Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Алар тыным албай иштеп атышты. Джо эч бир токтобой, күтпөй жана бир да ишти кийинкиге калтырбай, бирин бүтүрөр замат экинчисин шып эле колго ала коюп жатты. Ошентип атып эки жүз ак көйнөктү крахмалдашты. Аларды крахмалдап жатып, сол колдору менен көйнөктүн жакасын, боорун жана жеңдерин ысык сууга матырып, оң колдору менен крахмалга тийгизбес үчүн көйнөктүн башка бөлүктөрүн кармап турушат. Суунун ысыктыгынан алар колдорун улам муздак сууга малып алып жатышты. Бул күнү алар аялдардын бүйүрмөлүү ич кийимдерин крахмалдап түнкү он жарымга чейин иштешти.

— Тропикаларда да мындан жеңилирек, — дейт Мартин күлүп.

— Бирок мен үчүн эмес, — деди олуттуу Джо, — мындан башка кесип колуман келбейт.

— Бирок муну укмуш өздөштүрүп алыпсың го.

— Ананчы, мен он бир жашыманан тарта Окленде иштеп баштадым. Буу баскычта да тургам. Ошондон бери он сегиз жыл өттү, бирок мен башка бир да иш кылган эмесмин. А бирок мынабул жердеги сүргүндөгүдөй оор жумушту эч жерден көрбөдүм. Мында кеминде үч киши иштөөгө тийиш. Эртең түнкүсүн дагы иштейт окшойбуз. Шаршемби күндөрү дайыма түнкүсүн иштөөгө туура келет, анткени жакалар менен жеңдер күргүштөп келчү күндөр ушулар.

Бөлмөгө келери менен Мартин будильниктин коңгуроосун коюп, үстөлгө отурду да Фискти ачты. Бирок ал китептин бир да бетин окуй алган жок. Саптар көз алдынан бийлеп, башы шылкылдап, үргүлөп олтурду. Уйкуну качырайын деп тура калып ары-бери басты, колдору менен башын чапкылап да көрдү, бирок уйкунун азгырыгы ушунчалык күч эле, анысынан эч майнап чыккан жок. Анан китепти алдына такап коюп алып да, жаагын таяна окууга аракеттенди, бирок ошол замат көзүн жумбаган бойдон уктап кетти.

Чарчоо менен күрөшкөнгө такыр алы келбей койгон соң эмне кылыбатканын өзү да жакшы сезбей, кийимдерин чечинген болду да, керебетине учуп түштү. Ошо жаткан бойдон жети саат бою бут серппей уктады да, сааттын шыңгыраган үнүнөн чочуп ойгонуп, уйкусунун дагы эле канбай калгандыгын сезди.

— Көп окудуңбу? — деп сурады андан Джо.

Мартин жок дегендей башын тескери чайкады.

— Эч нерсе эмес! — деди Джо анын көңүлүн улай. — Биз бүгүн түнү таң атканча иштеп коёбуз, эртең болсо саат кечки алтыда бүтөбүз. Ошондо сенин окуганга убактың кокодон болот.

Мартин бу күнү самын эритилген чоң тепшиге жүндөн жасалган буюмдарды салып чайкады, бул жумуш да Джо өзү мактангандай, ыңгайлаштырып жасап алган жабдыктын жардамы менен жүргүзүлө турган.

— Менин ойлоп тапканым, -деди Джо. — Валекту алмаштырат, анан да жумасына жок дегенде он беш мүнөттү үнөмдөйт! Мындай тозоктун ичинде ар бир мүнөт эмне турарын билесиңби!

Жең менен жакаларды баса турган темир аспап да анын ойлоп чыгарган аспабы болчу.  Джо аны мындай деп түшүндүрдү.

— Башка кир жуугучканаларда али мындайды ойлоп табыша элек. Мен мунун жардамы менен ишемби күнү жумушту саат үчтө аяктоо мүмкүнчүлүгүнө жетиштим. Болгону муну билгичтик менен гана пайдалануу керек. Бул үчүн бөтөнчө температура, өзгөчө басым талап кылат — кийимдерди үч жолу басыш керек. Мынакей, карачы.

Ал көйнөктүн жең учун басып көрсөттү.

— Колго минтип басалбайсың, туурабы?

Бейшемби күнү ишке келгенде Джону ачууландырып, жинин кайнаткан нерсе: крахмалдуу жука ич кийимдердин нормадан тышкары өзүнчө дагы бир чоң таңгагы келип калган экен.

— Түү, энеңди урайындыкы! — кыйкырып жиберди ал, — урдум баарын! Ишин да урдум! Мен энең, жума бою тыным албай эшектей иштегеним деле жетишет, эптеп бош убакыт болобу деп жанталашсаң, муну карабайсыңбы — дагы очойтуп таштап кеткен турбайбы! Мен эркин өлкөдө жашаган адаммын энең, коё тур, жанагы бок курсактын бетине эле айтам ит экенсиң деп! Французча сүйлөп да башымды оорутпайм аны менен, кудая шүгүр ага айта турган сонун сөздөр Кошмо  Штаттардын тилинен да табылат. Бир таңгакты нормадан ашык мында уруп жиберген тура! Акмак, энеңди урайын, киши эмес турбайбы!

— Эми дагы түнү менен иштешке туура келет, — деди ал эми эле буркан-шаркан түшкөнүн унутуп.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.