Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Келет дейсизби? — Ал түшүнө албай, кайталап сурады. — Кайда?

Эртең биздикине тамак ичкени. Акча аларыңыз менен костюмуңузду чыгарып алам дебедиңиз беле?

Аны таптакыр унутуп коюптурмун, — деди уялгандай Мартин. — Бирок көрбөйсүзбү... Бүгүн эртең менен полицей келип чөптү тебеледи деп Мариянын эки уй, бир торпогун айдап кетти. Мариянын болсо так ошол учурда айып пул төлөгөнгө акчасы жок болуп калыптыр. Ошондуктан анын айыбын мен төлөдүм... Ошентип «Коңгуроонун үнүнө» алган акчам толугу менен Мариянын уйларын бошотуп алганга кетти.

— Демек, келбейсизби?

Мартин өзүнүн жупуну көйнөгүн карап койду.

— Бара албайм.

Руфтун көгүлтүр көздөрүнө жаш толо түшүп, Мартинди жекире карап алды да, бирок эч нерсе айткан жок.

— Эч нерсе эмес, Ыраазылык Күнүн эмки жылы экөөбүз Дельмоникодо же Лондондо, балким Парижде, айтор, сиз каерде десеңиз, ошол жерден майрамдайбыз. Буга көзүм жетет.

— Мен жакында бир газетадан, — деди Руфь, — почто мекемесинде бош орундар ачылганын окудум. Сиз ал жерде биринчи болуп кезекке жазылып койбодуңуз беле?

Мартин ал жерден чакыруу кагаз келгенин, бирок барбай койгонун мойнуна алганга мажбур болду.

— Мен өзүмө-өзүм ишенем, — деди ал актангандай, — бир жылдан кийин ар кандай почточуга караганда он эсе көп табам. Мына, көрөсүз.    

Ах! — Руфь мындан башка эч нерсе дей алган жок. Ордунан туруп, мээлейин тарта кие баштады. — Мен кетейин эми, Мартин. Артур да күтүп калды.

Мартин аны бекем кучактап туруп, өөп жиберди, бирок Руфь анын эркелеткенин кайдыгер гана кабыл алды, денеси мурдагыдай титиреп кетпеди, моюнунан шак кучактап, эриндери менен эриндерине чап жабыша да калган жок.

«Таарынып калды, — деп ойлоду Мартин, Руфту узатып кайра өзүнүн бөлмөсүнө келгенде. — Бирок эмнеге? Албетте, полицей өчөшкөндөй так бүгүн келип Мариянын уйларын айдап кеткенин карачы, бирок бул кокустук эмеспи. Мында эч кимдин күнөөсү жок. Мындай учурда башкача кылууга деле болмок деген ой Мартиндин башына да келбеди. «Албетте, бир гана күнөөм, — деди акырында, — почтодогу орундан баш тартып койгонум болду. Анүстүнө «Вики-Вики» да ага жакпай калды».  

Капылеттен кимдир бирөө тепкичтен чыгып келаткандай болду. Караса почточу келген экен. Көнүмүш толкундануу менен Мартин анын колунан бир кучак, калдайган сүйрү конверттерди алды. Арасында кичинекей бир конверт бар экен. Бул «Нью-Йорк баяндамачысынын» каты болчу. Мартин конвертти шак эле ача койбой, аярлап калды. Бул эмне болду экен, аңгемесин кабыл алгандыгы жөнүндө билдирүүбү? Акыркы убактарда ал мындай журналга өзүнүн бир да аңгемесин, же очеркин жөнөткөн эмес эле. «А балким, — деди ал, муну ойлор замат былк этпей ката түштү, — алар мага макалага буйрутма берип жатышпасын? Бирок Мартин өзүнүн бул дадил, иш жүзүнө ашпаган үмүтүн ошол замат четке какты.

Конверттин ичинде катты жазган редактордун наамына «тоголок арыз» келип түшкөнү жазылган куш тилиндей расмий кат бар экен. Редактор Мартинди жамандап жазган бир «тоголок арыздын» келгендигин баяндаптыр да, бирок Мартинден эч бир кабатыр албоону сураныптыр, анткени редакция тоголок каттарга эч качан маани бербесин айтып, аны катка тиркеп коюптур.  

Тиркелген тоголок кат сабат дегенден куржалак, одуракай басма тамгалар менен колго жазылыптыр. Келесоо чалыш бул чагымда минтип жазылган экен: «Журналдарга аңгемелерин тынымсыз жөнөтүп жаткан Мартин Иден деген неме таптакыр жазуучу эмес, ал болгону эски журналдардан башкалардын аңгемелерин, ырларын уурдап, машинкеге басат да өзүнүкү кылып жибере берет». Конвертте «Сан-Леандро» деген штамп турат. Мартин муну ким жазганын ошол замат эле биле койду. Анткени каттын ар бир сабынан Хиггинботамдын эле грамматикасы, Хиггинботамдын сөздөрү жана ошол эле Хиггинботамдын ойлору дапдаана билинип турат. Мартин бул кат өзүнүн сүйүктүү жездекесинин орой колу менен чампаланганын эң сонун түшүндү.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.