Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Сен эмнеге кетибатсаң, мен да ошончүн кетем.

— Мен деңизге чыгып кетем, сен кайда бармак элең.

— Туура, — деди Джо, — бирок мен кайырчы болом. Өлө сонун да бул.

Мартин бир мүнөттөй ага тигиле карап турду анан мындай деп жиберди:

Энесин урайын, туура айтасың! Жүк арткан мал болгондон көрө кайырчы болгон артык. Жок дегенде, анча-мынча болсо да жашайсың. Сенде ушуга чейин деги кишидей жашоо болду беле.

Болгон, — Джо аны түзөтүп койду. — Бир жолу ооруканага жаткам.

Мартин телеграмманын текстин өзгөрткүчө, Джо мындай деди:

—Ооруканада жатканда таптакыр ичким келген эмес. Укмуш ия? Ал эми жума бою аттай иштейсиң, анан ичпей коёсуңбу? Ашпозчулардын аракты суудай ичкенин... наабайчылар деле алардан кем калышпасын элдин баары билет... Жумуш ушундай болубатса эмне кыласың анан. Токто! Телеграмманын жарым акысын мен төлөйм.

Макул, эсептешебиз, — деди Мартин.

— Эй, баарыңар бери келгиле, мен сыйлайм! — кыйкырды Джо үстөлгө акчасын чачып таштап.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Джонун тынчы кетип, толкунданып турду. Башынын сынып турганына да көңүл бурбай, ишти карап да койгон жок. Ал терезеден сырттагы күн нуруна, жашыл бак-дарактарга суктана тигилип отурганча бир канча убакыт өтүп кетти.

— Карачы, — деп кыйкырды анан. — Мунун баары меники эмеспи. Бул эркиндик да! Эгер кааласам, мен бул көк-жашыл бак-дарактын көлөкөсүндө миң жылга чейин уктасам да өзүм билем. Жүрү, Март. Бардыгына түкүрдүк. Маа десе, калганы камыран калсын! Эмнени күтөбүз! Алдыда бекерпостуктун өлкөсү жатат, мен ошол жакка белет алам, бирок кайра баспайм.

Бир нече мүнөт өткөндөн кийин Джо кир жуугуч машинени кир кийимдер менен толтуруп жатып, конок үйүнүн ээсинин белги салып койгон кир көйнөгүн көрө койду. Азыр эле төбөсүнө кулап түшкөн эркиндикке жетине албай, колундагы көйнөктү жерге бир чаап, буту менен тебелеп кирди.

Энеңди урайын, бу сенин көйнөгүң эмес эле, башың болуп калса кана, семиз чочко! — деп кыйкырды Джо. — Ме сага! Ал! Ме! Ме сага! Эр болсоң мени бирөөң азыр токтотуп көрчү. Көрсүнчү!...

Мартин күлүп, аны акылына келтиргенге аракет кылды. Шейшемби күнү кечинде эки жаңы кызматчы келип, Мартин менен Джо жуманын акырына чейин аларды бардык эреже тартипке үйрөтүү менен алек болушту.

Джо насаат гана айтып, колун суук сууга уруп койбоду.  

— Урдум! — деди ал. — Эми колумдун учун дагы кыбыратып койбойм. Мейли мени мөөнөтүнөн мурда айдаса айдап чыксын, баары бир эч нерсе кылбайм. Мен иштеп бүттүм. Мындан ары жүк арткан вагондорго түшүп алып жүрө берем, бактын көлөкөсүндө каалашымча уктайм. Эй, силер! Ишмерлер! Аябай аракеттенгиле! Териңерди агызгыла! Шайтан баскырлар, кара териңерди төгө бергиле! Ал эми! Силер да так мага окшоп баспай калганда мендей чирип бүтөсүңөр, баары бир эмеспи? Ия? Чыныңарды айткылачы, баары бир эмеспи акыры, ия?

Алар ишемби күнү мекеме менен эсептешип, экөө жолдун айрылышына чейин чогуу келишти.

— Албетте сен мага кошулбайсың да, буга сени үгүттөөнүн да кереги жок, — деди Джо, үмүтү үзүлгөндөй түр менен.

Мартин башын чайкады. Ал велесептке отурсам деп камданып калган. Экөө бирин бири кыялбай, коштошуп кол алышып турганда Джо мындай деди:

— Март, бул жарыкта экөөбүз дагы көрүшөбүз. Мен буга ишенем. Кош эми, Март, жолуң ачылсын, бактылуу бол, жигитим. Сени, ишенсең, абдан жакшы көрөм. Абдан!

Джо Мартиндин карааны бурулуштан көрүнбөй калганча жолдун ортосунда артынан муңая карап узатып кала берди.

— Кайран жигит, — деди ал күңк этип, — жигиттин гүлү эле да.

Андан кийин ал, бир таман жол менен илкий-калкый кадам шилтеп, жүк ташуучу поездди күтүшүп, эңкейиште жатышкан беш-алты сел-саяктардын сол жагындагы кичинекей көлчүкчөнү көздөй бет алды.

 

XIX ГЛАВА

Руфь үй-бүлөсү менен чогуу Оклендге кайтып келген соң Мартин аны менен кайрадан жолугуша баштады. Руфь окумуштуулук наамын алгандан кийин, андан ары окуганын токтотуп койду, Мартин болсо, бардык күчүн оор эмгекке жумшап, жазганын унутуп калган эле. Бул аларга бат-баттан көрүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, алар жакындашып да кетишти.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.