Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Ал тура калып кетмек болду эле, Мартин аны ийинден алып өзүнө бурду.

— Билип кой, Джо, — деди ал, — эгер сен мага мындай өнөр көрсөтө турган болсоң, мен сени эскичесинен өпкөңдү үзүп коём, өзүңдүкүлөрдү да тааныбай каласың! Түшүндүңбү? Ыя? Каалайсыңбы?

Джо жулуна калып, Мартинди түртүп жиберейин деди эле, бирок аны кармап турган колдор абдан карылуу эле. Экөө бөлмө ичинде тегерене кармаша кетишти, отургучка чалынып, анын бырын-чырыны чыкты, акыры полго кулап түшүштү да Джо чалкасынан түшүп жатып калды, Мартин болсо шак тизеси менен анын көкүрөгүнөн ныгыра басып, үстүнө минип алган эле. Кое бергенде тиги араңдан дем алып, өзүнө келгендей болду.

— Мына эми сүйлөшсөк болот, — деди Мартин, — көрдүңбү, мени менен кармашам дебей эле кой. Адегенде кир жуугучкана менен ишти бүтүрүш керек. Анан кайра келсең, экөөбүз эски досторчо башка нерселер жөнүндө да шашпай, сүйлөшөбүз. Азыр колум бош эмес деп атпаймыбы, өзүң көрүп турбайсыңбы.

Так ушул учурда, эшиктен малай кирип келип, эртең мененки почто менен келген бир таңгак кат жана журналдарды таштап кетти.

— Мунун баарын окуп да, сүйлөшө да албайбыз го. Андан көрө сен барып, кир жуугучкана жайын бир жаңсыл кыл да, кайра келип кал.

— Макул, — деди Джо кош көңүл, — сен менден кутула жаздап турган экен го деп ойлодум эле, бирок жаңылыптырмын. Ошентсе да Март, мени бокста ута албайсың. Эмне болсо да коюп мелдешем.

— Болуптур, анан мээлей кийип алып, көрөлү, — деди Мартин күлүп.

— Сөзсүз! Мен кир жуугучкананы сатып аларым менен эле. — Джо муштумун сунду. — Көрдүңбү? Мен сени эки дегиче болбой жыга чабам.

Джо акыры кеткен соң Мартин жеңилдеп эс ала түштү. Адам жактырбай качып калганы эле бул. Дегеле күндөн күнгө ага адамдар менен мамиле кылыш кыйындап баратты. Кимдир бирөөнүн жанында турганы эле ага оор эле, аны менен сүйлөшүү зарылдыгы жинин кайнатып, ал үчүн ого бетер чыдагыс эле. Адамдар менен жолугушканда көңүлү тынч албай, алардан эптеп кутулгандан кийин гана жаны жай ала турган.

Джо кеткенден соң Мартин дароо эле почтого киришкен жок. Ал жарым саатча креслодо кыймылсыз отурду, башында кээ-кээде гана уйку-соо аралаш кандайдыр бир үзүл-кесил ойлор чубап жатты.

Акырында ал ордунан туруп, каттарды карай баштады. Ондон ашык кат, Мартин бир көргөндө эле тааныгандай, анын автографы коюлган китебин салып жиберишин суранышыптыр, ал эми калган каттар болсо кесипкөй сурануучулардан, ар кандай апендилерден, түбөлүк кыймылдаткычтын моделин ойлоп табуучулар менен жердин үстүңкү бети жердин жантайыңкы ички бөлүгү деген математиктерден тартып, Төмөнкү Калифорниядан коммунисттик колонияны куруу үчүн жарым арал сатып алууга акча сураган адамга чейинкилердин мааниси маңызы жок каттары эле. Сансыз аялдардан келген бир катты окуп калып, Мартиндин боору эзилди, бир айым өзүнүн такыба, шойкому жок түз жүргөнүн далилдейин деген окшойт, катына чиркөөдө туруктуу орду үчүн төлөнгөн квитанциясын да тиркеп коюптур.

Китеп баскандар менен редакторлор аны катка көөмп салышкан эле: бирөөлөрү макала жазып бер деп суранса, экинчилери жаңы китептерин сурап атышты. Айтор, бир кезде акыркы буюмун коюп марка сатып алып жөнөтчү байкуш кол жазмаларын эми эңсеп, чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Каттардын арасынан күтүлбөгөн чектер да — англис тилинде чыккан китеби үчүн жана чет тилдерге которууга руксат бергендиги үчүн төлөнүүчү акчалардын чектери да чыгып калып атты. Анын англиялык өкүл-агенти үч китеби Германияда которулуп чыгуу укугуна ээ болгонун билдириптир: анын китептери Швецияда которулуп жатты, бирок Швеция Берндик келишимге кирбегендиктен, бул котормолор үчүн эч кандай акы алууга мүмкүн эмес эле. Ошондой эле, Россиядан да анын чыгармаларын которуп, басып чыгарууну суранган формалдуу өтүнүч келип түштү, бирок бул өлкө да Берндик келишимге кирген эмес болучу.

Мартин гезитке чыккан макалаларды карап, шумдуктуудай тез тарап аткан өзүнүн даңкы жөнүндөгү жазылгандарга көз жүгүртүп чыкты. Мартин Иден караламан калкка эч бир тайманбай туруп, бардык чыгармаларын тартуу кылды. Күтпөгөн жерден атакка ээ болуп чыга келгени ушундан болду окшойт.  Ал кыжылдаган кара топту Киплинг кысмактап алгандай эле баш ийдирди. Анда да өлүм алдында жаткан улуу жазуучунун чыгармаларын караламан калк баса калып окуп кирген эле. Мартин ушул жерден Киплингдин жазгандарын түк түшүнбөгөн ошол эле кажылдаган кара топ байкуш Киплингди көрдөн алып жерге уруп, таман астына басканын эстеди. Бул ой аны күлгөнгө аргасыз кылды. Ким билет! Балким аны да жарым жылдан кийин ошондой тагдыр күтүп тургандыр. Бирок ал кара топту алдап кетмекчи. Жарым жылдан кийин ал алыскы океандын чок ортосунда болот, өзүнүн камыш алачыгында отуруп алып, акак маржандарды сатат, толкунга минип алып суу астындагы урчуктуу аскалардан учуп өтүп, акула кармайт, Тайохэ өрөөнүнүнө катарлаш жаткан өрөөндөн жапайы тоо эчкилерге аңчылык кылып жүргөн болот.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.