Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Ушулардын баарын заматта оюнан сыдырып үлгүргөн Мартин конвертти ачып караса...алакандай каттан башка ташбалекет да жок экен.

Өз көзүнө өзү ишенбей, конвертти силкип, аңтарып көрдү. Жарыкка салып да карады. Чек жок. Каттагы редактордун мактоолорун аттап кетип, ток этер жерин, эмне үчүн чек келбегенин билгиси келди. Муну таппады, бирок кийинки окуганы аны башка чапкандай кылды. Кат колунан жерге түштү. Көздөрү караңгылап, керебетке кулады да, төшөгү менен башын чүмкөгөн бойдон бүк түшүп жатып калды.

«Коңгуроонун үнүнө» беш эле доллар төлөп беребиз деп жазылыптыр болчу катта. Беш миң сөзгө болгону беш доллар! Ар бир сөзгө эки центтин ордуна — он сөзгө бир цент! Анан бети жок редактор уялбай дагы чегиңизди аңгеме басылып чыгаары менен токтоосуз салып жиберебиз деп көңүлүн жооткотуп койгонун! Демек, бир сөзгө кеминде эки центтен төлөйт дегендин баары кыпкызыл калп тура. Калп болсо демек, ал жок жерден кайырмакка илинген экен да. Мунун баарын мурда билсе кана, кол жоорутуп жазмак да эмес экен. Андан көрө бир жерге кирип иштеп кетмек, Руфь үчүн иштемек. Болбогон ишке канчалаган кайран убактысын коротконуна каңырыгы көк түтүн боло түтөп кетти. Бул убаракерчиликтин болгон турган кызыл баасы акыры келип — он сөзгө бир цент тура! Жанагы гезиттерде айтылган калем акыларды алчу улуу жазуучуларың деле журналисттердин кыялында гана жашагандар турбайбы. Мартин  башкалардан уккан жазуучулук карьера туурасындагы кептер жөн гана куру кыял болуп чыкты, мунун далилин ал көзү менен көрүп турбайбы.  «Трансконтинентал» журналынын бир саны жыйырма беш цент турат, анын кооздолгон мукабасы бул журналдын мыкты журналдардын катарына кирерин көрсөтүп турат. Бул көөнө, салабаттуу журнал Мартин төрөлө электен мурда эле жарыкка чыга баштаган. Тышкы бетине болсо дүйнөгө белгилүү бир жазуучунун журналдын ардактуу миссиясы жөнүндө айткан сөзү дайыма жазылып турчу, анткени ошол чыгаан жазуучу өзүнүн чыгармачылык чыйырына алгач ирет ушул журналдан кадам таштаган экен. Эми ошол көркөмдүгү, ыйман-ынсабынын бийиктиги жагынан укмуш деген журнал минтип беш миң сөзгө болгону беш доллар төлөбатпайбы! Ушул жерден Мартин бир улуу жазуучунун жакында эле мусаапыр жерде, итке минген жакыр турмушта каза тапканын эсине түшүрүп,  мында таңгала турган деле эч нерсе жок турбайбы деди.  

Ооба, алданган экен. Гезиттер жазуучулук калем акы жөнүндө былжырактын баарын айтып алдашкан турбайбы, аларга ишенип жүрүп, толук эки жылын коротту! Эми жетишет. Мындан ары бир да сап жазбайт! Эми Руфь, башкалар каалагандай кылат, — бир кызматка орношот. Ушул акыркы ой Джону — баягыда баарын урдум деп селсаяк болуп кеткен Джо досун эсине салды. Мартин ага суктана терең үшкүрүп алды. Күн сайын он тогуз сааттан иштегени күтүлбөгөн жерден кайра өзүн сездиргендей болуп кетти. Бирок Джо эч кимге ашык болгон эмес эле, ошондуктан эч кандай жоопкерчилиги жок жер бетин каалагандай кезип, тентиреп жүрө берсе болот, ага укугу да бар. Мартин анте албайт, анткени анда күрөшө турган, алдыда жетиш үчүн иштей турган улуу максаты бар. Ал эртең тураары менен эле иш издеп жөнөйт, керек болсо, ошол эле күнү Руфка жолугуп, иштин жайын бүт айтат, акылы киргенин, эми башкача жашай турганын, эгер кабыл алса, анын атасынын мекемесине да иштөөгө даяр экенин айтат.

Беш миң сөзгө беш доллар, он сөзгө бир цент — мына искусствонун базар баасы! Бул цифранын ичинде катылып жаткан акыйкатсыздык, алдамчылык, пастык менен жүзүкаралык ага тынчтык бербей, жанына батып турду. Көзүн жуумп жатканы менен дүкөнчүгө карызы, башка бир цифра — 3,85 жанып турду. Мартиндин сөөктөрү какшап, чыйрыгып чыкты. Айрыкча бели үзүлүп түшүп бараткансыды. Оорубаган жери жок — башы, төбөсү, көк желкеси, алтургай, мээсинин ичи жанын коёрго жер таптырбай сыздатып ооруп кирди; баарынан да чекесинин жарылып кетчүдөй ооруганын айтпа. Көз алдында болсо, жанагы эле жанды кашайткан ырайымсыз сан — 3,85 кайра-кайра жана берди. Мартин бул өчөшкөндөй жабышкан элестен арылмакка көзүн ачты, бирок күндүн көз уялткан нуру жанын ого бетер сыздатып ийгендиктен, ошол замат көздөрүн кайра чылк жуумп алды. Эми 3,85 деген сан көз алдына кайрадан алоолоно жанып чыга келди.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.