Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Бу киши болсо мистер Эндс. Мистер Эндс биздин иш башкаруучубуз. Мартин кашка баш, шайыр киши менен кол алышты, аялы ар жекшемби сайын тыкандап тегиздеп, ага кошо кежигесин да кырып берип турган узун, апакай сакалы кооздоп турган өңү кыйла эле жаш көрүнөт экен.

Үчөө тең Мартинди тегеректеп, биринен бири озо быдылдап, ага мактоо жаадырып атышты, Мартинге булар жөн эле менин кулагымды ушалап атышат окшойт деген ой кылт этти.

— Биз эмнеге сизди баш бакпайт деп абдан таң калып жүргөнбүз! — деди көшөкөрлөнгөн мистер Уайт.

— Булуңдан өтүп келгенге акчам болгон жок, — жооп айтты Мартин өзүнүн акчага өтө муктаж экенине ишара кылып.

«Муктаждыгымды үстүмдөгү «сый» кастүмүм эле айтып турбайбы», — деп ойлоду ал.

Андан ары уланган аңгемеде Мартин болбой эле ыңгайы келген жерден акчага зарыгып атканын ишара кыла берди. Бирок кашайып, анын талантына суктанган бул адамдар анысын байкап да коюшкан жок. Кепти ала качып, кайра эле анын аңгемесин өзүлөрү, бир туугандары анан аялдары кандайча суктанып окугандарын кайталап бежирей беришти. Ичинен бирөө да өзүнүн суктанганын олуттуурак башка ыкма менен билдирүүнү, мисалы, төлөп берүүнү каалап турганын ныпым айткысы жок.

Билесизби, биринчи жолу мен сиздин аңгемеңизди кандай жагдайда окуганымды? Нью-Йорктон келаткам, поюз Огденге келип токтогондо вагонго гезит саткыч кирип келди. Колунда «Трансконтиненталдын» акыркы саны бар экен.

— О, барбардигер, — деди ичинен Мартин, — бул шумпай жылуу –жумшак вагонго түшүп алып саякаттап жүрөт тура, мен болсо ачкадан кезерип, мындан ала турган беш долларымды өндүрө албай жүрөм! Жини кайнай түштү. «Трансконтиненталдын» жасаган мындай кылмышы ага барып турган бетпактыктай көрүндү; өзүнүн айлап ачка калгандарын, азыр деле чөнтөгүндө сокур тыйыны жок экенин, кечеки күндөн бери эч нерсе жей элегин эстеди да каны башына тээп чыкты. Булар, жадагалса, каракчылар да эмес, жөн эле майда шылуундар тура! Алар анын аңгемесин калп убадаларды берип жөн эле алдап алышкан турбайбы. Мейли, эмесе! Көргүлүктү азыр көрсөтөт буларга!

Мартин ичинен акчасын толук алмайынча редакциядан чыкпаска ант берди. Ансыз деле Оклендге кайтып кеткенге акчасы жок. Мартин өзүн дагы эле сабырдуу кармап турганы менен анын сурдана бузулуп бараткан кебетеси аңгемелештерди ыңгайсыздандырып, алтургай, сестентип да жиберди.

Алар эми Мартинди ого бетер жерге-сууга тийгизбей мактап киришти. Мистер Форд анын «Коңгуроонун үнү» деген аңгемесин кантип окуганын дагы бир ирет кайталаса, мистер Эндс болсо жээни бул аңгемени окуп алып, эс-учунан танып кала жаздаганын айтты, ал эми жээни жөн киши эмес, Аламеддеги мектепте мугалим!

— Мен сизден акча алганы келдим, — деди күтүлбөгөн жерден Мартин, — сиз мага, баарыңыздарга ушунчалык жаккан ошол аңгемем басылып чыгары менен беш доллар төлөгөнгө тийиш болчусуңар.

Мистер Форд акчаны азыр эле бере салгыдай түр көргөзүп, чөнтөктөрүнө колун салды да аңтарып көрүп, анан шарт мистер Эндске бурула, акчасын үйгө унутуп келгенин айтты. Мистер Эндс болсо ага өкүнүчтүү карап калды, бирок шак эле чөнтөк жагын колу менен жаба калганын байкаган Мартин анда акчасы бар экенин биле койду.

Аргам калбай калды, — деди мистер Эндс. — Азыр эле жанымдагы акчанын баарын жанагы басмаканадан келген неме шыпырып кетпеди беле. Албетте, азыраак акча ала келгеним менин ойлонбостугум, бирок... туура түшүнүңүз, мөөнөтү келе элек болсо да басмакер акидей асылып атып,  болгон акчанын баарын аванска сурап кетти эле.

Ушинткен экөө анан мистер Уайтты карап калышты, ал болсо каткырып күлүп, ийип куушуруп гана койду. Анткени анын абийири таза болчу. Ал «Трансконтиненталга» журналдын ишин үйрөнүү үчүн келген эле, бирок анын ордуна каржы саясатын көбүрөөк үйрөнүүгө туура келди. Журнал буга да төрт айдан бери айлыгын төлөй элек, ошондуктан ал редактордун орунбасары менен эсептешкенден көрө эртерээк басмакананын көңүлүн табуу майнаптуу иш экенин түшүнгөнгө эчак үлгүргөн болчу.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.