Жек Лондон
Мартин Иден
— Бул жерде жей турган эч нерсеңиз деле жокко! — Ай, байкушум ай, — деп жиберди ал боору ачып, — ачка турбайсызбы!
— Жо, тамак-ашымды Марияныкына коём, — дей салды Мартин калп айтып, — ошоякта турганы ыңгайлуураак. Кейибей эле кой, ачка калган жерим жок. Биякка караңызчы!
Руфь жакын басып келип, көйнөгүнүн сыртынан тээп чытырап турган темирдей катуу булчуңдарын көрдү. Бул аны кайра ирээнжитип жиберди. Анын эстетикалык сезимин мазактагансып көрүндү. Бирок анын туйлаган жүрөгүнүн ар бир кагышы болбой эле аны ошол булчуңдарды көздөй азгырып турду, эзелтен өзүнө тааныш бул сырдуу күчкө баш ийгендей Мартинден четтеп кетпей, кайра ага өзүнөн өзү тартылып баратты. Мартин аны кучагына бекем кысты, акылы турмуштун сырткы гана көрүнүштөрүн билген кыздын буга жини келе түшкөнү менен, жүрөгү, жашоонун демин сезе түшкөн аялдык жүрөгү чексиз сүйүнүчтөн түрсүлдөп чыкты. Мындай ирмемдерде Руфь өзүнүн Мартинге болгон сүйүүсү канчалык күчтүү экенин сезе баштачу, анткени Мартиндин оттой ысык, бекем кучагы ага болуп көрбөгөндөй жыргалды тартуулай турган. Мындай мүнөттөр баарын: өзүнө көнүмүш идеалдардан четтеп кеткенин, болгон бүткөн негизги эрежелерди бузганын, алтургай, ата-энесине сөз катпай туруп баш ийбегенин бүт актап кетер эле. Ата-энеси анын бул адамга турмушка чыгышын каалашпайт. Анын бул жигитке болгон махабатын ата-энеси кандайдыр бир уят, осол иштей көрүшөт. Бул сүйүүсү кээде өзүнө деле ошондой көрүнүп кетет, айрыкча андан алыста жүргөндө баягыдай эле мерез, тыкыр эсептүү Руфка айланат. Бирок ал жанында турганда аны сүйбөй коё албайт, чыны, кээде бул сүйүү кубанткандан көрө көбүрөөк көңүлкайт кылганы арбын эле, бирок ага карабай бул өкүмү зор жана эч нерсеге моюн бербес махабат болучу.
— Бул болгону сасык тумоо, эч нерсе эмес, — деди Мартин, — бираз башым ооруп, чыйрыккансып турам, бирок тропикалык безгекке салыштырганда, бул болбогон бирдеме.
— Сиз тропикалык безгек менен оорудуңуз беле? — көңүлкош сурады Руфь жигиттин кучагындагы магдыраган жагымдуу сезимди мүмкүн болушунча көбүрөөк созууга аракеттенип. Кыз жанатан бери анын эмне айтып атканын уккан деле жери жок эле, бирок күтүлбөгөн жерден кулагына кирип келген бул фраза анын көңүлүн бурду. Мартин Гавай аралдарынын бириндеги ала менен ооругандардын жашыруун колониясында тропикалык безгекке чалдыккан эле.
— Ал жакка кандайча барып калдыңыз эле? — сурады Руфь. Оюнда Мартиндин минтип өзүнө кошкөңүл караганы кылмыштай сезилди.
— Кокусунан эле, — жооп узатты Мартин, — алага чалдыккандар туурасында ойлгон да эмесмин. Бир жолу кемеден качып чыктым да жээкке чейин сүзүп барып, коопсуз бир башбаанек табайын дедим да аралдын ич жагын көздөй бастым. Үч күн бою ар кандай жапайы алма, банан болобу, кыскасы жунглиде өскөндүн баарын жеп, курсак тойгуздум. Төртүнчү күн дегенде жалгыз аяк жолго чыктым. Жол тоону көздөй кетиптир, карасам, жаңы эле өткөн окшойт, кишинин издери бар экен. Чыйыр жол бир жерге келгенде тоонун так бычактай өткүр кыры менен өтөт экен. Туурасы бир метрге жетип жетпейт, эки жагынан болсо тереңдиги бир канча метр түпсүз туңгуюк аңыраят. Мыкты куралданган бир эле киши туруп алып, миң сандаган кошуундун чабуулунун мизин жалгыз эле кайтарып коё алчудай жер экен. Аралдын төр жагына алып бара турган жападан жалгыз жол да ушул экен. Чамасы үч сааттардан кийин катып калган лаванын иретсиз урчуктарынын арасындагы жылгага жеттим. Карасам, жемиш бактар өсүп туру, жети –сегиз алачык турат. Чыга калган тургундарды көрөрүм менен кайда туш болгонумду ошо замат түшүндүм. Бир караганда эле билдим. Айланамдан өсүп турган жемиш жыгачтарын жана камыштан жасалган жети-сегиз алачыкты көрдүм.
— Анан сиз эмне кылдыңыз? — сурап жиберди жүрөгү түшкөн Дездемонага окшоп Руфь, бирок оозу ачылып угуп атты.
— Эмне кыла алмак элем? Алардын аксакалы тимеле падышадан бетер баарын башкарган кең пейил абышка экен. Ушул жылганы таап, байырлап, анан колония уюштурган экен, албетте, анысы мыйзамсыз да. Алардын мылтыктары менен снаряддары бар экен, баса, канактардын (буларды ушинтип атап коюшат) баары эле көзгө атар мергендер келишет. Жапайы каман менен сүлөөсүндөргө аңчылык кылат деп ушуларды айт эми. Андыктан алардан качып кутулам деп ойлоп да кереги жок. Мартин Иденге ошол жерде калып, алардын арасында үч ай жашаганга туура келген.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.