Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Бирок, мындайды бир гана киши жаза алмак, — күбүрөдү Мартин, — ал Конрад. Бирок Конрад да бул повесть үчүн мени колумдан бекем кысып туруп: «Мартин достум, мыкты жазгансың!», — демек. Керели кечке чейин Мартин повесттин үстүндө олтуруп, кечинде күтүлбөгөн жерден өзүнүн Морздордукунда тамакка чакырылганын эстеди. Бриссендендин аркасы менен Мартин өзүнүн кара кемселин ломбарддан кайра сатып алып, коомго чыгуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти. Жолдо келе жатып, китепканага бурулуп, аяктан Салибинин бир китебин ала чыкты. Трамвайда келе жатып баягыда талаш учурунда Нортон айткан «Турмуштун циклин» окуп чыкмак болду.  Окуп алып каны кайнап ачуусу келип чыкты Мартиндин. Өңү сурданып, дуулдап ысып кетти, көздөрү ойноктоп, кимдир бирөөнү жыга кое тургансып муштумдары өзүнөн өзү түйүлө калып жатты. Трамвайдан түшкөн соң бирөөгө кол сала тургандай чечкиндүү кадам шилтеп, көчө менен келе жатты. Морздордукуна келип, алардын эшигинин коңгуроосун катуу басып жиберген кезде гана эсине келе түшүп, жайдары каткырып жиберди. Бирок үйгө кирип келер замат кайрадан терең убайымга батты. Канаты кайрылгансып, шыктанган сезими алып чыгып кеткен бийиктиктен ошол замат кайра кулап түшкөндөй болду.

Бриссендендин жакшы көргөн «Буржуйлар! Соодагерлер!» — деген сөздөрүн эсине түшүрдү. «Эмне экен?» — деп ал өзүн-өзү жекирип алды. — Мен үй-бүлөсүнө эмес, Руфка үйлөнөм!».

Мартиндин көзүнө Руфь эч качан мынчалык сулуу, мынчалык татынакай жана назик, сергек жана тийип турган күндөй жайнап көрүнгөн эмес эле. Бетине бир аз кызыл жүгүрүптүр, Мартин анын көгүлтүр көздөрүнөн өлбөстүктүн шооласы чачырап турганын алгачкы жолу көрүп турду. Ырас, бир аздан кийин ал бул жөнүндө унутуп коюп, көңүлү пайдалуу илимдер жакка бурулуп кетти, бирок эми Руфтун көздөрүнөн адамдын тили менен айта алгыс башкача бир нерсени көрүп жатты. Мартин бул көз караштан сүйүүнү окуган эле. Ушундай эле ар кандай талаш-тартыштан өйдө турган жалбырттаган махабат анын көздөрүнөн да жанып турду. Бул анын жүрөгүнө кыттай уюган, кемибес терең ишеними эле. Анын тамактын алдында Руфь менен чогуу отуруп, жарым саатча аңгемелешкени аны кайрадан чексиз бакытка бөлөп, жашоого болгон жайдары мамилесин жандантты. Бирок тамак үстүндө Мартин күтүлбөгөн жерден шайы кетип баратканын сезди, бул керели кечке баш көтөрбөй иштегенден кийинки чарчоо эле. Өзүнүн көздөрү чарчап, денеси талыкшып, сиркеси суу көтөрбөй турганын билип турду. Бир кезде өзү алда канча жогору деп санаган, эми болсо анын итиркейин келтирчү болгон адамдар менен мына ушул столдо алгачкы ирет чогуу отурганын эстеди. Анда ага бул үйдүн абасы да кылдат маданият менен сугарылгандай сезилген эле. Ошондо башкалардын көзүнө ал ажайыпканадан чыга келген макулуктай, боор ооругудай бирөө болуп көрүнсө керек. Сүрдөп кысынганынан чыпылдап чекесинен тери шоргологон, жайнаган тамактан башы адашкан, зыңгыраган малайдын кабагынан сүрдөгөн, кокусунан келип калган бийик мырза чөйрөдө өзүн жоготпогонго абдан тырышкан, акыры жүдөп, жаны кашайганда дээринде болбогон билиминин тереңдигин, кылдат манераларды көрсөтөм деп кыйналбай эле, кандай болсом, ошондой эле болоюнчу деп чечкен жарым жапайы неме эмес беле анда.

Мартин Руфка кемеге коркунуч туулганын укканда куткарып калчу тегерек ордунда бекен деп текшерген саякатчыдай алдыртан көз чаптырып койду. Ооба! Бир гана сүйүү менен Руфь убакыттын сыноосунан өткөн. Калган нерселердин баары ал китеп окуп баштагандан кийин тумандай тарап жок болуп кеткен эле. Бирок Руфь менен махабат гана мираж эмес болчу. Аларга Мартин биологиялык негиз тапкан. Махабат жашоонун айтып бүткүс көрүнүшү эле. Жаратылыш анын тагдырына махабатты буйруган экен, эми ал ар бир башка нормалдуу кишидей эле андан ырахат алышы керек. Адам пендесине ыроологон бул максатка аны жеткириш үчүн жаратылыш он миңдеген, жүз миңдеген жылдар, миллиондогон кылымдар бою  салгылашып келди, эми махабатка жеткен адам пендеси жаратылыш жараткан жетишкендиктин туу чокусу эле. Ал Мартиндин жан дүйнөсүнө махабатты уялатып, анын толкуну менен денени дирилдеткен кубанычын, ачкыл даамын сезсин деп күчүн миллиард эсеге көбөйткөн. Ал байкаттырбай столдун алдынан Руфтун колун кармап, бекем кысып койду. Буга жооп кылып, Руфь да анын колун ошондой эле ысык кысып койду. Ошол замат бири-бирин жалт карашып, кыздын көздөрүндө сүйүү менен мээрим жайнай түштү. Мартиндин көздөрү да жайнай түштү, бирок Руфтун көздөрүндөгү мээрим менен махабат чынында өзүнүн көз карашындагы оттун чагылышып турганы болчу.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.