Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Анын тушунда, мистер Морздун оң жагында Сан-Франциско шаарынын башкы соту Блоунт олтурду. Мартин мурда аны менен бир нече ирет жолугушкан, бирок аны анчалык деле жактыра берчү эмес. Сот Руфтун атасы менен жумушчулар бирикмеси, саясий абал жана социализм жөнүндө аңгемелешип жаткан учурда, сөз арасында мистер Морзго социалисттик окуунун чечкиндүү жактоочусу катарында Мартинди көрсөтө белгилеп өттү. Сот Блоунт аталык боор ачынуу менен Мартинге карап койду. Мартин ичинен күлдү.

— Бара-бара сиз өзүңүздүн адашканыңызды түшүнөсүз, — деди сот жубаткандай мээрим сүйлөп, — мындай балалык оорууну убакыт өзү бат эле айыктырып коет! (анан сот кайра Морзго бурулду) Мындай учурларда мен эч качан талашкым келбейт, анткени бул «оорулуу» адамдын өжөрлүгүн гана козгойт.

— Сөзүңүздүн катасы жок, — деди салабаттуу мистер Морз, — бирок ошондой болсо да, кээде «оорулуу» адамга анын өжөрлүгүнүн кесепеттерин алдын ала эскертип коюу пайдалуу болот го дейм.

Мартин кара күчкө сала күлүп жиберди. Күн узун болуп, кечке баш көтөрбөй катуу иштегендиктен, Мартиндин мээси ансыз да абдан чарчап турган эле.

— Силер шексиз мыкты дарыгерлерсиңер,— деди ал, — бирок, эгерде бейтаптын пикири менен кичине болсо да эсептеше турган болсоңуздар, анда мен айтып коеюн, силер оорунун диагнозунан ката кетип калдыңар. Чынында мага таандык кылып аткан оору менен силер өзүңөр ооруп жүрөсүңөр. Андай оору мага таптакыр жукпайт. Силерди козутуп аткан социалисттик философиянын мага эч бир тийиштиги да жок.

Эпчилин, — күңкүлдөп койду сот, — талаштагы эң мыкты ыкма — күнөөнү айыптоочунун өзүнө оодара салмай деген мына ушу.

— Кое туруңуз! Мен сиздин сөзүңүздүн негизинде айтып жатам! — деди Мартин. Анын көздөрү жана түштү, бирок дагы эле өзүн кармап турду. — Судья мырза, билгиңиз келсе, мен сиздин шайлоо алдындагы сүйлөгөн сөзүңүздү уккан элем. Сиздин ойду бурмалаган жагынан өзгөчө жөндөмүңүздөн улам, — көбү түшүнө бербесе да бул менин жакшы көргөн сөзүм — сиз өзүңүздү «алдуулар гана жеңип чыгат» деген принциптин жактоочусумун деп эсептегениңиз менен, ошол эле маалда, болгон күч аракетиңизди ошол алдууларды алсыздандырганга жумшайсыз.

— Жаш жигит!..     

— Сиздин сөзүңүздү укканымды унутпаңыз! — деди Мартин анын сөзүн бөлүп. — Сиздин штаттар ортосундагы өз ара соода байланышындагы, темир жол жана нефти тресттеринин иштерин тартипке келтирүү жөнүндөгү, токойлорду пландуу түрдө пайдалануу жана башкалар боюнча позицияңыз чектөө чараларын киргизүүгө ыктап, мазмуну жагынан социалисттердин позициясы менен дал келишип турат.

— Демек, сиздин оюңузча, бийлиги барлардын чектен чыккан өкүмзордугун ооздуктоонун кереги жок экен да?

— Кеп мында эмес, мен сизге натуура диагноз койгонуңуз менен мага социализмдин ылаңы жукпаганын гана далилдегим келет. Мен сизге өзүңүз ушул бактерияны жуктуруп алганыңызды далилдегим келет! А мен болсо социализмдин, силердин маңызы жалган социализм болсо да, муну өз аты менен атагысы келбеген демократия сөрөйүңөрдүн душманы болгондой эле түпкү душманымын. Мен реакционермин, болгондо ушунчалык ынанган реакционермин, менин көз караштарымды коомдук жалган капкактын алдында жашап келаткан силер эзели түшүнө албайсыңар, анткени силер бул капкактын артындагыны таптакыр көрө албай турган карама сокурсуңар. Силер күчтүүнүн жеңишине ишенгендей түр көрсөтөсүңөр, мен болсо буга чындап ишенем. Айырма мына ушунда. Мен жашыраак кезде — болгону мындан бир нече ай мурда, — силер сыяктуу эле ой жүгүртчүмүн, силердин айткандарыңар мага белгилүү бир даражада таасир да этчү. Бирок соодагерлер менен дүкөнчүлөр — суу жүрөк башкаруучулар; алар акча тапкандан башканы билбейт, ошондуктан мен байыркы аристократизмге кайрылгым келет. Бул бөлмөдө мен жападан жалгыз ииндувидуалистмин. Менин мамлекет менен эч кандай ишим жок. Мен атчан келип, мамлекетти кыйроодон сактап кала турган кудуреттүү адамды гана күтөм.  Ницше абдан туура айткан. Убактымды коротуп силерге Ницшенин ким экенин түшүндүрүп отурбайын, бирок анын айткандары туура! Дүйнө — кудуретине жараша кең пейил, күчтүүлөрдүкү, алар соода-сатыктын сазында өмүр бою чабалактабайт. Дүйнө эч качан эч ким менен келишимге барбаган, дайыма “ооба” деп турчу чыныгы аксөөктөргө, аксаргыл жырткычтарга таандык. Алар силерди, социализмден корккон социалисттерди, өзүлөрүн индивидуалист элестеткендерди эки чайнап, бир жутуп коюшат. Силерди кулдук урган ортозаар моралыңар сактап кала албайт! Албетте, мунун баары силерге эзели түшүнгүс кытайдын тамгасындай нерселер, андыктан силерди мындан ары тажаткым келбейт. Бирок бир нерсе эсиңерде болсун! Оклендде беш-алты гана индивидуалист болсо, алардын бири силердин алдыңарда турган Мартин Иден.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.