Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Бирок муну ага эмне кереги бар? — сурады ал өзүнөн өзү.

Ал Бернард Хиггинботамга эмне жамандык кылды? Бул түкүрүккө турбаган бир акмакчылык эле. Же киши түшүнө турган кадыресе бир түзүк ой болсочу. Бир жуманын ичинде ага чыгыш штаттардын ар түрдүү журналдарынан так эле ушундай онго жакын кат келди. Баарынан да Мартинге жакканы редакторлордун мамилеси болду. Алардын көбү Мартинди билишпесе деле, алтургай, ага боор тартып да жатышты. Ар кандай чагым ушактарды алардын да жек көрөрү ачык болуп турду. Ага зыян келтирүүгө болгон акмак чалыш аракеттерден эч нерсе чыккан жок. Тескерисинче, мындай жагдайдын Мартинге пайдасы да тийди, анткени бул жорук редакторлорго Мартиндин атын таанытып, көңүлүн бурдурду. Эми алардын кимиси болбосун, анын аңгемелерин окуп атып, баягы «тоголок арызда» аты аталган Мартин Иден жазганын эстешет. Ким билсин, балким бул анын чыгармаларынын тагдырына шарапатын тийгизер!

Болжолу менен ушул эле мезгил ичинде Мартиндин жашоосунда анын кадырын кожейкеси Мария Сильванын алдында кыйла паска урган бир окуя болуп өттү. Бир күнү ашканага кирсе, оор үтүктү ордунан жылдыра албай онтолоп, ыйлактап Мария отуруптур. Мартин ага сасык тумоо тийген экен деди да Бриссенден апкелген бөтөлкөлөрдүн биринин түбүндө калган вискиден ичирип туруп төшөккө жылуу жатышын суранды эле, бирок Мария көгөрүп, таптакыр көнбөдү, өлүп калса да калган кирлерди бүгүн кечке чейин үтүктөп бүтүп, ээлерине тапшырбаса чиедей болгон жети баласы эртең ачка каларын безилдей берди.

Ошондо Мартин ага жардамга келди. Мария муну такыр унутпайт (аны өлөр өлгөнчө оозунан түшүрбөй айтып жүрдү). Анын оозун ачырып Мартин үтүктү колунан ала койду да, үтүктөгөн тактайга батистен тигилген ак кофтаны ыргытканын көрдү. Бул кварталда жашаган сылаңкороз көйрөң чалыш Кэт Флэнегэн деген айымдын көзгө басар жалгыз сый кофтасы болучу. Мисс Флэнегэн кофтасы кечке чейин сөзсүз үтүктөлүп, даяр болсун деген эле. Элдин баары бул айымдын темир уста Джон Коллинг менен көңүлү жакын экенин билет. Мариянын жеке маалыматтарына караганда ал экөө эртең Алтын Дарбаза сейил багына барышмак экен. Кофтаны ыргытканын көрүп эси чыккан Мария бечара аны куткарып калмакка Мартинден бекер эле талашкан экен. Мартин аны күчтөп туруп эле отургузуп койду да ишке киришти. Жүрөгү оозуна тыгылган Мария болсо көздөрү чанагынан чыга карап, Мартиндин ай-буйга келбей үтүк менен иштеп киргенин көрүп отурду. Он минуттан кийин Мартин Марияга үтүктөлгөн кофтаны карматты. Кофтаны тимеле мелтиретип, сонун үтүктөгөнүн айтпа, мындай кылып Мария өзү өмүрү үтүктөй алмак эмес. Муну мойнуна алууга Мартин аны аргасыз кылбадыбы.

— Эгерде үтүк ысыгыраак болгондо мындан да бат болмок, — деди Мартин.

Бирок Мариянын ою боюнча үтүк ансыз деле чегине жеткичекти кызытылган болчу.

— Сиз сууну туура эмес себелеп атасыз, — деди Мартин кошумчалап,муну кандай кыларын мен сизге көрсөтүп берем. Бат-баттан үтүктөгүңүз келсе, анда нымдалган ич кийимди бир калыпта кармап басыш керек.

Мартин жер төлөдөн бир жашик апкелип, ага капкак жасады, үстүнө балдар чогултуп койгон темир-тезектен арбын үйүп салды. Кирге суу сээп туруп,  жашикке салат да, үстүнөн оор темир менен бастырылган капкак менен жаап коет. Муну жасоо жепжеңил эле иш эмеспи.

Эми карап туруңуз! — деди да Мартин, чоктой кызарган үтүктү колуна кармап, бел кырчоого чейин чечинди.

Кийин Мария элдин баарына Мартин ага үтүктөгөндү гана эмес, жүндөн жасалган кийимдерди кантип жууш керек экенин да үйрөткөнүн айтып жүрдү.

— Ал айтат: «Мария, сен чоң, бирок мээ жок, мен сени үйрөтөт» деп ал үйрөттү мага. Он мүнөт машине жасап койду. Бочке, эки таяк анан дөңгөлөк күпчөгү, болду. Ошондой, — дей берчү.  

Бул илимди Мартин «Кайнар Булак» кир жуугучканасында жүргөндө Джодон үйрөнгөн. Эски дөңгөлөктүн таякка бекитилип жасалган күпчөгү, бишкектин милдетин аткаруучу. Мунун бир учуна ашкананын шыбындагы устун аркылуу өткөрүлгөн жип байланып, ал бишкекти жалгыз кол менен кыймылга келтирүүгө мүмкүндүк берчү; бул жабдыктын жардамы менен челектеги жүндөн жасалган буюмдардын кири эң сонун кетип, таптаза жуула турган. Мартиндин бул амалына тан берген Мария жипти тартып турганга бир баласын коюп да койчу болгон.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.