Жек Лондон
Мартин Иден
— Абдан эле осол иш болуп калды мистер Иден, — деди мистер Форд ыгы жок жалжактап, — сиз бизди камынтпай келип калдыңыз. Бирок, мындай кылалы. Биз сизге чекти эртең менен жиберип коелу э? Мистер Эндс, сиз мистер Идендин дарегин жазып алдыңызбы?
— О, албетте, мистер Идендин дареги менде жазылуу, чек эртең менен сөзсүз жөнөтүлөт.
Мартин финансы жана банк иштери менен анчалык тааныш болбосо да булар эртең жөнөтө турган чекти азыр эле сопсонун берип кое алышат деген ойго келди.
— Демек, чечилди, сизге мистер Иден, чек эртең жиберилмек болду.
— Акча мага эртең эмес, бүгүн керек, — деди Мартин чечкиндүү.
— Шарттын кыйчалыш болуп калганын карабайсызбы? Эгерде сиз бизге башка бир күнү келгениңизде...— деп баштады эле мистер Форд, бирок сөздү каны кызуураак мисстер Эндс күтүлбөгөн жерден тарс кести:
— Мистер Форд сизге иштин абалын түшүндүрбөдүбү, — деп кесе сүйлөдү ал, — мен да түшүндүрдүм. Чек сизге эртең жиберилет. Уктуңузбу?
— Мен да түшүндүрдүм, — Мартин андан бетер кесе айтты, — мага акча бүгүн, азыр керек.
Иш башкаруучунун мындай орой айтканына Мартиндин кан тамырлары көбө түштү; андан тышкары, тигинин буйдалганына карап Мартин журналдын кассасы азыр так анын чөнтөгүндө экенин түшүндү.
— Менин аргам кетип турат...— деп дагы баштады мистер Форд.
Бирок ушул учурда чыдамы кеткен мистер Эндс шарт бурулуп, бөлмөдөн чыга качайын деп камынып калды. Мартин ошол замат атырылып барып кекиртектен алганда мистер Эндстин кардай аппак сакалы шыпты көздөй кырк беш градуска сербейип көтөрүлүп калды. Жүрөктөрү түшкөн мистер Форд менен мистер Уайт өзүлөрүнүн иш башкаруучусун Мартин тимеле персиянын килеминдей силкип атканын үрөйлөрү уча карап турушту.
— Эй, жаш таланттардын кадырман эзүүчүсү, — деп кыйкырды Мартин, — сыйыңыз менен тиешелүү акчамды колго салыңыз, болбосо азыр чөнтөгүңдү түбү менен кагып алам!
Андан кийин калтырап коркуп карап тургандарга бурулуп зирк этти:
— А силер болсо аралашпагыла... Антчү болсоңор тумшугуңарды талкалайм.
Мистер Эндс тумчугуп баратты, ошондуктан Мартин ага азыркы сунушка макул болгонун айтканга мүмкүнчүлүк берип, карыштыра кармаган колун жакасынан бир аз бошотту. Иш башкаруучу бир нече жолу өз чөнтөгүнө саякат жасаган соң, акырында аяктан төрт доллар он беш центти сууруп чыкты.
— Чөнтөгүңүздүн түбүн бери оодарыңыз! — буйрук берди Мартин.
Аяктан дагы он цент чыкты. Мартин тактыкка сала тапканын эки жолу эсептеп чыкты.
— Эми кезек сиздерде! — деди ал мистер Фордго, — Силер мага дагы жетимиш беш цент карызсыңар!
Мистер Форд унчукпай баш ийип чөнтөгүнө колун салды эле, бар болгону алтымыш гана цент чыкты.
— Дагы жакшылап караңыз, — деди Мартин өкүмзордук менен, — ички чыптамаңыздын чөнтөгүндө томпойгон эмне?
Эси чыккан мистер Форд эки чөнтөгүнүн тең түбүн аңтарды эле, анын биринен төрт бурчтуу катуу кагаз түштү. Мистер Форд аны лып ала коюп, кайра сала коёюн деди эле, бирок Мартин кыйкырып жиберди:
— Ал эмне? Паромдун белетиби? Келе мага. Мунун баасы он цент турат. Демек, белеттин баасын кошкондо, эми менде төрт доллар токсон беш цент болду. Кана, дагы беш центти тапкыла!
Ал мистер Уайтты жекире карады эле, көөнү назик бул мырза көз ирмем ичинде капчыгынан никел тыйынды сууруп чыкты.
— Сиздерге ыраазымын, — деди Мартин үч үлпөттөшкө, саламатта туруңуздар!
— Каракчы! — деп калды артынан киркиреген мистер Эндс.
— Жөлүк! — деди эшикти карс жаап, сыртка чыгып бара жаткан Мартин.
Мартин эмелеки эле жеңишине чексиз шыктанып кетип «Пери менен акак» үчүн ага он беш доллар карыз «Шершенди» эстей калды да ошол замат бул аласасын да кошуп өндүрө кеткиси келди. Бирок «Шершень» журналынын редакциясында баштарын такырайта кырдырып алышкан жаш жигиттер, кебетелерине караганда колдоруна илингендин баарын, анын ичинде бири бирин да аябай тоноп көнгөн анык каракчылар олтурушкан эле. Кармаша кеткенде Мартин эмеректен бирин –экин отургучтарды талкалаганга үлгүрдү, бирок акырында редактор (студент болуп жүргөндө бул атлетика боюнча байгелерди алып жүргөн неме болчу) иш башкаруучу жана жарыя кабыл алуучу үчөөлөп туруп, эшик кайтарган швейцардын жардамы менен Мартинди эшикке түртүп чыгарып салышты, алтургай, тепкичтен өтө тездик менен түшүп кетишине да жардам берип жиберишти.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.