Жек Лондон
Мартин Иден
Ырасын айтканда, Мартин эч жерде өзүн өз ордунда отургандай сезчү эмес. Ал болгону жагдайга карата бат эле ыкташып, элдин баарына сүймөнчүктүү эле, анткени иш болобу, оюнбу, эч кимди алдына салбай, кабылгандын катыгын бергендиктен, башкаларды өзүн сыйлаганга көндүргөн эле. Бирок ал эч качан, эч жерде жайланышып, тамырын жайчу эмес. Досторунун көңүлүн карк кылганы менен Мартин эч качан өзү канааттанчу эмес. Кандайдыр бир санаа дайыма басып турганы турган эле, дайыма кулагына аны кайдадыр бир жакка чакырган үн угулуп турчу, акыры өзү каалаган китеп, искусство жана сүйүүгө кездешкичекти жер жүзүн кыдырганы кыдырган эле. Мына эми өзүнүн бардык эски досторунун ичинен мунун баарынын ортосунда ал гана отурат, ал келем десе Морздордукуна жөн эле келип коет.
Бирок бул ойлордун баары ага профессордун сөзүн кунт кое укканга эч кандай тоскоол болгон жок. Ал өзүнүн аңгемелешинин билиминин тереңдигине тан берип, кез-кезде Спенсердин чыгармаларынын аркасы менен илимдердин жалпы негиздерин билсе да, өз билиминдеги жетишпеген жактарын көрүп турду. Мындай бөксөөнү толтурганга ага убакыт гана керек эле. «Ошондо көрөбүз!» — деди ал. Бирок азырынча өзүн профессордун алдында чөгөлөп отурган бойдон ал эмне десе анын баарын аңкайып угуп отургансып сезилди. Бирок бара-бара Мартин аңгемелешинин ой калчоосундагы көзгө көрүнбөсө да улам кайталана берген чабал жактарын даана сезе баштады. Мунун себеби эмнеде экенин түшүнөрү менен баштагы профессордон басынгандай теңсиздик сезими дароо жоголду.
Руфь экинчи жолу аларга Мартин так сүйлөп кирген учурда жакындап келди.
— Мен сизге эмнеден жаңылып атканыңызды, башкача айтканда, талкууларыңыздын чабалдыгы эмнеде экенин айтайын, — сиз биологияга тоготпостук менен мамиле кылат экенсиз. Сиздин көз карашыңызда ал таптакыр эле жок окшойт. Башкача айтканда, мен жансыз ткандарды лабораториялык тажрыйбалар жолу менен жандандыруудан тартып, өтө кеңири социологиялык жана эстетикалык жалпылоого чейинки чыныгы илимий биологияны айтып жатам.
Руфь оозу ачылып, турган жеринде катып калгандай болду. Ал профессор Колдуэллдин лекциясын эки жыл бою уккан эле, ошондуктан профессор ага даанышмандыктын бийик үлгүсү болуп калган эле.
— Мен сиздин сөздөрүңүзгө жакшы түшүнбөй турам, — деди профессор ыңгайсыздана түшүп.
— Мен сизге ачык түшүндүрүүгө аракеттенейин, — деди Мартин, — бир кездеги Египет тарыхынан өлкөнүн жалпы мүнөзү менен алдын-ала таанышпай туруп египеттик искусствону түшүнүүгө мүмкүн эмес деп окуганым эсимде.
— Туп-туура, — макул болду профессор.
— Ошондуктан мага, — сөзүн улантты Мартин, — өлкөнүн жалпы мүнөзүн, өлкө турмушунун пайда болушун жана анын кантип түзүлгөнүн баяндоочу материалды алдын ала толук билбей туруп, үйрөнүүгө мүмкүн эместей сезилет. Эгерде биз мыйзамдарды, мекемелерди, үрп-адаттарды жана диндерди үйрөнө турган болсок, анда буларды жараткан адамдарды билбей туруп, кантип түшүнө алабыз? Адабият деле ушу Египет искусствосу сыяктуу адам жараткан нерсе болуп саналат. Ааламда эволюциянын бүткүл дүйнөлүк мыйзамына баш ийбеген деги бирдеме барбы? Мен айрым искусствонун эволюция тарыхы иштелип чыкканын билем, бирок ал, менимче, нукура механикалык түрдө гана иштелип чыккан. Адам бул жерде четте калып калган. Арфа, кыл кыяк жана музыка менен ыр, бийлердин эволюциясы мыкты иштелип чыккан. Бирок адамдын өзүнүн эволюциясынын — анын ырдаганга же алгачкы музыкалык аспапты жасап чыгарганга чейинки кээ бир мүчөлөрүнүн өнүгүшү туурасында эмне айта алабыз? Сиз мына ушуну унутуп жатасыз, мен болсо так ушуну биология деп атайм. Кептин толук маанисиндеги биология деген ушу. Билип турам, айтыбаткандарым азыраак байланышпай турат, бирок өз идеямды өзүм жаратканга аракеттенип атам. Бул идея менин башыма сиз сүйлөп жаткан учурда келген эле, бирок мен аны так айта албай атам шекилди. Сиз эми эле адамга бардык факторлорду камтууга мүмкүндүк бербеген чектөө туурасында айттыңыз. Кыязы, сиз менимче, так ушул жерден бардык искусствонун негизи болгон — биологиялык факторду, башкача айтканда, адамзаттын бүткүл маданияты курулган бардык башкы материалды көңүлдөн чыгарып коюп атасыз.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.