Жек Лондон
Мартин Иден
Руфь бушаймандана энесинин колдорун кысып-кысып жиберип, баарын билип турганын, бирок өзүн санаркаткан коркунучка толгон бүдөмүк нерселер эч бир так, белгилүү ойдун шекилине ээ боло албай атканын сезип турду.
— Сени менен сүйлөшпөй туруп эч иш кылбайм, энеке, — баштады ал, — бирок сен менден кээде ушинтип өзүң сурап турушуң керек. Бул жөнүндө сага эчак эле айткым келген эле, бирок кантип баштаарды билбей жүргөм. Мунум балким, калп эле уялганым чыгаар, бирок мага жардам берген сен үчүн энеке, оңой эле да! Сен кээде өзүн сурап, ичимдегини айтканга мага мүмкүнчүлүк түзүп беришиң керек. Сен деле аялсың го энеке! — деп жиберди күтүлбөгөн жерден Руфь апасын колдон алып, бул экөөнүн ортосундагы жаңыча, али байкала элек теңдиктин сүйүнүчү эле. — Сен бул сөздү баштабасаң, мен эч качан бул жагын ойломок эмес экенмин. Сенин да аял экениңди түшүнүш үчүн мен да адегенде өзүмдү аял катары сезишим керек да.
— Биз экөөбүз тең аялбыз, — деди апасы аны кучактап, бетинен өөп, — биз экөөбүз тең аялбыз, — кайталады апасы бөлмөдөн кучакташып чыгып бара жатып кызы экөөнүн ортосунда кайрадан жаралган жолдоштук, жакындык сезимине эреркей түшүп.
— Биздин кичинекей кызыбыз, колукту болгусу келет экен, — деди бир саат өткөндөн кийин миссис Морз күйөөсүнө салтанаттуу жарыя кылып.
— Демек, бирөөнү сүйүп калыптыр деген турасыңбы? — деди тиги аялына суроолуу тигилип.
— Жок, аны башкалар сүйүп калыптыр, — деген аялы жылмайып койду. — Экөөбүздүн тажрийба оңунан чыкты. Кызыңдын акыры аялдык сезими ойгонуптур.
— Анда Мартинди үйгө жолотпош керек, — деди мистер Морз оюн кыска, иштиктүү тон менен бүтүрүп.
Бирок аялы башын чайкады:
— Зарылдыгы жок: бир нече күндөн кийин ал деңизге чыгып кетет. Кайтып келгенде да Руфь бул жерде болбойт. Клара жеңесиникине жиберип иебиз. Бир жылча чыгышта жүрсө, башка адамдарды, башка жашоону көрсө, климатты, жагдайды алмаштырса ага абдан пайдалуу болот.
XX ГЛАВА
Мартиндин жазсам деген каалоосу кайрадан ойгонду. Аңгемелер менен ырлардын идеялары биринин артынан бири тынымсыз мээсинде жаралып жатты, жылт эте келип калган не бир ойлорду качырып жибербес үчүн аларды кагазга чиймелеп таштап коюп жатты. Кийин кереги тиет булардын. Ошенткени менен жазган жок. Мындай каникулду ал махабат менен эс алууга арнайын деди да мунусу оюндагыдай болду. Агай жашоонун кайраты кайрадан кайтты, Руфь менен жолугушкан сайын баягыдай эле кызды мыкты ден соолугу, күчү менен азгыра тарта берди.
— Абайласаңчы, — деди бир күнү апасы ага эскерткендей, — Мартин Иден менен өтө эле көп жолугушуп аткан жоксуңбу?
Бирок Руфь жооп бергендин ордуна жылмайып гана койду. Ал өзүнө ишенчү, анүстүнө Мартин бир нече күндөн кийин деңизге чыгып кетет. Ал кайтып келгенде өзү алыскы чыгышта жүргөн болот. Ошондой болсо да Мартиндин саламаттыгы менен күчүндө аны тымызын суктандырган өзгөчө бир нерсе бар эле.
Мартин Руфтун чыгышка кетем дебатканын билчү, ошондуктан шашылыш керек эле. Бирок Руфтай кызга кандайча мамиле кылуу керек экендигин билбей турду. Мурдакы бардык тажрийбасы бул абалды ого бетер оордоткону гана болбосо, пайдасы жок эле. Өзү мамилелешип жүргөн кыз-келиндер таптакыр башка боло турган. Аларда махабат, бирөөнүн артынан чуркоо жана ашык болумуш этүү жөнүндө так, ачык-айкын көз караштары бар боло турган, ал эми Руфь болсо мындайды кайдан билсин. Кыздын аруулугу, бейкүнөө баёолугу, аны жакасын карматып, сөз дареметинен ажыратып, өзүн ага татыктуу эмес деген ойго түртчү. Аны кысынткан дагы бир башка жагдай бар болчу. Өзү ушуга чейин эч бир жанга ашык болгон эмес эле. Арийне, аялдар ага жакчу, алардын кай биринин артынан да түшүп көргөн, бирок анын баары чыныгы махабаттан алда канча алыс иштер болчу. Жөн эле обу жоктонуп, кожоюндан бетер алардын кимисине болбосун ышкырып эле койсо болду, алар ошол замат багынып беришер эле. Бул ага мүнөттүк оюндай кеп эле, ар бир эле эркектананын жашоосундагы татаал оюндун бир тетиги, болгондо да экинчи орунда турган тетиги боло турган бул. Эми минтип алгачкы жолу оозунан кеби түшүп, уялып, кысынып отурганы. Сүйгөнүнүн кол тийгизип болбос аруулугунун алдында эмне деп сүйлөөрүн, кантип ымалага киришерин билбей апкаарып туру.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.