Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Эми күтүп турайын, — деди Мартин кабагын ачпай, — ылдамыраак алып жиберели.

Джо көп суратпай экөө чогуу тартып жиберишти.

Жетер жериңе акыры жеткиришкен экен э? — деди Джо.

Бирок Мартин бул теманы талкуулагысы келген жок.

Бул иш эмес эле бир тозок деп айтпадым беле сага, — Джо сөзүн улап. — Чынын айтсам, мага сенин артка сийгениң жакпай турат, Март. Э, койчу, энесин урайын калжырак кепти! Келе, алып жиберели.

Мартин унчукпастан шыпкап ичип, улам жаңы шишелерди алып келдире берди, анын мындай марттыгы баарынан да кебетеси кызга окшош, көгүлтүр көз, чачын тең бөлүп жалпайта тараган, ушул эле айылдын жигити — барменге өлө жакты.  

— Адамдарды минтип эшектей кылып эзип иштетүү — жеткен чочкочулук, — деди Джо. — Эгерде мен ичпесем, анда бар го, бул мекемени кудай урсун, эчак эле өрттөп иймекмин. Алардын бактысына мен ичип калганымды карачы, эй.

Бирок Мартин эч нерсе деп жооп кайтарган жок. Дагы бир эки ыстыкан соккондон соң башы эңги-деңги боло түштү да, ичимдик мээсине тепти. Ох! мына ушул бир нече жумадан бери ал жашоонун демин кайрадан сезип турду. Желбиреген кыялдары кайра жанды. Алар жанагы тумчуккан караңгы жерден атып чыгып, кайрадан бийикке көкөлөп учту. Элестөөсүнүн экраны кайрадан жарык кумүш түспөлдөнө жанып чыкты, бирин бири кубалашкан жаркын элестер кайрадан көз алдынан чубурду. Нурдуу, керемет кооз нерселер аны колдон жетелеп, мээсин кайрадан ээлеп алышты. Ал мунун баарын Джого түшүндүрөйүн деди эле, бирок ал бакылдап өзүнүн армандагандарын айтып кирди — Джо эптеп жан бакканын токтотуп, өзү чоң кир жуугучкананын кожоюну болсом деп эңсеп жүрүптүр.

— Ушундай Март, бирок мен жаш балдарды эч качан ишке салбайм, буга бөркүңдөй ишене бер. Кандай кыйынчылык болсо да аларды иштетпейм. Кечки саат алтыдан кийин кир жуугучканада тирүү жан калбайт. Уктуңбу? Машинелер да, адамдар да көп болот, иш өз убактысында бүтөт. Сени болсо өзүмө жардамчы кылып алам. Менин планым ушундай. Ичкиликти таштайм да анан акча чогултуп туруп, эки жылдан кийин...

Бирок Джонун планын жанында отурган айылдык балага таштап коюп, Мартин уккан да жок. Джо оюн акырына чейин айтып бүтүргөнчө кыштактык баланы шарапканага жаңы эле кирип келген жергиликтүү эки фермер чакырып калды. Мартин падышаныкындай жоомарттык менен ашарапканадагылардын түгөл баарын — эки-үч бир мандикер кедейди, багбандын жардамчысы менен конок үйүнүн атбагарын, эмелеки айылдык жигитти, анан кирген чыкканды көлөкөдөй ээрчип, шарапканадан кете албай айланчыктаган кайырчыны кошо сыйлады.

 

XVIII ГЛАВА

Джо дүйшөмбү күнү эртең менен сөгүнүп сагынып алып, кир кийимдердин бир таңгагын машинага ыргытты.

— Ошондуктан айтып атканым да...— деп баштады эле. — Койчу! — деди араң турган Мартин ага зиркилдеп.

— Кечирип кой, Джо, — деди кийин Мартин, экөө тамакка отурганда.

Джонун көзүнө жаш тегерене түштү.

Эч нерсе эмес, байкеси, — деди ал, — өзүбүз ит турмушта жашасак, анан кээде ушинтип карманалбай кетесиң да. Бирок мен сени башынан эле эмнегедир бөтөнчө жакшы көрөм. Кудай урсун. Ошондуктан кээде капаланып да кетем. Мен сага абдан көнө түшүпмүн.  

Мартин анын колун бекем кысып койду.

— Баарына түкүрүп салалычы, — сунуш кылды Джо, — жүр, энесин урайын, селсаяк болуп кетели. Мен эч качан минтип көргөн эмесмин, бирок бул абдан жагымдуу болсо керек. Ойлоп көрчү: эчтеке кылбаган кандай сонун! Мен бир жолу келте менен ооруп, ооруканада оонап жаткан элем, муну эстегендин өзү жагымдуу, энең. Кайра бир ооруп калсам кана эми.

Жумалар өтүп жатты. Мейманканадан конок үзүлбөй, жуула турган жука ич кийим да көбөйгөндөн көбөйдү. Алар баарына бардаш уруп, электрдин жарыгында түн оогонго дейре иштеп атышты, тамактын убактысын да кыскартып, ишти таң заардан тура калып баштап жатышты. Мартиндин баягыдай муздак сууга жууганга да убактысы калбай калды. Джо болсо убакытты билгичтик менен пайдаланып, бир мүнөттү да текке кетирбейт, убакытты сараң пулун эсептегендей секундасынан өйдө эсептеп, аянбай, өзүн өзү унутуп,  машинедей иштеп атты, аны менен тыгыз байланышта бир кезде Мартин Иден деп аташкан адам — экинчи тирүү машине иштеп жатты.  

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.