Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Бирөө жарым шек алып калбас үчүн ал каютадагы жарыкты өчүрүп туруп, буттарын иллюминатордон тышка сунуп жиберди. Ийни кептелип калды эле, бир колун денесине кыса кармап, араңдан зорго түртүнүп чыгып баратты. Так ошол учурда күтүлбөгөн жерден пароход силкинип жибергени ага иллюминатордон суурулуп чыгып кеткенге жардам берди. Буттарынын учу сууга тийери менен айнектин кырынан кармап турган эки колун коё берди да, апакай жылуу суу аны кучагына кабыл алды. Сүрү катаал, зор кара аскадай болуп, анда –мында күйгөн иллюминаторлордун жарыгын чачырата «Марипоза» сүзүп өттү. Пароход чоң ылдамдыкта баратты. Ал муну ойлонгучакты өзү анын куйрук жагында калып калды да, океандын көбүктөнгөн бетинен жай гана сүзүп жөнөдү.  

Анын апакай денесине кызыкса керек, жакындап сүзүп келген бонита балык балтырын тыз дедире сайып өткөндө Мартин күлүп жиберди. Санынын ооруганы суунун ичинде эмне үчүн жүргөнүн эсине салды. Башкы максаты эмне экенин таптакыр унутуп койгон экен. Карааны өтө алыстап кеткен «Марипозанын» оттору да бүлбүлдөп баратты, бирок ал миңдеген чакырым арыдагы жээкке жеткиси келип аткансып, тынымсыз кулач ура сүзө берди, сүзө берди.

Бул жашоонун инстинкти эле. Анын сүзбөй туруп калды эле, толкун каптап келгенде колдору кайрадан иштеп кетти. «Жашоо эрки» деп ойлоду да өзүн жектей бырс күлүп койду. Ооба, анда эрк бар, ал эрки эң соңку жолу бир чымырканып туруп, өз жашоосун өзү токтотконго толук жетет.

Мартин тикесинен турду. Чалкалай түшүп, жылдыздарды бир карады да, анан өпкөсүндөгү болгон абаны сыртка чыгарды. Ал колу буттарын тыбырата кайра ылдый батыраак жана тереңирек чумкуп кетиш үчүн өзүн мажбурлап, чапчаң кыймыл менен суудан өйдө кескин серпилди. Деңиз түбүнө мармар таштан жасалган апакай айкелдей чөккүсү келди. Сууга бир топ терең сүңгүп кеткен соң, жаны кыйналып турган сыркоо баңгизатты жыттагандай, суудан дем ала баштады. Оозу мурдуна суу толуп, муунта баштаганда эрксизден инстинтке алдырып, өйдө тыбырчылай суунун бетине калкып чыкты да кайра төбөсүндөгү жаркыраган жылдыздарды көрдү.

«Жашоо эрки», — деп ойлоду ал жек көрө, ачышып чыккан өпкөсү менен түнкү таза абадан дем албаска куру бекер тырышып. Мейли, тикесинен болбосо, башка ыкманы колдонуп көрөт! Бир нече жолу ичине терең дем тартты. Болгон абаны өпкөсүнө жыйнады да кайрадан ылдый кетти. Кеткенде да башы менен тике сайылып кетип баратыры. Улам барган сайын тереңдеп сүңгүп баратат, ачылуу көздөрү менен көгүлжүм сымал фосфор жарыгын көрүп турду. Караандардай болуп жанынан бониталар зыпылдап өтүп атышты. Ал ичинен булар денеме тийбесе экен деди, анткени тыз дедирте чийип кетчү болсо, анын эркин жандырып жибериши ыктымал эле. Алар тийбей өтүп кетишти, Мартин жашоонун ага кылган эң акыркы ырайымы үчүн ичинен ыраазы болду.

Буттары менен колдорунун сенейип баратканын сезип, ал барган сайын тереңге чөгүп баратты. Абдан чоң терендикте экенин түшүнүп турду. Кулагынын тарсылдагына болгон суунун басымы чыдагыс болуп баратты, башы тимеле чытырап бөлүнүп кете тургандай эле. Эркинин шумдуктай чымыркануусу менен өпкөсүндөгү аба акыр аягына чейин биротоло сыртка чыгып кеткенге чейин, өзүн өзү дагы тереңирээк чөккөнгө мажбурлай берди. Абанын майда көбүкчөлөрү анын бети менен көздөрүнөн чыбырчыктап өтүп, өйдө көздөй тездик менен көтөрүлүп кетип баратты. Мына ошондо муунуу азабы башталды. Бирок ал өзүнүн өчүп бара жаткан аң-сезими менен мунун али өлүм эмес экенин түшүндү. Өлүм жанды оорутпайт. Бул али жашоо эле, тирүүлүктүн соңку жандалбасасы, акыркы азабы болчу. Бул ага жашоонун урган акыркы соккусу эле.

Анын колдору менен буттары тырпырап, алсыз кыймылдай берди. Кеч болуп калды! Ал жашоонун эркин алдап кетти! Эми өтө чоң тереңдикке жеткен эле. Эми өйдө жакка кайра сүзүп чыга албайт. Өзүн түркүн көрүнүштөрдүн учу-кыйры жок деңизинде жайбаракат, бир калыпта сүзүп бараткансып сезди. Жаркыраган кандайдыр бир нур аны курчап алып, өзүнө сиңире эритип алгандай. А мына бул эмне? Маякка окшойбу! Бирок бул ак жарык мээсинде жанып турду. Барган сайын ого бетер жарыгыраак нурданып баратат. Кайсы бир жерден шумдуктуудай дүңгүрөгөн дабыш угулгансыды, Мартинге өзү зор шатыдан ылдый көздөй караңгы орго зуулдап учуп бара жаткансып сезилди. Муну ал анык түшүндү! Ал караңгы түпкүрдү көздөй зымырап баратты, — дал ушуну түшүнгөн ирмемде эс-учун биротоло жоготту.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.