Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Ал токтой калып Мартинди карап калды. Күтүлбөгөн жерден чагылгандын огундай божомолдон чочуп кетти да үрөйү учкан жүзүндө таң калуу пайда болду.

Кое туруңуз, сиз өзүңүздүн сүйүү жөнүндөгү керемет сонеттериңизди өңү кумсарган жанагы канчыкка арнап жараткан экенсиз да?

Мартиндин оң колу ошол замат Бриссендендин алкымына чап жабыша калып, аны катуу силкти эле, бечаранын тиштери шакылдай түштү. Бирок Мартин анын көздөрүнөн коркуунун кенедей да кыпынын көргөн жок: алардан жөн эле кызыгуу менен азезилдикиндей мылжыйган келеке гана көрүнүп турду. Ошондо гана Мартин эсине келе түшүп, манжаларын анын алкымынан бошотту да Бриссенденди төшөктүн үстүнө ыргытты.

Көпкө чейин дем тарта албай калган Бриссенден акыры эсине келди да, ошол замат каткырып күлүп жиберди.

— Эгерде сиз менин калган өмүрүмдү күбүп салсаңыз, анда мени өзүңүзгө түбөлүк карыздар кылып коймоксуз, — деди ал.

Акыркы убактарда эмнегедир нервим жайында болбой жүрөт, — деген күнөөкөр Мартин актана сүйлөдү, — бир жериңизди катуу оорутуп койгон жокмунбу? Мен азыр жаңы горг жасай коёюн.

Эх, сиз, жаш эллин десе! — деп жиберди Бриссенден, — сиз өзүңүздүн денеңизге өзүңүз жеткиликтүү баа бере албайт окшойсуз. Сиз укмуштай күчтүү экенсиз. Тимеле жаш кабыландайсыз! Арстандын баласы! Кана, кана! Күчүңүздүн азабын өзүңүз тартасыз го.

Кандайча? — ага ыстыканды сунуп жатып Мартин кызыгып сурады. — Алып жибериңиз, ачууланбаңыз эми.

— Жөпжөнөкөй эле, — Бриссенден грогун жутуп жиберип, жылмайып күлдү, — баарысы аялдардын азабынан. Алар сизге азыр тынчтык бербегендей эле, өлөр өлгөнчө жаныңызды коюшпайт. Мен кечээ эле туулган бала эмесмин да. Мени муунткан да пайдасыз. Баары бир мен өз оюмду акырына чейин айтууга тийишмин. Бул сиздин алгачкы махабатыңыз экенин жакшы билем, бирок сулуулукка келгенде кийинкисинде этиетирээк болуңуз. Бирок сизге бул буржуазиялык кыздардын эмне кереги бар? Сиз алар менен жытыгышпай эле коюңуз. Өзүңүздү ышкысын берип сүйгөн, жашоонун кыйынчылыктарына чым деп койбогон, өлүм менен коркунучту тоготуп койбой ойногон чыныгы аялды табыңыз. Мындай аялдар дүйнөдө бар жана алар сизди буржуазиянын чөйрөсүнөн чыккан мобу кунары качкан жан сыяктуу эле берилип сүйүшөт...

— Кунары качкан жан? — кыйкырып жиберди Мартин.

—Так кунары качкан жан! Ал кыз сизге бала кезинен кулагына куюла берип жат болуп калган морал насаатын тоту куштай кайталай берет, ошол эле маалда өзү чыныгы турмуш менен жашагандан өлө коркот. Ал сизди өз түшүнүгүнө жараша сүйөт Мартин, бирок өзүнүн жарыбаган моралын андан да артыгыраак жакшы көрө берет. Сиз жалыны куйкалаган улуу махабатты эңсейсиз, сизге бозоргон күбөө эмес, жан дүйнөсү азат, жаркын түс көпөлөк керек. Акыры барып, бактыңызга тирүү болсоңуз, бул да сизди жадатып бүтүрөт. Бирок сиз көпкө жашабайсыз! Сиз анткени кемелериңизге кайтып баргыңыз келбей атпайбы! Акыры бир күнү өзүңүз чирип жок болгуча мына бул чириген шаарларды кезе темселеп жүрө бересиз.

— Эмне айткыңыз келсе, айта бериңиз, — деди Мартин, — сиз мени баары бир ишендире албайсыз! Өзүңүздүн мүнөзүңүзгө жараша сиздики өзүңүзгө жагат, меники өзүмө жагат.

Экөөнүн махабат, журналдар жана да көп башка нерселер жөнүндө көз караштары туура келишпегени менен Мартин Бриссенденди жөн гана жактырбай, аны кыйышпас жакынындай сезип, байланды да калды. Бриссенден Мартиндин үп, тар канасында бир сааттан артык отура албаса да, күн сайын келип турду.

Мартинге келерде Бриссенден дайыма чөнтөгүнө бир бөтөлкө виски сала келчү, ал эми экөө чакан ресторандардын биринен шам-шум этип калганда, ал дайыма сода аралаштырылган шотланд вискисин буйрутма берип алдырчу. Тамактын акчасын дайыма өзү төлөп койчу, анын аркасы менен Мартин дегеле буга чейин билбеген, көрбөгөн не бир түркүн тамактар менен таанышты, алгачкы жолу шампан менен накта жүзүмдөн ачытылган рейнвейн виносунан татып көрдү.

Бирок чогуу жүргөнү менен Бриссенден табышмактуу адам эле. Сыртынан карасаң, жашоонун болгон жыргалына таптакыр кайдыгердей дейсиң, бирок сезиминин курчтугун, кайратынын молдугун айтпа. Адам пендесинин жашоосунун бардык формаларына жек көрүү менен мамиле кылып, өлүмдөн түк коркчу эмес. Ошол эле учурда кыбыр эткен жашоону жан дили менен берилип сүйчү да, ага кумары түк канчу эмес, жашоого болгон эңсөө чексиз созула берсе экен деп умтулган мындай адам болбостур, «өзүм жаралган аалам чаңындагы өзүмдүн кенедей мейкиндигимде кыбырай берсем дейм», — деген эле ал бир жолу. Жаңыча таасирлерди сезсем деген ал наша чегип, башка түркүн, ойго келбес жоруктарды жасап жибергенге маш эле. Бир күнү Мартинге чаңкоонун жыргалын сезмекке үч күн катары менен суу ичпей койгонун айтып берген. Мартин анын ким экенин, кайдан пайда болгонун ошол бойдон билбей калды. Бул өтмүшү жок, бир буту менен көрдө турган, азыр болсо жандалбас уруп, жанып күйүп жашаган адам болчу.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.