Жек Лондон
Мартин Иден
Түштөн кийин кайрадан окууга киришти эле, бирок тез эле гезитти жазданган бойдон кайрадан уктап калды.
Жекшемби күн ушундайча өттү, ал эми дүйшөмбү күнү эртеңден баштап, Мартин кайра кир ич кийимдерди иргей баштады. Джо болсо, башын сүлгү менен таңып алып, ашата сөгүнүп самындан чылап, кир жуугуч машинени жүргүздү.
— Меники ушу, башка аргам жок, — деди ал, — ишемби күн келери менен эле ичким келип турат.
Тынымсыз оор эмгектенген дагы бир жума өттү, жума бою алар чакыйган электр жарыгында түнкүсүн иштешти. Ишемби күнү саат туура үчтө иш токтоору менен Джо зарыгып күткөн дем алышын алып, кайгысын унутуу үчүн кыштакка жөнөп кетти. Мартин бул жекшембини да, өткөн жекшембидей эле өткөрдү. Бактын көлөкөсүндө жатып алып, колундагы гезитти окуган киши болуп кечке дейре эч нерсе кылбай, эч нерсени ойлонбостон сулк жата берди. Аябай чарчагандыктан, ойлоого мээси да иштебей, өзүнүн мындай кебетесин жек көрө баштады. Анын көкөлөгөн кыялдары төмөн чөгүп, атак-даңкка болгон көксөөсү мокоп, кайраты азайгандыктан, баягыдай умтулууну сезбей да калды. Ал азыр тирүүнүн өлүгү болчу. Дем алып атканы менен жаны өлүү эле. Жумушка чегерилген бир малдай эле. Баштагыдай жашыл жалбырактарды көзөп жылоолончу күндүн шооласынын кооздугун сезбей, ай-ааламдын чексиз көк-жашыл түсү да баягыдай өрөпкүтпөй калды, өзү сырларын билүүгө дилгирленген, табышмак сыры толтура космос жөнүндө ойлоого да шайы жок болчу. Турмуш ага кунарсыз, супсак көрүнүп, оозунда анын ачкыл даамы гана калды. Анын элестеринин экраны кара парда менен жабылып, кыялдары болсо күн нуру жетпеген тым караңгы бурчка камалгандай сезилди.
Мартин эми утуру ишемби сайын кыштакка каттап, аракка өлө тоюп, ылжып мас боло келерки оор жуманын кайгысын басаңдатып келчү Джого суктана баштады.
Бул жерде иштегенине үчүнчү жума болуп баратты. Мартин өзүн өзү жектеп, жашоосуна наалат айтып жатты. Санаасын жеңилүү жөнүндөгү ой кара булуттай басты да калды. Аңгемелерин жараксыз деп четке каккан редакторлордуку чынында туура экен. Буга азыр ачык түшүнүп, кечеки эле дымагына, желбиреген кыялдарына кайра өзү күлдү. Так ушул кезде Руфь «Деңиз ырларын» почто аркылуу өзүнө салып жиберген экен. Кыздын катын көңүлсүз окуп чыкты. Руфь кыязы, анын ырларына суктанганын билдирем деп абдан аракеттенген окшойт. Ал эч качан калп айтканды билчү эмес, чындыкты жашыруу да ага кыйын эле. Ырларынын жакпай калганы Руфтун жазган катынын ар бир сабынан даана сезилип турат. Бул туптуура деди ал, жазган ырларын кайрадан окуп чыгып, кооздукка болгон сезими таптакыр мокоп калгандыктан, буларды жазганга эмне мажбурлаганын эч бир түшүнө албай турду. Мыкты чыккан деген сөздөрү жана сөз тизмектери эми күлкүсүн келтирип, салыштыруулары абдан эле обу жок жана шумдуктуудай көрүндү. Азыр эле тура калып, «Деңиз ырларын» жан дили менен өрттөп салмак эле, бирок кагазды өрттөш үчүн машина бөлүмүнө барып, анан от жагыш керек эле, буга алы келген жок. Анткени болгон күчү чоочун адамдардын кир кийимдерин жууганга короп, өзүнүн жеке иштерин жасаганга шайы калган эмес болчу.
Мартин жекшемби күнү эптеп чыгынып, Руфка кат жазып жиберүүнү чечти. Бирок ишемби күнү кечинде ал жумуш аяктап, мончого түшүп келген соң көр түйшүктүн баарын унуткусу келип туруп алды. «Барып көрөйүнчү, Джо кантип көңүл ачып атты экен», — деди ал өзүнө өзү жана ошол замат өзүн алдап жатканын сезди, бирок бул жөнүндө ойлогонго анын кайраты жетпей турду, — жетишкен күндө деле өзүнүн алдамчылыгын билдирмек эмес, анткени көңүл ачуу баарынан жогору болуп турду ушу тапта. Ал шашпай басып, кыштакты көздөй бет алды бирок пийваканага жакындаганда кадамы өзүнөн өзү ылдамдап кеткендей болду.
— Мен сени суудан башканы ичпейт ко деп ойлодум эле! — деген Джо досу аны барбалаңдап тосуп алды.
Мартин анын сөзүнө жооп кайтарбай туруп, бир бөтөлкө кызыл вино алды да, өзүнө бир ыстыкан толтура куюп туруп, бөтөлкөнү Джого сунду.
— Кана, ал эртерек, — деди Мартин корс этип.
Джо буйдала түштү, Мартин ага карабай колундагы ыстыканды тарс согуп ийип, шалдырата кайра экинчисин куйду.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.