Жек Лондон
Мартин Иден
Так ушул мүнөттө ага өзүнүн аргасы куруп, ахывалы таптакыр эле үмүтсүз экени көз алдына апачык элестей түштү. Күтүлбөгөн жерден ал өзүн көлөкөлөр кубаңдаган Өлүм Өрөөнүндө жүргөнүн сезди. Анын өмүрү артта калган эле, улам барган сайын соолуп, күүгүмүнө батып баратты. Мартин азыр өзүнүн канчалык уктаса да, дайыма эле уктагысы келип турганын сезип турду. Кечээ эле уйкуну ушунчалык жек көрүп жүрбөдү беле. Уйку анын өмүрүнүн эң кымбат сааттарын уурдап атканына кейип жүрбөдү беле. Ал кезде жыйырма төрт сааттын төрт гана саатын уктачу, демек ал башкаларга караганда, төрт саатка кем жашаптыр да. О, агезде уйкунун азабын кандай тарткан эле! Азыр болсо, жашоонун азабын тартууда! Жашоо ага кайдыгер кызыксыз, даамы жок супсак аштай сезилип калды. Ичер суусу түгөнө турган, өлүм тооруп турган кырсыктуу жер так мына ушул болуп турат окшойт. Жашоого умтулбаган өмүр, акыры өлүп тынат эмеспи. Бирок ошенткени менен анда көнүмүш болгон өзүн өзү коргонуу сезими ойгонгондой болду. Ооба, сапарга шашпаса болбой калды. Мартин бөлмө ичин кыдырата бир көз чаптырып алды да, бирок жол камын көрүш керек деген ойдун өзү ага чыдагыстай болуп, үрөйүн учургансыды. Негизи буга шашылыштын деле кереги жок болчу. Азырынча керектүү буюмдарды сатып алуу менен алектене берсе болот да.
Эртең менен шляпасын кийип үйдөн чыкты да түшкө чейин курал, балык кармоочу шаймандарды тандоо менен алектенип, курал-жарак саткан дүкөндө болду. Буюмдарга болгон мода ушунчалык бат алмашып тургандыктан, ал Таитиге келгенден кийин эле, шашпай сата турган бардык буюмдарды алдырып алат. Алтургай, аларды Австралиядан болсо да котортуп алдырууга болот. Бул ой аны кубантып жиберди. Айтор, азыр бирдеме кылайын деген ага таптакыр чыдагыс эле. Мейманкага кайтып келатып, ушутапта аны күтүп жаткан өзүнүн жумшак креслосуна отурарын элестетүү менен жыргап келатты, бирок кирери менен анда Джонун отурганын көрө коюп, жини келгенинен тимеле онтоп жибере жаздады.
Кир жуугучкананы көрүп келген Джонун кубанычында чек эле. Ал бапылдап, баары сонун тимеле сааттай иштеп атканын, маа десе эртең эле бара калып ишти баштап жиберсе болорун айтып бажырап кирди. Мартин көзүн чала жумуп, керебетинде сулк жаткан бойдон Джонун айткандарын угуп атты. ошенткен менен ойлору аң-сезимдин чегинен алда кайда тышкары чабыттап жүрдү. Кез-кезде гана Джого бирдеме деп жооп бериш үчүн эптеп чыгынып атты. Ал Джону жакшы көрчү эмес беле. Ал эми Джо болсо жашоого мелт-калт толуп турган эле, андыктан аны менен жакындашуунун өзү Мартиндин жанына батып, кадимкидей оорутуп турду. Анын чарчап бүткөн жаны үчүн бул эбегейсиз оор жүк эле. Джо ага кечээ күнү мээлей кийип алып бокстошобуз дебедиң беле деп эскерткенде тимеле жаны чыгып кете жаздады.
— Эсинде болсун, Джо! Сен кир жуугучканада баягы «Кайнар Булактагы» өзүң айткандай тартипти орноткун. Эч кимди ашыкча иштетпе. Түнкүсүн эч кандай жумуш болбосун. Айлыгын жакшылап төлөгүн. Балдарды жалдайм деген оюңа да келбесин! Эч качан!
Джо башын ийкегилеп, чөнтөк дептерчесин сууруп чыкты.
— Мен бүгүн эртең менен бир эрежелерди чиймелеп койдум эле, угуп турсаң.
Ал окуп кирди. Мартин ии демиш боло кез-кез мыңк этип коюп атты, ичинде болсо бу Джо деген неме деги качан жоголор экен деп ойлоп жатты. Мартин ойгонуп караса, кеч кирип кетиптир, үйдүн ичинде эч ким жок. Кыязы, Джо Мартиндин уктап кеткенин көрүп, акырын кетип калса керек. «Сылыктыгын көрчү мунун», — ойлоп койду Мартин. Анан көзүн жумуп, кайра эле уктап кетти.
Эртеси күнү Джо кечке кир жуугучкана менен убараланып, Мартинди көп деле тажаткан жок. Сүзүүгө жөнөп кетерге аз калган кезде, гезиттер Мартин Иден «Марипозага» түшүп алыска кетерин жарыялашты. Ал сактанайын деген сокур сезимге жетеленип, кетер алдынан догдурларга түшүп көрдү. Саламаттыгы куландай таза экен. Өпкөсү, жүрөгү ойдогудай. Иши кылса, врачтын айтканына караганда, бүт органдары таптаза, нормалдуу иштеп жаткан болуп чыкты.
— Сизде эч кандай оору жок, мистер Мартин, — деди дарыгер, — оорунун изи да жок. Сиздин организмиңиз укмуш экен! Мен сизге суктанып да турам. Саламаттыгыңыз абдан мыкты. Кандай көкүрөк клетка! Темирди сиңирип жиберген ашказаныңыз турганда, мындай клетка — эч качан бузулгус ден соолуктун жана күчтүн кепилдиги. Сиздей адам нукасы миңден, алтургай, он миңден бирөө гана болот. Кокустук, же бир кырсык болуп кетпесе, сиз жүз жашка чейин жашайсыз.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.