Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартин кулак мурун кескен тынчтыкта тып токтоп калды. Руфтун үйүндөгүлөрдүн баары судья Блоунтту ардактуу, кадыры сиңген адам катары өзгөчө урматтап, сыйлаша турган, ошондуктан Мартиндин айткандары алардын баарынын эсин оодарып, жүрөктөрүн түшүрдү. Тамактын акыры ошентип киши өлгөндөй абдан чөгүңкү маанайда өттү. Судья менен мистер Мороз өзүлөрүнчө күбүрөшүп атышты, башкалардын сөздөрү болсо таптакыр эле коошпой жатты.

Тамак ичилип бүтүп, экөө жалгыз калган соң Руфь менен Мартиндин ортосунда катуу жаңжал чыкты.

— Сиз адам чыдагыс неме экенсиз, — деди көзүнүн жашы көлдөгөн Руфь.

Бирок Мартиндин ачуусу али басыла элек болучу, ошондуктан ал ызырынып, сөгүнө берди.

— Айбандар! Ах, айбандар!..

Руфь анын судьяны акаарат кылганын айтты эле, Мартин шарт эле каршы жооп кайтарды:

— Сиздин оюңузча, мен аны эмне кылып акарат кылыптырмын? Чындыкты айтканым үчүнбү?

— Чындыкпы, же чындык эмеспи, аны менен ишим жок, — сөзүн улантты Руфь, — адептүүлүктүн баарына маалым чеги бар, сизге эч ким адамдарды акаарат кылууга укук берген!

Судья Блоунтка чындыкты акаарат кылганга ким укук бериптир? — кыйкырып жиберди Мартин, — Чындыкты кордогон кээ бир киши сөрөйлөрдү шылдыңдоого караганда кыйла оор. Бирок ал андан да ашкан жамандык жасады! Эчак көзү өтүп кеткен улуу, асыл ойчулдун ысмына көө жапты. Ах, айбандар! Ах айбандар!

Мартиндин абдан жаалданып алганы Руфту катуу чочутту. Ал Мартинди мындай абалда биринчи жолу көрүп атты, бирок мынчалык акылынан адашкычакты жаалданууга эмне себеп болгонун түшүнө албай турду.  Ошол эле маалда ал кызды азгырып, өзүнө тартып турганы ушунчалык, кыз өзүн-өзү токтото албай кетти, Мартинге ыктай түшүп, мойнунан бекем кучактап калды. Руфь эмеле болуп өткөн окуядан жан дүйнөсү жабыркап, ага аябай ачуусу келип турса да, башын Мартиндин көкүрөгүнө жөлөп алды, ага бекем ыктаган бойдон анын токтоно албай:

— Айбандар десе, ах айбандар! — деп тилдегенин угуп атты.   

Мартин ага:

-Мен мындан ары силердин сый тамагыңарды бузгум келбейт, кымбаттуум. Сиздин жакындарыңыз мени жактырышпайт, мен да аларга жабышкым келбейт. Аларга мен кандай жек көрүнсөм, мага да алар ошончолук жек көрүнөт. Түү! Алар эмне мынча жийиркеничтүү! Курган башым бир кезде мансабы бар, заңгыраган үйдө жашаган, университетте окуган диплому бар, акчаларын банкта сактаган адамдарга төмөндөн өйдө карачу элем! Өзүмдүн баёолугуман бул адамдар чынында эле урматка татыктуу адамдар деп ойлоп жүрүптүрмүн, — дегенде да башын көтөргөн жок.

 

XXXVIII ГЛАВА

— Жүрүңүз, социалисттик клубга барабыз! — деди бир жолу Бриссенден үч күн ичинде экинчи жолу кармаган өпкөсүнөн кан түкүрүүдөн аябай чаалыккан түр менен. Калтыраган колуна кармаганы демейдеги бир ыстыкан виски эле.

Ал жерде мага эмне бар? — сурады Мартин.

— Сырттан келгендерге беш мүнөттүк сөз берилет, — деди Бриссенден, — сиз чыгып сүйлөйсүз. Аларга өзүңүздүн эмне үчүн социалист эмес экениңизди айтып бересиз. Алар туурасында, жүрүш-турушу, аз улуттардын жүрүш-турушу жөнүндө өзүңүздүн оюңузду айтасыз. Аларга Ницшени таштап коюп, бир ботко чалбайсызбы. Аларга, сизге деле мындай талашып-тартышкан өтө пайдалуу. Мен өлгөнгө чейин сиздин социалист болушуңузду абдан каалар элем. Бул сизди турмуштан көңүл кайт болгон учурда, андай учур сөзсүз келет, куткарып калат.

— Мен так ушу сиздин кандайча социалист экениңизге такыр түшүнбөйм, — деди Мартин, — анткени сиз топураган көпчүлүктү жек көрөсүз да? Чынында кооздукту артык көргөн сиздей адамдын көпчүлүктүн кызыкчылыктары, алардын умтулуулары менен кандай иши бар? — Ушул сөздөрдү айткан Мартин жекиргендей түр менен Бриссенденге вискини көрсөтүп: — социализм сизди сактап калалбайт окшойт, — деди.

— Мен абдан оорулуу адаммын, — деди Бриссенден. — Сиз башка кеп. Саламаттыгыңыз куландан соо, келечегиңиз алдыда, эми алдыңызга бир максат коюп, ошого умтулушуңуз гана керек. Сиз менин социалист экениме таң калып жатасызбы? Түшүндүрүп берейин. Социализм келбей койбойт, анткени учурдагы коомдук түзүлүш чирип бүттү, көпкө жашай албайт, себеби сиздин атчан кишиңиздин доору небак өтүп кеткен. Кулдар анын артынан ээрчибейт. Кулдар ушунчалык көп болгондуктан, аны атка мингизе коюшпайт. Сиз баары бир алардан качып кутула албайсыз, алардын кулдук моралын жутууга аргасыз болосуз. Албетте бул таттуу эместир. Бирок эч нерсе кыла албайсыз. Сиз өзүңүздүн ницшеандык идеяларыңыз менен тимеле жапайы адамсыз, Мартин. Өткөн — өттү, кеткен — кетти, ким тарых кайталанат десе калп айтат. Сиз туура айтасыз, мен топураган аламанды жактырбайм, бирок эмне кылыш керек? АСиз ачан кишини күтө берип чарчайсыз, мен болсо кандай бийлик болсо болсун, бир гана буржуазиялык суу жүрөк чочколордун бийлиги болбосо экен дейм. Жүрүңүз, эгер мен бул жерде дагы бир аз отурсам, анда ичип атып кулап калышым мүмкүн! Догдурдун эмне дегенин билесизби? Ошол догдур кара жерге кирсин! Аны иттей алдап кетким келип жүрөт.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.