Жек Лондон
Мартин Иден
Бирок акыры бир күнү Мартин агынан жарылды. Келсе Руфь пардалары тартылган бөлмөдө башы катуу ооруп жаткан экен.
— Эмне ичсем да жардам бербей жатат, — деди ал Мартиндин чебелектеген суроолоруна жооп кайтарып. — Доктор Холл болсо порошок ичпе дейт.
— Мен сизди эч кандай дарысы жок эле айыктырам, — деди Мартин, — толук ишендире албайм, бирок кааласаңыз аракет кылып көрөйүн. Бул жөнөкөй эле укалоочу массаж. Мен муну Япониядан үйрөнгөм. Япондуктар мыкты массажчылар да. Ушунун эле өзүн, бирок анча-мынча өзгөртүүлөр менен гавайлыктардын жасашканын да көргөм. Алар бул массажды «ломи-ломи» деп аташат. Бул кээде дарыдан да жакшыраак таасир этет.
Мартиндин колу маңдайына тие электе эле Руфь онтоп жиберип мындай деди:
— Ох, жаным жыргай түштү.
Жарым саат өткөндөн кийин Руфь андан:
— Чарчаган жоксузбу? — деп сурады.
Бул суроонун артыкбаш берилип кеткенин сезип калды, себеби буга кандай жооп угарын жакшы билген. Руфь үргүлөй түшүп, анын эркине баш ийип берди. Анын манжаларынан ооруну кубалаган айыктыргыч касиеттин күчү тарап келип жаткандай сезилди кызга. Оору тимеле алып ыргыткандай басылып, Руфь көшүлө уктап калды, Мартин болсо акырын чыгып кетти.
Руфь кечинде Мартинге телефон какты.
— Кечке тимеле башка чапкандай уктаптырмын, — деди ал, — сиз мени таптаза сакайтып коюпсуз, мистер Иден, сизге кандай ыракмат айтаарымды да билбей турам.
Мартин мындай алкоого кубанганынан эмне дээрин билбей, бирдемелерди айткан болду, мээсинен болсо ашыгы Елизаветаны сакайтып алган жанагы Броунинг кетпей туруп алды. Броунинг өзүнүн сүйгөнү үчүн эмне кылса, ал, Мартин Иден деле Руфь Морз үчүн ошону кылууга даяр. Бөлмөсүнө кайра келген соң керебетке чалкасынан түшүп жатып алып, Спенсерднн «Социологиясын» окууга киришкен. Бирок башына эч нерсе кирген жок. Анын бүткүл эси-дартын сүйүү бийлеп алган эле, анан өзүнүн сыя төгүлгөн кичинекей үстөлүнө кандай келип олтурганын өзү да билбей калды. Бул кечте жазган сонети анын кийинки эки айдын ичинде жазып бүтүргөн элүү түрмөк «Сүйүү жөнүндөгү сонеталарынын» эң биринчиси болуп калды. Мартин муну улуу чыгарма жаратаарга бап келген эң сонун жагдайда — жүрөгүндө толкуп ташкан махабаттын деми менен шыктанып жазды.
Руфь менен көрүшпөй калган сааттарды ал «Сүйүү жөнүндө сонеталарына» жана китеп окуганга арнады. Үйдө же китепканада отуруп алып журналдардын ар бир санын кунт коюу менен окуп, басып чыгаруучулардын тандоо сырларын билгенге кызыкты. Руфь менен чогуу өткөргөн сааттар болсо дагы эле үмүт берип, бир жагынан белгисиздик жанын азапка салып турду. Мартин Руфту баш оорусунан айыктыргандан бир жумадан кийин Норман айлуу түндө Меррит көлүнө барып кайык менен сейилдеп келбейлиби деген сунуш киргизип калды да, Артур менен Олни муну ошол замат колдоого алышты. Кайык башкарганды Мартинден башка эч ким мыкты билбегендиктен, капитандын милдетин өзүң ал деп суранып калышты, Руфь болсо кайыктын тумшук жагына аны менен чогуу отурду. Артка отурган үчөө болсо аны-муну бакылдаша бирдемелерди талашып-тартышып киришти.
Ай али көтөрүлө элек, Руфь унчукпастан жылдыздуу асманды тиктеп отуруп, күтүлбөгөн жерден жалгызсыроону сезе түштү да Мартинди карап койду. Шамал жүрүп кайык капталына бир аз кыңая түштү, Мартин бир колу менен кайыкты бура турган румпелди, экинчи колу менен парустун жибин бекем кармады да, жээктен бери чыгып турган урчукту айланып өтүүгө аракет кылып, кайыктын багытын саал өзгөрттү. Мартин кыздын карап койгонун байкабай кайык менен алектенип кете берди, кыз болсо кайра эле ага тигилип, бул өзгөчө шыктуу жигиттин убактысын коротуп, ортозаар аңгемелер менен ырларды жазганга түрткөн түшүнүксүз каалоосу туурасында ойлонуп отурду.
Кыздын назары жылдыздардын жарыгына күңүрт шекилденип турган Мартиндин чымыр мойнунан, жарашыктуу тармал чач башынан сыдырылып отуруп, колдорун анын мойнуна артып кучактап алсам деген кайра баягы эңсөөсү козголуп кетти. Ага жагымсыз сезилген мындай каалоо ошол эле убакта азгырып да турду. Жалгызсыроо сезими күчөгөн Руфь чарчоону сезе баштады. Кайыктын кылтылдап термелгени анын итиркейин келтирип атты, эсине баягыда башынын ооруганы Мартиндин колу тиери менен айыгып кеткени түштү. Мына ал өзүнө жанаша отурат, кайык да кыңая түшүп, аны Мартинге түртүп жаткандай эле. Күтүлбөгөн жерден Руфь анын кең көкүрөгүнө башын жөлөп, таяныч издегиси келип кетти, бул оюн өзү баамдаганча болбой эле каалоосуна багынып, ага башын жөлөп жиберди. Мүмкүн бул кайыктын термелишинен болгондур? Руфь муну биле алган жок. Ошол бойдон билбей калды. Ал өзүнүн Мартинге ыктай түшкөнүн, эми көңүлү жайлана, мемирей түшкөнүн билди. Буга кайыктын чайпалганы күнөөкөр болгон күндө деле Руфь Мартинден бөлүнгүсү келбей турду. Алтургай, Мартин ага ыңгайлуу болсун деп оңдонуп отурганда да кыз ага ыктаган калыбынан жазган жок.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.