Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартин Руфтун ушул жерден каршы чыккысы келгенин көрдү.

— Былжырак болсо да алар чын дилден чыкканын, бирок ага карабай бул буржуазиялык маданияттын, таптык идеялардын, таптык моралдын, таптык түшүнүктөрдүн негизи экенин моюнга алам.

Мартин кейиштүү башын чайкап койду.

Азыр деле сиз мага түшүнбөй турасыз. Сиз мен айткандарга таптакыр башкача маани берип жатасыз. Сиз үчүн менин айткандарым — жалаң ойдон чыгарылган нерсе. Бул мен үчүн чыныгы реалдуулук. Болбоду эле дегенде сиз баткактан чыга калган бул неме эми кыйынсынып, менин чөйрөмдү адепсиз деп сындаганга чейин жеткен деп ичиңизден күлкүңүз келип,  таң калып атсаңыз керек.

Руфь чарчагандай башын Мартиндин ийнине жөлөп, денесин кайрадан майда калтырак басты. Ал бир мүнөтчө бирдеме айтабы деп Руфту күтүп калды да сөзүн кайра улантты:

— Эми болсо, сиз сүйүүбүздүн кайрадан башталышын каалап турасыз! Мага күйөөгө чыккыңыз келет экен. Сиз мени каалап турат экенсиз! Мени түшүнгөнгө аракеттенип туруңуз — мындай да болуп калышы мүмкүн эле, менин китептерим жарык көрбөй, таанылбай калган күндө деле мен кандай болсом, так ошондой эле баягы Мартин Иден бойдон калмакмын да, туурабы? Бирок сиз мага басып да келбейт элеңиз! Бир гана ушул китептер үчүн, ошолор кара жерге....

— Сөгүнбөңүз, — деп Руфь анын сөзүн бөлүп кетти.

Мартин какшыктай күлүп койду.

— Мына, мына! — деди ал. — Өмүрүңүздүн бактысы тууралуу маселе коюлганда, орой сөздү уккуңуз жок. Сиз жашоодон баягыдай эле коркосуз.

Анын жоругуна баа берип аткандай туюлган бул сөздөрдөн Руфь селт эте түштү; бирок кантсе да Мартин ага адилетсиз мамиле кылыбаткандай сезилди да таарына түшкөнсүдү.

Экөө бир топко чейин унчукпай калышты, кыз кейиштүү ойлонуп, мындан ары эмне кыларын билбей турду, Мартин болсо — эчак өтүп кеткен махабат баянын эстеп жатты. Көрсө ал Руфту эч качан сүйбөгөн экен, муну азыр ачык түшүндү. Ал идеалдуу башка бир Руфту, кыялынан жаратып, көктө калкыган, өзүнүн сүйүү поэмаларында даңктаган кызды сүйгөн экен. Ал эми мына бул маңдайында отурган чыныгы Руфту, буржуазиялык кулк-мүнөздүү, түшүнүгү чектелүү кызды эч качан сүйбөптүр!

Күтүлбөгөн жерден Руфь сүйлөп кирди:

— Мен сиздин айткандарыңыздын көбү калетсиз туура деп эсептейм. Мен чынында эле турмуштан корккон экем. Сизди жетишерлик күчтүү сүйгөн эмес экенмин. Бирок, азыр мен бекем сүйүүгө үйрөндүм. Сизди азыр да, мурда да кандай болсоңуз дал ошондой сүйөм. Менин чөйрөмдөгү адамдардан айырмаланып турганыңыз үчүн сүйөм. Сиздин көз карашыңыз кээде мага түшүнүксүз болсо да мейли. Мен аларды туура түшүнгөнгө үйрөнөм. Мен аларды түшүнүүгө үйрөнүшүм керек! Сиздин тамеки тартканыңыз, сөгүнгөнүңүз — мунун баары сиздин жашооңуздун бир бөлүгү, мен сиздин ушунуңузду да сүйөм, мен көп нерсеге үйрөнөм. Ушул эле акыркы он минутанын ичинде менин көп нерсеге көзүм ачылды. Мурда бул жерге тартынбастан келе алат белем? О, Мартин!..

Руфь ыйлап жиберип, бетин Мартиндин көкүрөгүнө жөлөдү. Ал күтүлбөгөн жерден көпкө көрүшпөй калгандан бери Мартин биринчи жолу эрекелете кучактаганын сезди. Ал муну сезди да Мартинге жалжылдай карады. 

— Өтө кеч болуп калды, — деди Мартин. Лиззинин сөзү эсине түштү. — Мен оорулуумун, Руфь... бирок денем оору эмес. Жан дүйнөм, мээм оорулу. Мен үчүн бардык нерсе баркын жоготту. Мен азыр эч нерсени каалабай калдым. Эгерде жарым жыл мурда келгениңизде, анда баары башкача болмок. Азыр эми абдан кеч болуп калды!

— Жок, кеч эмес! — кыйкырып жиберди Руфь. — Мен муну сизге далилдеп берем. Менин сизге болгон сүйүүм таптык түшүнүктөрдөн күчтүү экенин далилдеп берем.  Мен буржуазия үчүн эң кымбат нерселерден да баш тартууга даярмын. Мен эми жашоодон коркпойм. Керек болсо ата-энемден баш тартып, өз атымды жаманатты кылууга даярмын. Сиз кааласаңыз азыр эле ушул жерде калып, сиз менен түбөлүккө жашоого даярмын, мындан кубанычты да, сыймыктанууну да табар элем. Эгерде мен мурда сүйүүгө турксуздук кылган болсом, азыр ага каршы болгондордун өздөрүн сатып кеткенге.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.