Жек Лондон
Мартин Иден
— Келип туруңуз, мистер Иден, сизди көргөнгө ар убакта куштарбыз! — деп артынан куунак кыйкырып да калышты.
Мартин жыгылган жеринен өйдө боло берип, өзү да жылмайып койду.
— Өх ата, — деп койду күбүрөп, — азаматсыңар балдар! Тетиги транс-континенталдык шүмшүктөрдөй кантип болсун!
Буга жооп кайтарып каткырган күлкү угулду.
— Сизге айтып коюушум керек, мистер Иден, — деди «Шершендин» редактору, дили назик акын болсоңуз да муштумуңуз катуу жигит экенсиз. Сиз мындай бра рулени (күрөштүн түрү — Б.Ш.) кайдан билесиз?
— Сиз кош кабат нельсон (күрөштүн түрү — Б. Ш.) менен машыккан жерден үйрөнгөм, — деди Мартин, — канткен менен сиздин көзүңүз көгөрүшү мүмкүн!
— Сиздин да мойнуңуз шишип чыгат ко дейм, — деди редактор сыпайычылыкка сала. — Чын эле мунун урматына бир аз сеп этип койсок кантет? Албетте, сиздин жабыркагана мойнуңуз үчүн эмес, биздин таанышканыбыздын урматына.
— Мен жеңилдим, демек, макулмун, — деди Мартин.
Ошентип тоногондор менен тонолгон адам баары чогуу бир бөтөлкөнү бөлө тартышты да, салгылашта күчтүү тарап жеңишке жетишти дешип достук иретинде макул болушту, андыктан «Пери жана акак» үчүн бериле турган он беш доллар мыйзамдуу түрдө «Шершенде» калды.
XXXIV ГЛАВА
Артур эшиктин жанында калып, Руфь тепкич аркылуу Мария Сильванын үйүнө чуркап кирип кетти. Ал шашыла тарсылдап жазып аткан машинкенин үнүн угуп, кирип барса Мартин кандайдыр бир кол жазманын эң акыркы барагын басып аткан экен. Руфь Мартиндин Ыраазылык Күнүнө арналган тамакка келер-келбесин билиш үчүн келген эле, бирок өз ойлору менен алек Мартин аны ооз ачырган жок.
— Сизге муну окуп бергенге уруксат этиңиз? — деди ал машинкеден басылган баракты сууруп чыгып. — Бул менин акыркы аңгемем. Башка аңгемелериме таптакыр окшошпойт, мындан өзүм да бир аз коркуп турам. Кыскасы, ушунум эң мыкты экенинен шек санабайм. Өзүңүз деле баа берсеңиз. Гавайлык аңгеме бул, мен муну «Вики— Вики» деп атадым.
Руфь анын тар кепесинде калтырап титиреп үшүп турса да Мартиндин жүзү чыгармачылык илхамдын ыссыгынан албырып турду, бирок колдору таштай муздак эле.
Жактырбаганы жүзүнөн ачык эле көрүнүп турса да кыз сыр бербей Мартиндин аңгемесин ынтаасын коё укту. Мартин окуп бүтүп, андан сурады:
— Ачыгын эле айтыңыз, аңгеме сизге жактыбы?
— Билбейм, — деди кыз, — сиздин оюңузча бул аңгемени бир жерге чыгарса болот деп ойлойсузбу?
— Жок, чыгарат деп ойлобойм, — мойнуна алды ал, — мындайды басуу журналдардын колунан келбейт. Бирок мында нукура чындык бар.
— Сиз эмне үчүн сатышка болбогон мындай нерселерди өчөшкөндөй жаза бересиз? — деди аёосуз Руфь. — Сиз жан багыш үчүн гана жазат эмессизби?
— Ооба, албетте. Бирок менин каарманым менден күчтүүлүк кылып кетти. Эч нерсе кыла албайм. Ал менден аңгеме башкача эмес, так ушундай жазылсын деп талап кылды.
— Бирок эмне үчүн сиздин Вики-Викиңиздин сүйлөгөнү мынчалык орой? Сиздин окурмандарыңыз анын тилинен эстери оойт болушу керек, анан мындай аңгемени четке каккан редакторлордуку туура да.
— Себеби чыныгы Вики-Вики дал ушундай сүйлөмөк.
— Бул жийиркеничтүү.
— Бул жашоо! — кыйкырып жибере жаздады Мартин. — Мындай болот. Бул чындык. Мен жашоо кандай болсо, аны так ошондой кылып гана баяндай алам.
Руфь буга жооп кайтарган жок, ортодо ыңгайсыз жымжырттык өкүм сүрө түштү. Мартин кызды жан дили менен сүйгөндүктөн ага түшүнө албаса, Руфь болсо аны өзүнүн түшүнүгүнүн чектелүү экенинен улам түшүнө албай турду.
— Мен «Трансконтинентал» журналынан акча алдым, — деди Мартин кептин нугун башка жакка бурууга аракеттенди, ошол замат редакциядагы жана үчөөнү кантип төпөштөгөнүн эстеп, токтоно албай каткырып жиберди.
— Эң сонун! Демек, тамакка келет турбайсызбы? — Руфь кубана кыйкырып жиберди. — Мен ушуну билейин деп келгем.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.