Жек Лондон
Мартин Иден
— Сүйлөшүп атканда кызууланып кетпеңиз, — деди Руфь, Мартиндин кулагына шыбырап, аны олтурган коноктор менен тааныштыруудан мурун. Мартин адегенде абдан сүрдөп отурду, оюна баягыда басып бара жатып кокус бирдемеге чалынып аламбы деген чочулоо келе түштү. Бир жагынан аны чөйрө да кысынтып турду, анткени мурда эч качан мынча сыпайы адамдар менен кездешип көргөн эмес. Банктын кассири — Хэпгуд ага бөтөнчө таасир эткендей болду да мүмкүнчүлүк боло калса аны менен жакыныраак таанышып алууну чечти. Сыртынан сүрдөп турганы менен Мартиндин көкүрөгүндө да “мен” деген кубаттуу дымагы бар эле, андыктан мына бул эркектер жана аялдар менен күч сынашып, алардын китеп менен турмуштан эмнелерге үйрөнгөндүгүн жана өзү алардан эмнелерге үйрөнө аларын билгиси келди.
Улам Мартинге көз кыйыгын салган Руфь анын өзүнүн туугандары менен эч бир кысынбастан, эркин аңгемелешип жатканын көрүп, таң калып да, сүйүнүп да жатты. Мартин чынында эле токтоо эле. Руфтун аталаш эжелери абдан акылдуу, маданияттуу айымдар эле, жатар алдында алардын Мартинди абдан макташканын укканда таң кала да түштү. Мартин өз чөйрөсүндө абдан шайыр жана тапан болгондуктан, бардык үлпөттөрдүн гүлү эле, эми бул жерде деле ошондой болгусу келди, өзүн шайыр кармап, куйкум таамай сөздөрдөн ыргытып коюп отурду. Ушул тапта оомат аны далысынан таптап турган кез эле, эмне кааласа ошого жетем деп турган учуру. Ошондуктан Мартин эч бир сүрдөбөй этпей эле, өзү да күлүп, башкалардын да боорун эзип отурду.
Кече аяктаарга аз калганда Руфту чочуткан бир окуя болду. Мартин профессор Колдуэлл менен аңгемеге киргенде Руфь анын колдорун ары –бери булгалабаса да, көздөрү башкача күйө, үнү көтөрүңкү чыгара баштаганын жана бетинин албырып чыкканын байкап калды. Өзүн-өзү кармай албай, кызуулугуна алдырган Мартин жаш болсо да токтоо профессордон кескин айырмаланып турду.
Мартин анын сырткы келбетине маани берген жок. Бир караганда эле аңгемелешинин канчалык маалыматы бай, акылдуу адам экенин сезип, тан берген болчу. Анүстүнө Колдуэлл англис филологиясынын Мартин ойлогондой профессору болуп чыкпады. Ал кандай гана болбосун, профессорду өзүнүн адистиги жөнүндө сүйлөгөнгө мажбурлоону каалап турду, профессордун баш тартканына карабай, акыры максатына жетти. Анткени ал эмнеликтен коомдо адистик темалар боюнча аңгемелешүүгө болбой турганын түшүнө албай жатты.
— Мындай кантип болсун, — деген эле ал Руфка кечеге чейин бир топ убакыт мурда, — эмне үчүн адистик темада сүйлөшүүгө болбойт? Эгерде кишилер өздөрүнүн жакшы жактарын жана сапаттарын айкындоо үчүн чогулушпаса, анда алар эмне себептен чогулушат? Ал эми ар бир адамдын эң сонун нерсеси — бул анын айрыкча эмнеге көбүрөөк жөндөмдүү экендиги, анын кандай адистикке ээ болгондугу, өзүнүн бүткүл өмүрүн эмнеге арнагандыгы, күн-түн дебей эмне жөнүндө ойлонуп, эмне жөнүндө кыялдана тургандыгы эмеспи. Элестетип көрүңүзчү, мисалы, мистер Бэтлер жалпы кабыл алган эрежелерге баш ийсе да күтүлбөгөн жерден Поль Верлен, немис драмасы, же Аннунционун романдары жөнүндө көз караштарын айтып кирди дейлик. Анда угуп олтургандар эриккенинен өлүп калышмак. Эгерде мен мистер Бэтлердин сөзүн уга турган болсом, анда ал өзүнүн укук илими жөнүндө гана айтаарын кааламакмын. Чынында ал ушул чөйрөдө мыктылардын бири да. Адамдын өмүрү кандай кыска, ошондуктан мен адамдан анын эң сонун гана сапаттарын алып калгым келет.
— Бирок ошентсе да, — деди Руфь каршы боло, — элдин баарына кызыктуу башка маселелер да бар эмеспи.
— Жок, бул жагынан сиз жаңылышасыз, — деди Мартин моюн бербей, — ар бир адам же коомдук топ дайыма өзүнөн жогору тургандарды ээрчигиси келет. Коомдун эң жогорку катмарын кимдер башкарып турат? Бекерпоздор, бекерпоз байлар. Аларда демейде кандайдыр бир иш менен алектенген адамдар билген нерселер жөнүндө түшүнүгү да жок. Аларга албетте, кесип темасы жөнүндө сүйлөшкөн кызыксыз, ошондуктан алар көпчүлүктүн арасында кесиптик тема жөнүндө аңгемелешүүнү уят иш катары санашат. Коомдо эмне туурасында кеп кылууну да ошолор аныкташат. Алардыкы боюнча аңгеме кылчу нерселер: жаңы опера, жаңы романдар, карталар, бильярд, коктейлдер, автомобилдер, яхталар, жылкы көргөзмөсү, форель кармоо жана башкалар, кыскасы, булар бекерпоздор жакшы билген темалар. Баарынан да кишинин күлкүсүн келтиргени — окумуштуу адамдар менен бул наамга жетүүгө аракеттенип жүргөндөрдүн ушул келесоолордун пикирине баш ийгени. Мен болсом адамдын эң сонун сапаттарын үйрөнгүм келет. Сиз муну кесиптик аңгеме же оройлук дейсизби, кандай кааласаңыз ошондой түшүнүңүз.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.