Жек Лондон
Мартин Иден
Пароходдогу жүргүнчүлөр эки күндөн кийин деңиз оорусунан арылып, керээли кечке салондорго, палубага батпай жайнап кетишти. Мартин аларга канчалык көп көңүл бурган сайын, алар ошончолук туталанчу болду. Бирок бул кылганы туура эмес экенин өзү деле түшүнүп турду. Бул адамдардын баары өтө сүйкүмдүү, кең пейил экенин мойнуна албай коё алган жок, ошондой болсо да аларды ичинен жектеп турду, анткени буржуазия бүт эле руханий жактан өксүк жана интеллектуалдык жактан көңдөй эмеспи. Бул адамдар менен сүйлөшкөндөн Мартиндин итиркейи келип жатты, анткени алардын келесоолугу менен дөдөйлүгүндө чек жок эле. Жаштардын гүрү-гүү түшкөн куунак үндөрү да тажатып, кыжырына тийип турду. Аларың бир орунда тура алабы, пароходдун тиги учуна бир, бул учуна бир чуркап, бирде ылдый, бирде палубага чыга калып атышты. Бир туруп ызы-чуу түшө дельфиндерге суктанышса, бир туруп, канаттуу балыктардын үйүрлөрүнө кыйкырык сүрөөн менен кол булгалап атышты.
Мартин болсо көбүрөөк уктоого аракет кылат. Эртең мененки тамактан кийин ал улам окуп акырына такыр чыга албай койгон журналын кайра колуна алды да, чалкалама отургучка келип, жайланыша жатып алды. Бирок басма тамгалар көздөрүн бат эле талытып жиберип атты. Ал эмне жазганды адамдар кантип табарына таң калат, ошентип атып, кайра үргүлөп, уйкуга кирип кетет. Убакыт түшкү тамакка жакындаганда, элди ланчка чакырган таңкылдактан ойгонуп кетет да, уйкусун бузулганга жини келет, бирок туруп барып тамак ичиш керек.
Бир жолу Мартин уйку баскан сенектикти азга болсо да кубалаш үчүн матростордун кубригине түштү. Бирок матростор да өзү бир кезде матрос болуп жүргөн кездерден бери өзгөрүп кетишкен окшойт. Ошондуктан бул маңыроо, кабагы ачылбаган мал өңдөнгөн адамдар менен баягыдай аралашып, ымалалашып кете албады. Андан ары эмне кыларын билбей аргасы таптакыр куруп турду. Өйдө жакта Мартиндин эч кимге кереги жок болчу, өзү бир кезде жакшы көргөн кадырман чөйрөсүнө да келип аралаша алган жок. Ага эми бул адамдардын эч кереги жок болчу. Анткени булар деле аны биринчи класстагы көк мээ жүргүнчүлөр сыяктуу итиркейин келтирип турду!
Жашоо Мартин Иден үчүн көзү оору адам жарыкка чыдай албагандай эле запкылуу эле. Көз алдында түркүн түс болуп жылоолонуп, кубулуп турган жашоо анын жанын ого бетер кыйнап, оорутуп турду. Бул жан чыдагыс оору эле.
Мартиндин бул өмүрүндө биринчи жолу биринчи класстагы пароходко түшүп саякатташы эле. Мындай пароходдорго мурда деле далай түшкөн, бирок агезде Мартин кароолдо турчу, же анын от жаккан тээ терең түпкүрүндөгү мештин оозунда кара тер агыза от жагуу менен алек боло турган. Ошондо люктан башын чыгарып алып, жеңил кийинип алышып палубада жайбаракат аңгемелешип, каткырышып, ары-бери басып жүргөн жүргүнчүлөргө карап тура берчү. Палубанын үстүнөн кере тартылган чатыр аларды шамалдан, күндөн калкалап тураар эле, кенедей эле каалоосу пайда боло калса, элпек стюарддар дароо чуркап келе калышып, ошол замат орундатышаар эле. Мунун баары аба жетпеген үп чуңкурдан чыга калган ага бейиштей бир укмуш көрүнчү. Эми болсо өзү ардактуу конок катары капитандын оң жагында отуру, элдин баары ага суктанып, аңкая карап турушат, ал болсо эзелки от жаккан меш менен жатчу кубригин эстеп кусаланып отурганы. Издегени менен ал жаңы бейиш тапкан жок, эски бейиши болсо кайра келгис болуп биротоло жоголгон эле.
Эптеп убакыт өткөрүш үчүн Мартин пароходдун кызматкерлери менен аңгемелешүүгө аракеттенди. Интеллигенттүү, жылдыздуу жигит механиктин жардамчысы менен сүйлөшө кетсе, ал ошол замат социалисттик үгүт жүргүзүп кирбеспи, алтургай, үгүт ырлар менен баракчаларды чөнтөгүнө шыкап да салды. Мартин анын кулдук моралды колдогон жүйөлөрүн көңүлкош угуп отурду да, өзүнүн ницшеандык философиясын эстеди. Эми мунун баарынын кимге кереги бар? Ал Ницшенин акылга сыйбаган жоболорунун бирин эстеп кетти, анда болгон нерсенин баары шектүү, жадагалса, чындыктын өзү да шек жаратат деп айтылган болучу. Эмне экен, балким, Ницшеники туура чыгар! Мүмкүн, чындык деген түшүнүктүн өзү болбогон кеп чыгаар. Бирок мээси бат эле чарчай түштү, батыраак креслосуна жетип, үргүлөп отурганды самап кетти.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.