Жек Лондон
Мартин Иден
— Олни болсо мени жек көрөт! — кызуулана айтып жиберди ал. — Мен деле аны жек көрөм. Ал жаныма жакын келип турганда өзүмдү мышыктай сезип кетем, тырмалап салгым келип турат, ага дегеле жакпай турганымды өзүм да билем, — канткен менен анын өзү мага жакпайт. Мартин Иден менен чогуу болгон мага жагат. Мени ушу кезге чейин эч ким сүйгөн эмес, “ушинтип” сүйгөн эмес. “Ушундай” сүйүктүү аял болгонуңду сезген сонун эмеспи. Эне, эмне деп айтайын дебатканымды түшүнөсүңбү? Өзүңдү чыныгы аялдай сезген ушунчалык жакшы экен... — Руфь бетин энесинин көкүрөгүнө ката койду. — Мен ушунчалык келесоо экенимди билип турам, бирок жок дегенде, ичимдеги сезимди ачык айтып атам.
Миссис Морз кызынын мунусуна бир чети кабатырланса, бир чети кубанып калды. Көз алдынан искусствонун бакалавры кызы жоголуп кетип, анын ордуна эми маңдайында аял — кызы отурду. Ойлогон иш ордунан чыкты. Руфтун мүнөзүндөгү түшүнүксүз жетишпегендиктин орду эми толду, болгондо да эч бир кыйынчылыгы менен опурталы жогеле толду. Олдоксон матрос өз милдетин аткарды, Руфь аны сүйбөсө деле ал анын аялдык сезимин ойготуп берди.
— Анын колдору калтырап турат, — деп атты Руфь, уяла жүзүн жаап, — күлкүң келет, бирок ага боорум ооруйт. Колдору катуу калтырап, көздөрүнөн от чачырай баштаганда мен ага насаат айтып, бардык кемчиликтерин көрсөтөм. Билем, ал мени кудайындай көрөт. Колдору менен көздөрү эч качан калп айтпайт. Мунусу мени чоң адамдай кылат, алтургай, муну ойлогондо эле ошондой сезип кетем өзүмдү. Өзүмдө кандайдыр мага гана таандык бир нерсе бар экенин түшүнө баштайм, башка кыздарга... жаш аялдарга окшоп баратканымды сезем. Билем, менин мурда башка кыздарга окшобогонум сени кабатырга салчу. Сен аны сыртыңан билдирбесең деле мен байкачумун, ошондуктан мен Мартин Иден айткандай, «мыкты» болгум келчү.
Бул эне менен кыздын алгачкы жолу ачык сыр чечишкен ыйык мүнөттөрү эле, күүгүмдөнүп келаткан кечте экөөнүн тең көздөрү нымдалышып турду; алардын бири — али күнөөгө бата элек, баладай баёо, башы ката элек Руфь болсо, экинчиси— перзентин сүйгөн, анын сырын билген жана акылын айткан энеси.
— Ал сенден төрт жаш кичүү экен, — деди энеси, — анын коомдо орду жок. Аның же бир жерде туруктуу иштебесе, маяна албаса. Абдан шалакы болсо. Эгер сени сүйсө, анда кайдагы бир аңгемелерге кызыгып, баладай кыялданбай, сага үйлөнүүгө мүмкүнчүлүк менен укук берчү нерселер туурасында ойлонушу керек. Мен аның эч качан кадыресе чоң киши боло албайт ко деп корком. Анда эркектей болуп — сенин атаңдай, мистер Бэтлердей, дегеле биздин чөйрөнүн адамдарындай турмуштан чыныгы ордун табууга умтулуу деген жок. Менимче, Мартин Иден деген эч качан акча иштеп таба албайт. Жашоо болсо ушундай жаралган, акча керек: алар жок, бактылуу болуш кыйын, — о, мен ашып-ташкан чоң байлыкты айтыбатканым жок, түзүгүрөөк жашаганга мүмкүнчүлүк берген туруктуу киреше туурасында айтып атам. Ал деги өзүнүн сезими жөнүндө айтты беле?
— Ооз да ачкан эмес. Буга аракет да кылган эмес; мен муну айттырмак да эмесмин. Анткени мен аны таптакыр сүйбөйм да.
— Буга сүйүнүп калдым. Мен, өзүмдүн кызым, менин таза кызыкейим ушуга окшогон адамды сүйүп калышын каалабас элем. Бул дүйнөдө асыл, тыкан жана таза адамдар толуп жатпайбы. Бираз күтө тур. Бир бактылуу күнү сен дал ушундай адамды жолуктурасың да сүйүп каласың, ал да сени сүйүп калат. Сен аны менен, мен атаң менен кандай бактылуу болсом, дал ошондой бактылуу болосуң. Сен бир нерсени эч качан эсиңден чыгарбашың керек...
— Эмнени, эне?
Миссис Морздун үнү акырын жана назик боло түштү:
— Балдар жөнүндө, — деди.
— Мен бул жөнүндө ойлогом, — Руфь чынын айтып, күтүлбөгөн жерден эсине келе түшкөн орунсуз кыялдардан уялып, кайра кызарып кетти.
— Мистер Иден так балдардан улам сага күйөө боло албайт, — деди миссис Морз сөзүнө терең маани бере. — Балдар таза кандын тукумун улашы керек, а Мартин андай канды бере алат дейсиңби? Атаң мага матростордун турмушу жөнүндө айтып берген эле... сен алардын жашоосун... билесиңби?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.