Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Руфь адегенде ыкчам оңго, анан солго, кийин дагы оң жакка бурулуп, үстөл менен Мартиндин керебетинин ортосундагы кууш тар жер менен илгерилей басты. Артур этияттабастан чалынып, ашкананын бурчундагы карапа менен казан көмөчтү калдыр-шалдыр түшүрүп урунуп алды. Бирок Артур бөлмөдө көпкө болгон жок. Анткени бөлмөдөгү жалгыз отургучту Руфь ээлеп алгандыктан, өзүмдүн милдетимди аткардым деген Артур ооздогу секичеге чыга качты. Ал жакта болсо аны Мариянын оозун ачкан балдары кайра эле чурулдап курчап алышты. Аларды көргөн кварталдагы калган балдар да топурап чуркап жетип келишти, ызы-чуу менен гүрү-гүү түшкөн беттери ботала-шотала балакайлар жеңил арабага жабыша тегеректеп, улам кармалап карап атышты, анан моокумдары канды окшойт, четке тизилип, эми мунун баары эмне менен бүтөөр экен дегенсип, шумдук бир окуяны күткөндөй, жардана карап туруп калышты. Оңойбу анан, бул жакка мындай шөкөттүү араба бирөөлөр үйлөнгөндө же бирөөлөр каза тапканда гана келе турган: азыр болсо үйлөнгөн да, каза болгон да эч ким жок болуп атпайбы. Демек, жакыр, кейпи кеткен кепе тамдардарда жашаган буларга  азыр ойдо жок бир шумдук окуя болуп кетүүгө тийиш эле.

Бул күндөрү Мартин Руфту көрбөй абдан кусадар боло түшкөн. Анда жалындап сүйгөн жүрөк болгондуктан, өзү да башкалардан боор ачыгандыкты күтөөр эле, жөн эле боорукерликти эмес, жан дүйнөсүн кылдат түшүнгөн терең мамилени күтчү; бирок Руфтун ага боор тартканы анын, Мартин Идендин умтулууларын түшүнгөндүктөн эмес, кыздын жөн гана табигый сезимталдыгынан экенин эчак билчү. Мартин кыздын колун бекем кармап алып сүйлөшүп атканда, сүйүүсү козголо түшкөн Руфь анын колуна мээримдүү кармап, өңө түшкөн жүзүнө көзүнүн жашын кылгырта тиктеп, анын канчалык бактысыз жана байкуш экенин ойлоп турду.

Бирок Мартин «Трансконтиненталдан» алган катына кантип кейигенин, анан “Ак Чычкандан” келген катка кантип кубанганын айтып бергенде кыз буга кайдыгер гана баш ийкеп койду. Ал Мартиндин айтканын угуп, маанисине түшүнүп атты, бирок анын кубанычын да, кайгысын да бөлүшкөн жок. Мунун баарынын мааниси ага бирөө гана болчу. Кызды аңгемелер да, редакторлор да, журналдар да түк кызыктырган жок. Ал бир гана нерсени: Мартин экөө качан үйлөнүшөөрүн гана ойлоп турду. Чынында муну ал өзү деле түшүнбөй атты, анын Мартинди ишке орнош деп мажбурлаган каалоосу энелик сокур сезиминен улам гана жаралган эле.  

Арийне, ушинтип жатасың деп бирөө Руфка түз айтса, анда ал биринчиден, уялмак, экинчиден, кыжыры кайнап, болгону жакшы көргөн кишисинин гана камын көрүбатканын айтып мунун баарын танмак. Бирок кандай болгон күндө да тандап алган жолундагы алгачкы ийгилигине толкундаган Мартин ага жан дүйнөсүнүн бугун айтканча ал угуп да, укпай да, көргөн көзүнө ишенбей, бөлмөнү кыдырата карай берди. 

Бул Руфтун жакырчылык менен болгон алгачкы кездешүүсү эле. Махабат менен ачкачылык ага абдан романтикалуу айкаштык катары сезилчү, бирок кыз мындай романтиканын чыныгы жүзү карапайым турмушта кандай болорун элестетип да көргөн эмес. Кандай болгондо да ал мындай көрүнүштү күткөн эмес. Биерге ашканадан келип жаткан кир кийимдердин жыты анын жүрөгүн айландырып турду. Бул кебетеси кеткен аял бат-баттан кир жуучу болсо, анда бул жыт Мартинге эчак сиңип деле калса керек деп ойлоду Руфь. Жакырчылык — жугуштуу оорудай. Руфка бул жердеги ыпластыктын баары Мартинге жугуп калгандай сезиле баштады. Мартиндин түгү кырылбаган бети (Руфь муну биринчи жолу көрдү) кыздын көңүлүн жипкиртип жиберди. Жаагы менен ээгинин алдындагы түктөн анын жүзү мобул аялдын үйүндөй эле ыплас жана түрү суук көрүнүп, анда баягы Руфь жек көргөн макулуктукундай күчү кайра күчөп келаткандай сезилди. Анан да Мартиндин эки аңгемесинин басууга кабыл алынып калганын карачы! Эми ал өзүнүн алаңгазар пландарын ишке ашырам деп ого бетер күчөйт турбайбы. Дагы бир аз болгондо багынып, кызматка орношуп калмак экен. Эми ал кунары качкан бул үйдө дагы эле ачка жашап, баягы жазмакерлигине ого бетер шымалана киришет тура.  

— Эмне жыттанып атат, ия? — күтүлбөгөн жерден сурады Руфь.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.