Жек Лондон
Мартин Иден
— Сиз мага сыйкырдуу өлкөнү көрсөттүңүз, — деди Мартин Бриссенден экөө паромго түшө берерде. — Мындай адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин жашагың келет! Тимеле эмне дээримди билбей турам! Ушул убакка чейин идеализм эмне экенин билген эмес элем. Аны азыр деле кабыл алгым келбейт. Мен дайыма реалист бойдон калам— ушундай жаралсам керек. Крейз, Гамильтон экөө менен талаша алмакмын, Нортонго эки же үч суроо бере да алар элем. Алар Спенсерге анчалык деле катуу катылышканын көрбөдүм. Циркти биринчи жолу көргөн балакайдай толкунданып турам. Эми дагы далай нерселерди окушум керек экенин көрүп турам. Салибинин китебин таап алуум керек! Мен Спенсерди кол тийгис деп эсептейм. Эмки жолу талашка өзүм катышам... Бирок, Бриссенден уккан жок, сөөгү оркойгон ээгин мойнундагы жылуу моюн орогучуна катып алып, оор дем ала үргүлөп кеткен эле, арык денеси улам винт айланган сайын селт эте түшүп баратты.
XXXVII ГЛАВА
Эртеси күнү Мартин Бриссендендин бир нече жолу эскерткенине карабай, «Акрополь» журналына «Күндүн осолдугун» жөнөтүп жиберди. Ал эгерде журнал аны басып калса, анда макаланы кайсы бир китеп басып чыгаруучуларга сатканга оңойураак болор беле деди. Бриссендендин «Эфемеридасын» да басып туруп, кошо жөнөттү. Бриссендендин редакторлор менен журналдарды өлөөрчө жек көрөрүнө карабай, Мартин поэма жарык көрүшү деген чечимге келип турду. Албетте, аны кайсы бир ири журнал кабыл алып калса, анда Бриссендендин макулдугун анан деле алам деди.
Мартин ошол эле күнү эртең менен өзүнүн үч жума мурда ойлоп койгон жана оюнда ээ жаа бербей, кагазга өзү суранып турган повестин жазууга киришти. Бул деңиз турмушун баяндаган кызыктуу окуялардан турган жана жыйырманчы кылымдагы романтиканын үлгүсүн көрсөткөн чыныгы мүнөздөрдү жана реалдуу чөйрөнү чагылдырган повесть болмок. Бирок окуянын курчтугунун астында карапайым окурман анчалык деле байкай албаган, бирок окугандан ырахат алчудай өзгөчө бир мазмуун катылып жатышы керек эле. Мартин үчүн повесттеги эң башкы нерсе сюжеттин өнүгүшү эмес, мына ушул өзгөчө мазмуун болчу. Аны ар качан чыгарманын идеясы өзүнө тарта турган, сюжет болсо ошого көз каранды боло турган. Ал мындай идеяны таап алган соң, анын маңызын ачып көрсөткөн не бир образдар менен жагдайларды кошо тапканды билчү. Повесть «Кечиккен» деп аталып, көлөмү алтымыш миң сөздөн ашпас керек эле. Мындай иш чыгармачылык кайраты ташкындап турган Мартин үчүн түккө турбаган оңой иш эле. Повестти жазып баштаган биринчи эле күнү ал чеберчиликтин терең кумарын сезди. Ал эми адабий форманын ийкемсиздигинен, чабалдыгынан баягыдай коркпой калган болчу. Көп айлар бою туруктуулук менен чымырканып иштеген иши акыры минтип өз жемишин бере баштады. Эми ал ойлогон максатына ишенимдүү, эч бир кыйшаюусуз бара алат, турмушту жеткиликтүү түшүнүү, аны чагылдыра алуу колунан келерине эч качан мынчалык терең ишенген эмес эле. Мартин «Кечиккенде» чыныгы болгон окуяны жана ага катышкан чыныгы адамдарды, алардын реалдуу ой-пикирлерин, сезимдерин алып чыккысы келди. Бирок повестте мындан башка бардык өлкөлөр, бардык мезгилдер жана элдер үчүн бирдей калыс жана тең купуя улуу маани жана идея болууга тийиш эле. «Мунун баары Герберт Спенсердин таасири эмеспи, — деп ойлоду Мартин, отургучка чалкалай түшүп. — Ооба, Герберт Спенсердин жана ал менин колума карматкан дүйнө түзүмүн таанып билүүнүн эволюция деп аталган улуу ачкычынын жардамы аркасында болуп атат». Мартин азыр өзү жаратып жаткан нерсенин тереңдиги менен маанилилүүлүгүн айкын түшүнүп турду: «Иш кетет буйруса! Кетет!»— деди ал оюн бекемдеп. Ошентип иш шыр кетти. Акыры ал ар кандай журнал болбосун, колдон жулуп кете турган ушундай бир мыкты нерсени жазат. Бүтүндөй повесть анын көз алдында оттуу тамгалар менен күйүп турду. Мартин күтүлбөгөн жерден ишти токтото коюп, кичинекей чөнтөк дептерчесине повесттин корутундусу боло турган үзүндүнү шилтеп салды. Окуянын композициясы ага ушунчалык ачык –айкын эле, ал повестти бүтпөй туруп эле, анын аягын жазып коюудан эч бир кыйналган жок. Ал али бүтө элек повестин башка жазуучулардын аңгемелери менен салыштырып көрүп, өзүнүкү тигилердикинен ченеп болгус өйдө деген ишенимге келди.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.