Жек Лондон
Мартин Иден
Ушуну айткан Руфь көздөрүн чачыратып Мартиндин маңдайында турду.
— Мен күтүп жатам! — шыбырады ал. — Сиздин бир ооз «ооба» деген сөзүңүздү күтүп атам. Мага карап коюңузчу.
«Бул кандай сонун, — деп ойлоду ал, Руфка карап: ал өзүнүн каталыктарын моюндап, айыбын жууду, буржуазиялык жасалмалуулуктун чынжырын үзүп салып, чыныгы аял болуп чыга келди. Мунун баары укмуш, эң сонун, эң асыл... Бирок мага эмне болгон?»
Кыздын кечигип болсо да жасаган бул иши бирок анын жүрөгүн кенедей жылыткан жок. Ал муну акылы менен гана баалады. Өрттөнүп күйбөдү — болгону суз гана баалап койду. Жүрөгү тоңгон муздай эле, каны баягыдай чексиз каалоодон дүргүп чыккан жок. Ал кайрадан Лиззинин айткандарын эстеди.
— Мен өтө ооруп турам, — деди Мартин колун кайдыгер шилтеп. — Мен өзүмдүн мынчалык оору экенимди элес да албаптырмын. Мага бирдеме болду окшойт. Мен эч качан жашоодон корккон эмес элем, анын даамын жоготом деп эч бир ойлобоптурмун. Эми болсо жашоого кокомон тоюп турам. Менде эч кандай каалоо калган жок. Жадагалса, сизди да көргүм келбейт! Көрдүңүзбү, канчалык оору экенимди!
Ал башын креслонун кырына чалкалатты да, көздөрүн жумду; ыйлап аткан наристе күн шооласынын ойноктогонуна алаксыгандай, Мартин оорусун да, Руфту да, бүт дүйнөнү унуткарып, күтүлбөгөн жерден кайрадан чыга келген баягы көрүнүштү — калың жалбыракты көзөй себелеген күндүн шоолаланган нурун карап кирди. Бул жапжашыл, анан да көздү уялткан жалбырактар эле. Муну карап туруу анын жанын оорутса да эмнеге карабатканын өзү түшүнбөй турду.
Аны эшиктин туткасынын кычыраганы эсине келтирди, караса Руфь босогодо туруптур.
— Бул жерден кантип чыгам? — Руфь жалооруй сурады. — Коркуп атам.
— О, мени кечирип коюңуз, — деп кыйкырып жиберди Мартин ордунан ыргып туруп, — эмне болубатканымды өзүм да билбейм! Сиздин бул жерде экениңизди да унутуп калыпмын.
Ал чекесин ушалады.
— Көрдүңүзбү, мен соо эмесмин. Мен сизди үйүңүзгө чейин узатып коём. Биз арткы эшик менен чыгып кетебиз. Эч ким байкабайт. Бетиңиздеги тор чүмбөтүңүздү гана түшүрүп алыңыз.
Руфь анын колунан бекем кармап, экөө кууш далис, жарым караңгы тепкичтер менен жүрүп олтурушту.
— Эми мен коркпойм, — деди көчөгө чыкан соң Руфь колун бошотууга аракет кылды.
— Мен сизди үйүңүзгө чейин узатып коём, — деди Мартин.
— Жок, жок, — деди ал каршы боло, — кереги жок!
Руфь дагы бир жолу колун бошотконго аракет кылды. Бул күтүлбөгөн жерден Мартиндин кызыгуусун ойготту. Коркунучтун баары артта калбадыбы, эми эмнеден чочулап турду экен. Руфь андан эртерээк бөлүнүп кеткиси келгени байкалып турду, бирок муну Мартин жөн эле туталанып турганынан го деп ойлоду. Ошондуктан кыздын колун кое бербей, үйүн көздөй алып жөнөдү. Көчөнүн бурчуна жеткенде Мартин узун пальточон куркуйган бирөө далбактап подъездге кире качканын байкап калды. Жанынан өтүп баратып ал жакты карады эле, жакасын көтөрүп алса да бекине калган бейтааныш Руфтун иниси Норман экенин жазбай тааныды.
Жолдо баратып, Мартин менен Руфь дээрлик сүйлөшкөн жок. Руфтун көңүлү чөгүңкү, Мартин болсо кайдыгер эле. Болгону Руфка Тынч океандын аралдарына кетип атканын айтты, Руфь болсо күтүлбөгөн жерден келгенине кечирим сурады, болгон сөз ушу. Экөө Руфтун эшигине жеткенде коштошту. Бири-биринин колун кысып, кайырлуу түн каалашты, Мартин шляпасын көтөрүп койду. Эшик жабылды. Мартин тамеки күйгүзүп тартты да кайра мейманканага кайтты. Жанагы Норман бекинип калган подъезддин жанынан өтүп баратып, бир мүнөттөй токтоп туруп калды.
— Эжеси мага калп айткан экен, — деди ал угуза. — Мага бул жерге келип, чечкиндүү, коркпой иш кылдым деди эле, көрсө иниси менен келип, анысы күтүп турган экен да. — Ал каткырып күлдү. — Атаны гана, буржуйлар! Мен кедей кезде анын эжесине жолой алчу эмесмин. Эми менин банкта эсебим ачылганда, иниси эжесин мага өзү ээрчитип келип отурат!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.