Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Ушинтип айтты да, талаш аяктады дегендей Мартин Руфка бурулду.

— Мен бүгүн чарчадым, — деди ал, — менин сүйлөгүм эмес, сүйгүм келет.

Ал мистер Морздун:

— Сиз мени ишендире алган жоксуз. Социалисттердин баарыкуу, эки жүздүүлөр. Алар амалкөйлүгүнө салып турбаса башы ооруйт, — деп тийишкенине жооп кайтарган да жок.  

— Эч нерсе эмес! Биз сизден али кең пейил республикачы чыгарабыз — деди судья Блоунт.

Атчан адам ага чейин эле жетип келет, — деген Мартин жылмайып күлө кайрадан Руфка бурулуп кетти.

Бирок мистер Морз алымсынбай турду. Ага болочок күйөө баласынын жалкоолугу аз келгенсип, кадыресе, акыл-эстүү ишмерликти жек көргөнү жакпай турду, анүстүнө анын ойлору да ага жат, туруш-турпаты түшүнүксүз эле. Ушул жерден мистер Морз кеп нугун Герберт Спенсердин окуусуна бурууну чечти. Мистер Блоунт да аны колдоого алды, Мартин болсо философтун ысмын угары менен кулагын түрө калып, соттун салабаттуулук менен Спенсердин идеяларын кырдана сындап киргенин укту. Мистер Морз болсо «көрдүңбү, балакайдеп айтып жибере тургансып, улам Мартинди мылжыя карап коюп жатты.

Былжырак кеп, — шыбырап коюп атты Руфь жана Артур менен сүйлөшүп жаткан Мартин.

Бирок, күндүзгү чарчаганы, кечеки «чыныгы адамдар» менен болгон талашып-тартышуу акыры билинди, анүстүнө трамвайда келатып окуган макалага кыжырдануусу дагы эле тарай элек болчу.

— Эмне болуп кетти? — деп күтүлбөгөн жерден Руфь өзүн-өзү араңдан зорго кармап турган Мартинден чочулай сурап калды.

— «Тааныбастыктан башка кудай жок, ал эми Герберт Спенсер анын байгамбары», — деди бир кезде сот.

Мартин ошо замат шарт бурулду.

Сокур тыйынга арзыбаган тапандык, — деди ал токтоо гана, — мен муну биринчи жолу Сити-Холл сейил багынан кем акыл бир жумушчунун оозунан уккан элем. Ошондон бери бул сөздү бат баттан укчу болдум, уккан анын адепсиздигинен жүрөгүм айланчу болду. Өзүңүз уялбайсызбы жок дегенде! Сиздин кунары жок сөздөрүңүздүн арасында бул улуу, асыл адамдын ысымы балчык суудагы бир тамчы шүүдүрүмдөй болуп турат. Сиз мени жийиркентип атасыз!

Бул күтпөгөн жерден чагылгандын чарт эткениндей болду. Сот Блоунт кызара түшүп, ортого жөрөлгөсү жаман тынчтык чөктү. Мистер Морз ичинен кымылдап турду. Кызынын осол болгонун көрүп турат да. Ал өз максатына жетти: өзү өлөөрчө жек көргөн бул адамдын кычыгына тийип койду эле, ал табиятынан орой неме экенин өзү ашкерелеп салды.

Руфь жалбаргандай столдун алдынан Мартиндин колун кысты, бирок каны кызып алган Мартинди токтотуп болбос эле. Мансаптуу адамдардын кекирейгени жана түркөйлүгү кыжырын келтирип жиберди. Башкы сот имиш! Кечээ эле эки-үч жыл мурда өзү күлдүн ичинде жатпады беле, буга окшогон адамдарга кудайдай карабады беле.

Судья Блоунт эсине келе түшүп, алтургай, аңгемени улантууга аракеттенди, Мартинге кара күчкө кичи пейилдүүлүк менен жылмайган да болду, бирок мунусу отурган айымдар үчүн гана жасаганын Мартин  түшүндү. Судьянын бул кылыгы эми аны биротоло жиндендирип жиберди. Бул дүйнөдө акыйкаттык деген деги бар бекен?

— Спенсер жөнүндө мени менен тартыша турган сиз эмес! — кыйкырды ал. — Сиз Спенсер туурасында тыңыраак деле билбейсиз. Билем, буга сиз күнөөлүү эмессиз! Буга азыркы учурдагы түркөйлүк күнөөлүү. Мунун бир үлгүсү менен азыр эле бул жакка келатып, кокусунан таанышып калдым! Салиби деген Герберт Спенсерди изилдеп чыгыптыр. Сиз дагы окусаңыз болмок экен. Китеп таңкыс эмес, ар кайсы дүкөндө жайнап турат. Салибинин ал улуу адам жөнүндө эмне жазганын окусаңыз, жадагалса, сиз да ыңгайсыз абалда каласыз. Бул наадандыктын жеткен чеги, анын астында сиздин ээнооз адепсиздигиңиз биякта эле калат. Спенсер менен бир абадан дем алууга татыксыз бул академиялык келжирек философ аны «чала сабат философ» деп атаптыр. Сиз Спенсердин чыгармасынын он барагын да окубагандыгыңызды билем, сизден аша чаап окубаган, бирок интеллектиси жогорураак сынчылар болушкан; бир жери менен иши жок мына ошо бечаралар Спенсердин жолун жолдогондорго анын идеяларынын жалган экенин көрсөтүүгө бетпактык менен батынышкан! Түшүнүп атасызбы? Улуу генийи илимий таанып билүүнүн бардык жактарын камтыган  адамдын идеяларын калп дегенге батынып атышат; ал психологиянын атасы болгон; ал педагогика жаатында бүтүндөй бир бурулуш жасаган, мына эми учурда Франциядагы дыйкандардын балдары билим негиздерин Спенсер сунуш кылган усулдар боюнча алып жатышат. Анын арбагына шек келтирип, акаарат кылып атышкан санда жок бир пенделер анын идеяларын практикалык түрдө колдонуу менен нан таап жеп атышат. Эгерде алардын мээсинде жок дегенде бир бүдүр ой болсо, анда алар бул үчүн Спенсерге ракмат айтышы керек! Эгерде ал болбогондо, алардын тоту куш сыяктуу жаттап алган жарыбаган билими да болмок эмес. Ээлеген мансабы сиздикинен жогору Оксфорддогу Фербенкс өңдөнгөн кайсы бир мырза, судья Блоунт, келечек муундар Спенсерди ойчул дебей,  акын же кыялкеч аташат деп айткысы бар. Булар чыңкылдап үргөн кандектер, башка ким!? Бирөөсү «Негизги башталыш» адабий көркөмдүктөн арыла алган эмес десе, башкасы Спенсер оригиналдуу ойчул эмес, акылдын гана дыйканы деп кыйкырат. Чыңкылдаган кандектер! Чыңкылдаган кандектердин үйүрү!

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.