Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Жума күнү эртең менен алар кир жуугуч машинени ишке киргизишти. Конок үйүнүн тасмалдарын, сүлгү жана жаздык кап сыяктуу кирлерин жумасына эки жолу жууганга туура келчү. Булардын баарын жууп бүткөндөн кийин гана ич кийимдерге өтүшчү. Бул машакаты арбын, бат эле адамдын эсин оодарып салчу түйшүгү көп, анан да колду кармаган иш эле. Аткарганда да бул ишти абдан кылдаттык менен жасаш керек, ушуга байланыштуу Мартиндин иши жай бүтүп жатты; бир эле жаңышылса иши текке кетерин ойлоп да санаасы тынчыбады.

— Момуну көрдүңбү? — деди Джо бүктөп туруп алаканыңа катсаң батып кетчүдөй аялдын үлбүрөгөн жука жибек эмчек кабын көрсөтүп. — Күйгүзүп алсаң, сенден жыйырма долларды ошол замат кемитип коёт.

Кудай жалгап Мартин алардын бирин да күйгүзгөн жок. Ал мээси чыңалганы менен булчуңдарын эркинирек таштап, болгон ынтаасын коё абдан этияттык менен үтүктөгөндү билчү. Азыр да Джонун өздөрү жуубаган соң мындай жука ич кийимдерди кийген аялдарды ашата сөгүп атканын тыңшап коюп, ичинен туура айтыбатат деп иштей берди. Экөөнүн далай убактысын уурдаган мына ушул үлпүлдөгөн жука ич кийимдер эле да. Керели кечке алпурушуп атып, акыры бүтүштү кечки саат жетиде ишти токтотушту. Эми шейшептерди, тасмалдарды жана сүлгүлөрдү үтүктөш керек болду. Эл жаткан түнкү саат ондон тарта экөө кайрадан ич кийимдерге киришти, аларды жууп, үтүктөп даярдап койгончо саат түнкү эки жарымдан ары чаап кетти.

Ишемби күнү да эртең менен дагы толтура ич кийим, башка майда-чүйда кирлер келди, ошентип алпурушуп атып бир жумалык иш күндүзгү саат туура үчтө аяктады.

— Бу ирет Оклендге барбай эле коет окшойсуң? — сурады Джо, экөө тепкичке келип эс алып олтуруп тамеки тартып атканда.

— Барышым керек.

— Эмнегеле аякка чуркап турасың ия? Кызга барасыңбы же?

—Жок, мен китепканага барып китеп алам. Эки жарым долларды үнөмдөш үчүн поюзга түшпөй, велесепет менен эле барып атам.

— Китебиңди почто менен эле жибербейсиңби? Көп болсо жыйырма доллар кетер.

Мартин ойлоно түштү.

— Сен эртең андан көрө жакшылап эс ал, — деди сөзүн улантып Джо. — Сөзсүз эс алышың керек. Баспай каласың. Мен өзүмдөн улам айтып жатам. Бачагым чыгып кетиптир.

Бул көрүнүп турду. Секунда менен мүнөттөрдү кыскартсам деген, тыным албай иштеп, жетер чегине жеткен адамдан жасалган мотор Джо бир жумалык ишин аяктап, тырп этерге дарманы жок шалдайып отурган кейпи эле бул. Кыйналып алы кеткени ушунчалык, кабагы кара булуттай түнөрүп, иреңи күлдөй бопбоз. Тамекини чыласына чейин соруп, үнү да каргылданып чыкпай калыптыр. Бул адамда азыр баягыдай шайдооттук, кайрат жок эле, жадагалса, аны алдыда турган эс алуу да кубандырбай турду.  

— Дүйшөмбүдөн баштап дагы кайра башынан түшөбүз, ээ — зирк этип алды Джо жерге чыйт түкүрө, — мунун баарынын эмне кереги бар деги? Ия? Мен кээде кайырчыларга ушунчалык суктанып кетем, энең. Эй, буларың иштебесе деле күн көрүп атышпайбы. Ох, энең, азыр бир крүшкө муздак пива болсо, сонун бомок эмес беле, бирок энең, пива ичиш үчүн кыштакка барыш керек да. А сен келесоо болбо, андан көрө китептериңди почтого салдырып ал да  өзүң биерде калып эс ал.

— Биерде калганда кечке эмне кылам? — деди Мартин.

—Эс аласың. Өзүңдүн канчалык чарчаганыңды сен билбейт окшойсуң. Мен болсом жекшембиге чейин тимеле тырп этерге алым калбайт. Гезит караганга да чамам болбой калат. Бир жолу келте менен ооруган элем. Ооруканада эки жарым ай жаттым — бирок бир жолу кыбыр этип да койгон жокмун. Жыргадым эле атаңгөрү, ошондо бир!

— Ооба, сонун болгон эле! — кайталап койду ал кыялдана түшүп.

Мартин мончого түшкөнү кетип, кайра келсе, Джо жок. Пийва ичкени кеткен го деп ойлоп, бирок аны издеп кыштакка барууга көңүлү чаппады. Бөлмөсүнө келип, керебетке бутун чечпестен кыйшайды да, түркүн ойго батып кетти. Китепти баягы бойдон ачкан жок. Тимеле эзилип калган экен, кечки тамактын мезгилине чейин үнсүз-сөзсүз, чала жан кишидей сулап жатты. Джодон дагы эле дайын жок. Багбанчыдан сураса, аның арак ичкен жеринен чыга албай отургандыр деди. Кечки тамакты ичип келип эле кулаган бойдон терең уйкуга кетти, эртеси күнү эртең менен өзүн толук эс алгандай сезип, уйкусунан ойгонсо Джо дагы эле келбептир. Гезиттин жекшембилик санын алды да бактын астында окуп отурду. Гезитке кызыгып күн шашкеден кандай өткөнүн да билбей калыптыр. Ага эч ким жолтоо кылган жок, көзү талып уктап да кетпеди, бирок ошондой болсо да, гезитти акыр аягына чейин окуй албады.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.