Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартин жолун улантып кете бермекчи болгондо күтүлбөгөн жерден бир кайырчы чыга калып, чыканагынан түрттү.

— Жыйырма беш тыйын берип коюңузчу, мырза! Жатак жайга төлөшүм керек эле! — деди ал.

Үн Мартинди бурула кароого аргасыз кылды. Карай салса, кир жууган жерде чогуу иштешкен баягы Джо досу! Колунан бекем кысып учураша кетишти.

— Эсиңдеби, экөөбүз сөзсүз жолугушабыз дебедим беле, — деди Джо, — мен муну сезгем. Мынакей, эми жолугуштук!

— Сен оңолуп алыпсыңго ыя? — деди Мартин ага суктана таңыркай. — Толуп да калыпсың.

— Так ошондой, — деди барбалактаган Джо. — Кайырчы болуп кеткенден бери жашоо деген эмне экенин билдим! Салмагыма отуз фунт коштум, өзүмдү мыкты сезип турам! Мурда тоңкочук атып иштей берип, терим менен эле сөөгүм калган экен. Эми болсо момундай жашоо абдан мага жагып турат.

— Бирок баш баанекке акча сурабатканың кандай? — деди Мартин аага тийишип, — түн болсо абдан салкындап турат!

— Мм! Жатак үчүн суранып атамбы! — Джо чөнтөгүнөн бир ууч майда тыйындарды алып чыкты. — Түнөк жайга ушу деле жетишмек, — моюнга алды ал, — бирок сенин кебетең абдан ырайымдуу көрүндү, сени мээлеп келгеним ошондон.

Мартин каткырып калды.

— Оо, бул акчаң ичкилигиңе да жетишет окшойт ко ыя? — деди ал.

Джо каадалана акчасын чөнтөгүнө салды.

— Бул эми менин ишим эмес!, — деди ал, — азыр мен ичпей калгам. Ичкенге көңүл да чаппайт. Экөөбүз бөлүнүп кеткенден кийин бир жолу гана мас болгом, анда да келесоо экем, ачкарын уруп жибериптирмин. Эми адамча жашап атам, ичкиликти да адамча ичип калдым! Кээде гана кичинекей ыстыкан менен бирди алып коем, ошо жетишет.  

Мартин Джо менен эртеси жолугушууга макулдашып, мейманканага кетти. Кире бериште илинген пароходдордун катнаш жадыбалын караса, беш күндөн кийин Таитиге «Марипоза» жөнөйт экен.

— Телефондон мага каютага буйрутма берип койсоңуз, — деп суранды ал мейманкана кызматкеринен, — бирок, орун жогору жагынан эмес, асты жагынан, шамал жүрчү жагынан болсун. Жазып эле алсаңыз: шамал жүрчү тарабынан.

Бөлмөсүнө келип, керебетине жатты да ошол замат катуу уйкуга кетти. Мээси ушунчалык чарчаган экен, сырткы таасирлерди деле сезбей калыптыр. Жадагалса, Джону кезиктирген кубанычы да утурумдук болду. Сүйүнгөнү көз ирмемге созулду, анан эле эски досун кезиктиргенине өкүнүп, аны менен сүйлөшкүсү да келбей калды. Баары жоктун баарына кайдыгер эле Мартин. Беш күндөн кийин өзү сүйгөн океанга сүзүп кетери да аны кубандырбай турду. Ошол жаткан бойдон сегиз саат бою козголуп койбой уктады. Ары бери ооналактаган да, түш көргөн да жок. Ошентип түнү менен өзүн өзү унуткарып жатты, кээде гана ойгоно калганда көңүлү чөгүп, ойгонуп кеткенине өкүнүп жатты. Жашоо аны алсыратып, эзип, убакыттын өтүшү тозоктун тозогу болду.  

 

XLVI ГЛАВА

— Эми иш мындай, Джо, — деди Мартин эртеси күнү ага жолукканда, — ушул жердеги Жыйырма сегизинчи көчөдө бир француз турат. Ал жакшы акча жасап алып, эми Франциясына кайра кеткени жатат. Кичинекей, бирок абдан сонун жабдылган кир жуугучканасы бар. Мындан ары күлүңдүн бир жерге додо болушун кааласаң, анда бул сага баа жеткис табылга. Ме, мынабу акчаны алып, өзүңө бир жакшы костюм шым сатып ал да, барып тиги француз менен жакшылап сүйлөш. Бирдеме десе мени жиберди дейсиң, баарын сага өзү көрсөтөт. Көңүлүңө абдан жакса, кожоюну айткандай он эки миң доллар наркын туура көрсөң, анда мага айтып кой — кир жуугучкана сеники.  Эми тур, куру бул жерден! Менин колум бош эмес. Калганын экөөбүз кийин сүйлөшөбүз.

— Мени кара, Март, — деди Джо жайбаракат, ичиндеги ызасын араң кармап, — мен бул жерге сени менен учурашайын деп келдим. Түшүндүңбү! Сенден кир жуугучкананы белекке алайын деп келгеним жок! Мен сага эски дос катары келсем, мага кир жуугучкананы түртөсүң да! Мен сага айтып коёюн, кир жуугуч канаңды ал да, бир жериңе кысып туруп...

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.