Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Алгачкы күндөрү Мартин эч нерсе кылбай, жалаң гана эс алуунун үстүндө болду. Ал көп уктап, көп ойлонуп, айтор өзүн запкыдан соң акырындык менен оңоло баштаган адам сыяктуу алып жүрдү. Жандануунун биринчи белгиси анын акырындык менен гезитке кызыга баштаганы болду. Андан кийин ал кайрадан окуй баштады, адегенде ырларды, майда аңгемелерден баштап, анан бир нече күн өткөндөн кийин эчак унутулуп калган Фискти кайрадан колуна алды. Анын ден соолугунун мыктылыгы өткөндө жоготкон күч-кайратын калыбына келтиргенге жардам берип, кайрадан жаштыктын жалындаган демин сезе баштады.

Жакшылап эс алып алгандан кийин сүзүүгө кете турганын айтса Руфь абдан капа боло түштү.

— Эмнеге? — сурады Руфь.

— Акча керек, — деди ал, — мага, басма кызматкерлерине каршы жаңы чабуул баштаганга акча керек. Акча менен сабырдуулук — бул күрөштөгү эң жакшы курал.

— Сизге акча эле керек болсо, анда эмне үчүн кир жуугучканада эле кала бербедиңиз?

— Себеби, кир жуугучкана мени малга айландырып салды. Мындай иш адамды ичкиликке түртөт экен.

Руфь аны жүрөгү түшө карап калды.

— Сиз эмне...— деп баштады Руфь.

Ал айтпайм десе Руфтан болгон ишти оңой эле жашырып коймок, бирок, анын чынчылдыгы буга жол бербеди, анүстүнө жакында эле кандай болбосун, туурасын айтып жүрөм деп өзүнө берген антын эстей койду.

— Ооба, — деп жооп берди ал, — бир нече жолу ошондой болду.

Руфь селт этип чочуп кетип, андан кетенчиктей түштү.

— Менин тааныштарымдын эч кимиси мындай окуяны башынан өткөргөн эмес.

— Кыязы, алардын эч кимиси «Кайнар Булактагы» кир жуугучканада иштебесе керек, — деди ал, кейиштүү жылмая, — ар бир адам иштөөгө тийиш, эмгек адамга пайдалуу, муну диниятчылар деле айтып жатышат; кудай турат, мен эч качан иштен качкан эмесмин. Бирок ар нерсенин чеги бар эмеспи. Мен иштеген кир жуугучканада андай чек жок экен. Ошондуктан кайра деңизге чыгууну чечтим. Бул менин эң акыркы сапарым болот. Кайтып келгенден кийин басма кызматкерлерин жеңип чыгарыма ишенем.

Нараазы болгон кападар Руфь унчукпай калды, Мартин болсо өзүнүн башынан өткөргөндөрдүн баарын ал эч качан түшүнө албай турганын сезип турду.

— Качандыр бир кезде мен ушунун бааарын «Эмгектеги басынтуу» же «Жумушчу табындагы араккечтиктин психологиясы» деп же болбосо ушул өңдүү бирдеме жазам.

Алгачкы жолку таанышууну эстебегенде, бул экөө бирин-бири эч качан мынчалык алыс сезе элек болушчу. Мартиндин кызуулана тарс эттире баарын ачык айтып таштаганы Руфту ирээнжитип турду. Бирок Руфту бул ахыбалга салган жагдайга караганда, анын келип чыгыш себеби кызды көбүрөөк таң калдырды. Руфь буга чейин экөө бири-бирине кандай жакын болгондорун эстеп, азыр Мартинге андан бетер жакын болгусу келип кетти. Ичинен Мартинди оңосом деген ой пайда боло түштү. Ал жолунан адашкан бул жигитти айлана чөйрөсүнөн, каршы болгонуна карабай анын өзүнөн куткарсам деп ойлоп кетти. Бул ага жөн гана жакшылык кылып аткандай көрүнгөнү менен анын тереңинде жигитке болгон кызганыч менен сүйүү катылып жатканын кыз билген жок.  

Күздүн мээрими көлбүгөн ачык күндөрү экөө велесипет тээп алып, тээ шар четине чыгып кетишер эле, ал жерде баягы жакшы көргөн дөбөдө отуруп алып, бири бирине сезимди козгоп, кыялды көкөлөткөн, асыл ойлорго чакырган ырларды окуп беришчү. Руфь ага атасынын, мистер Бэтлердин жана мусаапыр кедей баладан бүт дүйнөнү китепке көөмп салып «китептердин падышасына» айланган Эндрь Карнегинин таржымалдарын айтып, бул жашоодо бирдемеге жетиш үчүн жан күйгүзүш керек экенин, сабырдуу жана эмгекчил болуш керек экенин кыйыр айтып сиңирүүгө аракет кылып жатты.  

Руфтун бул аракетин Мартин да баалады. Ал эми кыздын ойлорун кыйла жакшы түшүнө баштагандыктан, анын ички жан дүйнөсү ага баягыдай жети кулпу салынган табышмак болбой калды. Алар кадыресе ой пикир бөлүшүп, тең адамдардай ангемелешчү болду. Мындагы пайда боло калган анча-мынча пикир келишпестиктер Мартиндин сүйүүсүнө кедерги болгон жок. Анын Руфка болгон сүйүүсү ого бетер күч алды, ал Руфту мурда кандай болсо, дал ошондой эле терең сүйө берди, тескерисинче, анын үлпүлдөгөн назиктиги чырайын ого бетер көркүнө чыгара ачып турду. Мартин узак жылдар бою буту шал болуп төшөктө жаткан, анан керемет бир күн келгенде буту кадимкидей асман астындагы катуу жерди басып, ашыгы Броунинг менен качып кеткен Елизавета Баррет жөнүндө окуп берди. Мартин да Руфь үчүн өз сүйгөнүнө Броунинг жасаганды жасайм деп чечти. Бирок аның үчүн Руфь да өзүн сүйүшү керек. Эң башкысы ушул эле, калганы баары жөнөкөй эле иш болчу. Мартин ага ден соолук жана күч кайрат бермек. Ал экөөнүн келечектеги чогуу турмушу жөнүндө көп кыялданчу.  Кыялында өзү менен Руфту өз эмгегинин үзүрү менен тапкан, жасалгасы келишкен, ыңгайынын баары бар жаркыраган жашоодо көрө турган. Экөө окуп, поэзия туурасында кеп уруп отурушат, Руфь гүлдүү жаздыктарга кыңая чыканактап алып ага үн чыгара китеп окуп берип аткан болот.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.