Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Пароходдогу жашоосу канчалык жанын кыйнаганы менен аны алдыда дагы далай түйшүк күтүп турган. Пароход Таитиге жеткенде эмне болот эми? Канчалык машакат, канчалык күч-кайратты талап кылган иш башталат! Буюмдардын камын көрүп, Маркиз аралдарына кете турган шхунаны издеп табышы керек, андан башка да түмөн түркүн зарыл, тажатма иштерди кылышы керек болот. Муну ойлогон сайын улам тооруп, кысмактап келаткан коркунучту даана сезип, түшүнүп жатты. Ал эчак көлөкөлөр гана кубаңдаган өлүм Өрөөнүндө эле, андан да жаманы, анда коркуу деген сезим ныпым болгон жок. Кичине эле жүрөгү түшсө балким, жашоого кайтмакпы, бирок ал эч кандай коркунучту дегеле сезбегендиктен, көөдөй караңгылыкка барган сайын терең чөмүлүп бара жатты. Эми жарык жашоодо аны кубандырган эч нерсе калбады. Жадагалса, бир кезде өзү жанындай көргөн нерселерге деле кайдыгер карап калды. Ана, «Марипозаны» утурлай бет алдынан түндүк-чыгыштын жылуу шамалы сокту, бирок өзүнө эзелтен тааныш, бир кезде аны шарап ичкендей мас кылып жиберчү бул шамал эми кыжырын гана келтирип турду. Ал өткөн күндөрдөгү жакшы көргөн шамал досунун капылеттен желп эте жетип келген мээриминен качып, креслосун башка жакты көздөй жылдырып алды.

Бул го бул, «Марипоза» тропикалык жайларга жеткенде Мартин жанын коёрго жер таппай такыр куурады. Эми уйку деген да анда жок эле. Ал уктай берип тажап, жамбашы талыгандыктан, эми сыртка чыгып, палубадан ар бери темселеп басып, көз уялтып жаркыраган тирүүлүктөн кыйнала бергенге аргасыз эле. Унучукпай тынымсыз бирде алдыга, бирде артка баса берди. Айлана өтө үп жана нымдуу болгондуктан, утуру шатырата куюп кетип турган жаандар деле абаны оңдуу тазарта албай жатты. Мартин жашоодон кыйналып, тажап турду. Кээде алсырай түшүп, креслосуна жата кетет, азыраак эс алган болот да, кайра туруп басыгын улантат. Колундагы журналды акыры аягына дейре окуп чыкты да, китепканадан бир нече ыр жыйнактарын алды. Окуюн деди эле, көңүлүн бир жерге топтой албай, кайра эле каршы-териш басып, серүүндөгөнгө кирди.

Кечинде Мартин каютасына элдин эң арты болуп кирди, түн бир оокум болуп калса да таптакыр уктай албай койду. Жашоодон эс алдыра турган жалгыз каражат да акыры келип иштебей калды. Бул чекке жеткендик эле! Ал жарыкты күйгүзүп, китепти колуна алды. Ал Суинберндин ырлар жыйнагы эле, Мартин беттерин барактап карап атып, күтүлбөгөн жерден кызыгып окуп атканын сезди.  Бир ырды окуп чыгып, экинчисине өтөйүн деп барып, эмнегедир кайра жанагы ырга кайрылды. Ошентип акыры китеп колунан шыпырылып, көкүрөгүнө түшкөндө, ойлонуп калды. Ооба! Так өзү! Ошо издегени! Кызыгы, бул туурасында буга чейин түк ойлонбогон экен. Бадык маселенин ачкычы бул жерде турбайбы, ал өзү билбей, сезбей, ушу  жол менен келаткан тура, эми Суинберн ага эң жакшы жолду көрсөтүп турду. Эңсеп келген тынчылык аны так ушул жерден күтүп турган экен. Ал башын көтөрө коюп, иллюминаторго карады. Ооба, ал жетишерлик кенен эле.

Качантан бери кыйналып келген жүрөгү биринчи жолу сүйүнүчтөн түрсүлдөп чыкты. Айыккыс дартына эм боло турган дарыны акыры тапты! Китепти кайрадан колуна алып, үн чыгара бул саптарды окуду:

 

Чарчадык чексиз үмүттөн, 

Тойлордо ойноп күлүштөн. 

Билбедик коркуу, самоону — 

Теңирге баш ий, билип сен... 

О, жүрөгү сен адамдын, 

Түбөлүксүз жаралдың... 

Ошондуктан миң алкыш, 

Кудайына ааламдын... 

Бүт дайра билгин, бир кезде, — 

Деңизди каптап каларын.

Мартин кайрадан иллюминаторго көз жиберди. Суинберн ага жол көрсөтүп турду. Жашоо жан чыдагыс эле, тагыраак айтканда, ал түгөнгүс кыйноо менен азапка айланды.

Жүрөгү сен адамдын, 

Түбөлүксүз жаралдың!..

Ушунусу үчүн кудайларга ыракмат деш керек. Бул алардын дүйнөдөгү эң чоң жакшылыгы эмеспи! Эгерде жашоого кокодон тойгон болсоң, анда кутулуунун жөнөкөй эле жолу, түбөлүккө уйкуга кетиш керек, бүттү!

Эми эмнени күтүп атат? Кете турган мезгил жетти.

Мартин иллюминатордон башын чыгарып, төмөн жактагы сүттөй ак көбүктөрдү ккарады. «Марипоза» өтө терең отуруп бараткан эле, колу менен асылып салаңдай турган болсо буттарынын учу сууга тийчүдөй. Шырп эткен дабыш да чыкпайт. Эч ким да укпайт. Суунун майда тамчылары бетине чачырай түшүп, оозуна туздуу суунун даамы келе калды. Бул ага жага түшкөнсүдү. Алтургай, оюна коштошуу ырын жазып кетсемби деген ой келе түштү! Өз оюна өзү кайра күлдү.  Ага убактысы да жок эле. Баарын батыраак бүтүргүсү келип турду.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.