Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартин баягыда Лиззинин койгон диагнозу туура чыкканына ишенди. Дене жагынан ал сопсоо болчу. Бирок башына бирдеме болгон экен, ал бузулган механизмди бир гана алыскы океан сапарына чыгып келүү гана калыбына келтире алышы мүмкүн эле. Баарынан жаманы, так жолго чыгаар алдында кокусунан каалоосу таптакыр жоголуп, эч кандай саякатка чыккысы келбей калганы болду.  Тынч океан деле эми ага буржуазиялык цивилизациядан түк артык болбой калды. Жөнөп кетем деген ойдон эч кандай жанданууну сезген жок, тескерисинче, али баштала элек саякаттан азыртан эле чарчап турду, деги эмнеси болсо да учурда кемеде болуп калса болмок, эч нерсеге түйшүктөнбөй, эч нерсени ойлобой отура бермек экен.

Акыркы күндөр ал үчүн чынында эле таптакыр чыдап болгус, абдан эле оор болуп сезилди. Анын деңиз саякатына жөнөрүн гезиттен билишкен жездеси Бернард Хиггинботам менен эжеси Гертруда, калган тууган-туушкандары коштошмокко бүт чогулуп келишиптир. Андан кийин айрым иштерин бүтүрүп, карыздарынан кутулду да, ач кенедей жабышкан кабарчылардын суранычтарын канааттандырып чыкты. Кечки мектепке барып, Лиззи Конолли менен да коштошуп келди. Мейманкага кайтып келип, кечке кир жуугучкананын иштери менен алпурушуп жүрүп араң бошогон соң коштошоюн деп келе калган Джону көрдү. Бул болсо анын сабырын биротоло түгөтүп, аргасы жоктон досунун былжырак итатайы тутулгандыктан, кебин креслонун кармоочторун улам кычырата кармап, жарым сааттай чыдап угууга мажбур болду.

— Эсиңе тутуп кой Джо, — деди ал акырында, — сени бул киржуугучканага эч ким байлап аткан жери жок. Каалаган убактыңда сатып жибер да акчасын чачып сал. Мунун баары тажатса, кайра селсаяктык кылгың келсе, тура калып кете бер. Иши кылса, өзүңө кандай жакса, ошондой жаша!

Джо жок дегендей башын чайкады.

— Эми мен мурдагыдай болуп, чоң жолдо темселебейм. Селсаяк болгон баары жагынан жакшы дечи, бирок бир гана жаман жери — мен кыздарды айтып атам. Аларсыз такыр жашай албайм! Эмне десең ошо де. Темселеп жүргөн жалгыз кишиге жарашат. Кээде үйлөрдүн жанынан өтүп баратсаң музыка ойноп турат, бийлеп жатышкан ак көйнөкчөн, татынакай кыздарды көрүп каласың, алар терезеден карап сага жылмайышат! Ох, ата дейсиң! Жашоо көзүңө кунарсыз көрүнүп кетет. Мен шаардын сыртына сейилге чыкканды, бий-тамашаны, айлуу түндө басканды ушунчалык сүйөм. Кир жуугучканаң болсо башка иш, кийгениң жакшы костюм, чөнтөгүңдө керек болуп калар деп бир ууч доллар жүрөт! Баса, бир кызыке менен тааныштым. Көнсө азыр эле үйлөнүп алат элем. Эстесем эле кечке чейин көңүлүм көктө жүрөт. Көздөрү тимеле жалжылдап турат, үнү — кудум музыка. Эх Март, кайсы кара теке сүзүп, ушу кезге чейин үйлөнбөй жүрөсүң? Ыя? Сендегидей акча менен сулуунун сулуусун чаап туруп, үйлөнүп алсаң болот да!  

Мартин бырс күлүп койду, жүрөгүнүн тереңинде деги адамда үйлөнөм деген каалоо кайдан жаралат деп таң калды. Бул ага кызык да, түшүнүксүз да эле.

Так жөнөөр алдында «Марипозанын» палубасында туруп Мартин коштошкону келгендердин арасынан Лиззи Коноллини байкап калды. «Лиззини өзүң менен  ала кетсеңчи», — дегенсиди ички добуш кулагына шыбырап. Адамга айкөлдүк кылган кандай жакшы, ушинте турган болсо, Лиззи чексиз бактылуу болмок. Ал азгырыла түшүп, бирок бул ошо замат сезимине дүрбөлөң салып, үрөйү уча түштү. Кыйналган жүрөгү катуу каршылык көрсөткөндөй түрсүлдөп чыкты. Пароходдун бортунан бери боло калды да: «Жок, кымбаттуу достум, сен айыкпас дартка чалдыккансың», — деп шыбырады.

Мартин өзүнүн каютасына түштү да, пароход ачык деңизге чыкканга чейин сыртка чыкпады. Кают-компаниядагы тамак үстүндө ага ызат көрсөтүшүп, каптиандын оң ыптасынан орун беришти; ошол замат өзүнүн «Марипозадагы» жүргүнчүлөрдүн ичинен эң атактуу, кыйын адам экенине ишенди. Бирок буга чейин атактуулардан эч кимиси тегеректеген адамдарды мынчалык ирээнжиткен эмес. Улуу адам өзүнүн убактысынын көбүн көзүн жарым-жартылай жуумп алып, палубада жатып өткөрөт экен, кечкисин болсо элден мурда жатууга кам урат экен.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.