Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Сиз Юмдун эмне айтканын билесизби? — деди кызуулана түшкөн Гамильтон.

Нортон башын ийкеди. Бирок Гамильтон башкаларга түшүндүрүп коёюн деди:

— Юм Берклинин жүйөөлөрү эч кандай жоопко жол бербейт жана таптакыр ишенимсиз деген.

— Бирок, Юм үчүн гана ишенимсиз, — каршы болду Нортон, — Юмдун акылы деле так сиздикиндей калыптанган, бирок экөөңөрдүн ортоңордогу бир гана айырма, — ал сизге караганда даанышманыраак жана Берклиге жооп берүүгө мүмкүн эмес экенин моюнга алган.

Нортон өзүн кармай билгени менен кызуу кандуу жана бат эле чырт этип кетчү адам эле, Крейз менен Гамилтон болсо душмандын чабал жерлерин алдыртан шашпай үйрөнгөнгө маш салкын кандуу жапайыларды элестетишчү. Кеченин аяктап калганда сен метафизиксиң дей бергенге жаалы кайнап, бетинен түгү чыккан, жүзү дуулдап ысып, көздөрүнөн от чагылышкан Нортон эки колу менен үстөлдү мыкчый кармады да каршылаштарын жапырып киргенге чечкиндүү камданып калды.

— Болуптур, геккельянчылар, — деди ал кыйкыра, — мүмкүн, мен маселени сыйкырчы менен бакшы сыяктуу талкуулап аткандырмын, а силерчи, билүүгө мүмкүн болсо, силер кандайча талкуулап жатасыңар? Силер позитивдүү илимдер жөнүндө кыйкырганыңар менен таянчу эч кандай базисиңер жок го? Силер түркөй догматиксиңер! Материалисттик монизм мектеби пайда болгонго чейин эле болгон кыртыштын баары эчак пайдубал курууга мүмкүн болбогудай кылып казылып салынган эмес беле? Муну кылган Локк? Джон Локк! Ал мындан эки жүз мурда же андан да көптүр, өзүнүн «Адамдын таанып билүүсү жөнүндөгү тажрыйбаларында» тубаса идея жөнүндөгү түшүнүктүн сандырактыгын далилдеген. Ал эми силер болсо ушу кезге чейин ошону менен алектенип келатасыңар. Бүгүн керели кечке силер мага эч кандай тубаса идея жок жана болууга да мүмкүн эмес экенин далилдеп атасыңар. Минткениңер эмне дегендикке жатат? Бул адам эч качан чындыктын чокусуна жете албайт дегендик. Силер туулганыңарда мээңерде эч кандай идеяңар жок болот. А кийинки бардык түшүнүктөрүңөр өзүңөрдүн беш сезимиңердин жардамы менен алынган феномендерге, кабылдоолоруңарга гана таянат. Туулганыңарда мээңерде болбогон нумендер[3] мурда да, кийин да эч качан мээңерге кирбейт.

— Туура эмес, — Крейз анын сөзүн бөлүп кетти.

— Мен сүйлөп бүтөйүнчү! — кыйкырды Нортон. — Силердин  аң-сезимиңерге тикеден-тике, же болбосо, кыйыр түрдө таасир эткенде гана материя менен күчтүн өз ара аракеттерин жана байланыштарын түшүнө аласыңар. Көрдүңбү, мен материянын бар экенин мойнума алып жатам! Дал ушундай болууга тийиш. Бирок мен азыр силерди өзүңөрдүн эле далилиңер менен талкалайм. Башка жолу жок, анткени, тилекке каршы, экөөңөрдө тең абстракттуу ой жүгүртүү деген жок. Ошондуктан кана, пайдалуу илимдин негизине таянып айткылачы, силер материя жөнүндө эмне билесиңер? Силер өзүңөр кабыл алган гана нерселерди, же айталы, феномендерди гана билесиңер. Силер материянын гана өзгөрүшүн, тагыраак айтканда, анын өзгөрүлүшүн өзүңөр кандай кабыл ала тургандыгыңарды гана билесиңер. Пайдалуу илим бир гана феномендер менен иш кылат, а силер, акылынан адашкандар, нумендер менен гана иштеп, өзүңөрдү онтологдорбуз деп эсептейсиңер. Жадагалса, пайдалуу илим кубулуштар менен гана иш алып барат. Кимдир бирөө бир жолу кубулуштар жөнүндөгү илим — кубулуштардан өйдө тура албайт деп айткан экен. Силер Кантты четке каксаңар да Берклиге жооп бере албайсыңар. Бирок силер Беркли жаңылышат дейсиңер, анткени, кудайдын бар экенин жокко чыгарган силердин илимиңер материянын бар экенине шектенбейт. Мен азыр материянын бар экенин силер оюмду туура түшүнсүн деп гана мойнума алып жатам. Бай болгурлар, кичине ыракым этип койгулачы, онтологияны таштап, пайдалуу илимдин артынан түшсөңөр боло, пайдалуу илимде онтологияга орун жок. Демек, аны жайына тынч койгула. Спенсер агностик катары туура айткан, бирок эгерде Спенсер...

Оклендке кетчү паромдун жөнөөр маалы жакындап калгандыктан, Мартин менен Бриссенден кетүүгө аргасыз болушту. Алар Нортон сөзүн сүйлөп бүтө элек кезде, Крейз менен Гамильтон болсо аны кутурган эки тайгандай баса кала тургансып, анын сүйлөп бүтүшүн гана күтүп турган мезгилде акырын билинбей  чыгып кете беришти.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.