Жек Лондон
Мартин Иден
Анын көз алдына дайыма экөөнүн келечектеги турмушунун ушул көрүнүшү тартыла берчү. Кээде Руфь эмес, ал Руфту белинен кучактай ага өзү китеп окуп берибаткан болот. Руфь болсо башын анын ийнине жөлөп турат. Кээде экөө бири-бирине кыналыша отуруп алышып бир китепти үн чыграбай чогуу окубатышкан болот. Руфь жаратылышты абдан сүйгөндүктөн, Мартиндин ээ жаа бербеген кыялы бул жагымдуу көрүнүштүн декорациясын улам-улам алмаштырып турат. Экөө бирде бийик чокулар тегеректеген жылгада отурса, бир туруп жайкалган тоо шиберинин үстүндө, же деңиз толкуну шарпылдап келип уруп, кайра тартылып турган жээктеги кум үстүндө отурушкан болот; кээде өзүн кыз менен жанар тоолуу аралдарда, дүңгүрөп шаркыратма куюлуп, анын шамал айдаган чачырандылары деңизге чейин жетип аткан тропикада көргөнсүйт. Мына ушул керемет кооздуктун чок ортосунда дайыма китепке үңүлө Мартин менен Руфь турган болот, жаратылыш болсо назик жана тумандуу экинчи фонго — экөө дүйнөнүн болгон жыргалы менен ырахаттана турган эмгек менен ийгиликтин картинага алмашып чыга келет.
Бир күнү энеси Руфка эскерткендей кабатырлана минтип калды:
— Кызым, мен сага абайласаң экен деп кеңеш берер элем.
— Сенин эмне жөнүндө айтып жатканыңды билип турам, бирок бул мүмкүн эмес. Ал...
Руфь уялганынан кызарып кетти; мындай уялуу турмуштун ыйык сырлары жөнүндө биринчи жолу энеси менен сөз козгогон кыздын тартынчаактыгы эле. Энеси да кызга андан кем ыйык эмес болчу.
— Ал сенин теңиң эмес, — деди энеси анын айтайын дегенин аягына чыгарып.
Руфь башын ийкеди.
-Минтип айткым келген жок эле, бирок чынында эле ушундай да. Ал абдан орой, копол, кара күчү көп...абдан көп. Ал анчалык деле...
Кыз уялып кетип, токтой түштү. Мындай нерсе жөнүндө энеси менен биринчи жолу сүйлөшүп атканы өөн учурап, өзүн ыңгайсыз сезди. Анын айтайын дегенин кайра энеси айтып койду:
— Ал көбеле жакшы турмушта жашаган эмес. Ушуну айткың келди беле?
Руфь кайра башын ийкеп, кызара түштү.
— Ооба, так ушуну айткым келген. Бул албетте, анын күнөөсү эмес, бирок ошондой болсо да ал өзүн көп учурда...
— Жаман алып жүрөбү?
— Ооба. Коркуп да кетем. Кээде ал мага өзүнүн барып турган не бир ээн баш жоруктарын эч бир камырабай туруп айтканын укканда жүрөгүм түшөт. Тимеле эч нерсе болбогонсуп айтканычы. Минткенге болбойт да, туурабы?
Эне –кыз кучакташып отурушту, Руфь унчукпай калганда дагы эмнелерди айтаар экен деп күткөн энеси анын колунан сылап койду.
— Бирок ал мени эмнегедир кызыктырат, — деп сөзүн улантты Руфь, — биринчиден, ал менин кайсы бир даражада тарбиялануучум. Анан... жаш жигиттердин арасында эч качан досторум болбогондон кийин, — ал досум деле эмес. Бир эле убакытта досум да, тарбиялануучум да. Кээде ал мени коркутканда мен ырылдап азуусун арсайткан, мына-мына чынжырын үзүп кетчү бульдог ит менен ойноп жаткандай болом.
Руфь кайра үндөбөй калды, дагы эмне дээр деп энеси күттү.
— Мен ага ошо... ошо бульдокко кызыккандай эле кызыгам. Анын жакшы жактары деле бар, бирок менин ага... башкача мамиле кыла турган жактары тоскоол болуп тургансыйт. Азыр так ошолор жөнүндө ойлонуп турам. Ал сөгүнөт, тамеки чегет, ичимдик да ичет, мушташат, мунун баарын мага өзү айтып берген, алтургай, мушташканды жакшы көрөрүн да айткан. Бул чынында мен каалагандан таптакыр башка адам....
Ушул жерден үнү чыкпай калып, анан акырын гана: — самаган жигитим эмес. Андан тышкары анда кара күч көп. Менин сүйгөнүм арык чырай, шыңга бойлуу, баскан турганы илбериңки, чачтары капкара болсо дейм. Жо, коркпой эле кой, мен Мартин Иденге ашык болбойм, антсем бул мага чоң бактысыздык болмок.
— Мен аны айткан жокмун, — деди энеси тайсалдай түшүп, — сен бир нерсени ойлодуңбу? Мындай адам сага баары жагынан туура келбейт... бирок ал сени сүйүп калсачы, анда кандай болот?
— Ал... ал мени эчактан бери эле сүйөт! — Руфь кыйкырып жиберди.
— Ушундай болмок эле, — деди мээримдүү миссис Морз. — Сендей кызды билген адам кантип сүйбөй коё алат?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.