту да, китептерди да алда канча жакшы билчү, аны таңгалдырганы — алардын алган билими кайда житип кеткенине түк башы жеткен жок. Өзүнүн тубасадан акылы бөтөнчө жаралганы бирок анын оюна да келген жок, нукура жана акылы терең адамдарды Морздордун конок күткөн бөлмөсүнөн издебеш керек экенин, андай ойчулдар жерден бийикте, күнүмдүк турмуштун түйшүгү менен ыпыластыгынан ыраактагы көк асман төнүмүндө бириндеп каалгыган тоо бүркүттөрү сыяктуу болорун билген да жок.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.