Жек Лондон
Мартин Иден
— Чын элеби?
— Чын эле.
— Андай болсо, жүрүңүз тамактаналы.
— Жүрүңүз.
— Мартин ичкен шараптардын акчасын төлөйүн деп чөнтөгүнөн эң акыркы эки долларын сууруп чыкты эле, бирок Бриссенден официантка акчаны алдырбай, өзү төлөп койду.
Мартиндин кабагы бүркөлүп барып, кайра Бриссенден ийнин акырын кубаттай таптап койгонун сезип, жоошуй түштү.
XXXII ГЛАВА
Эртеси күнү Мариянын оозун ачырган дагы бир окуя болду: үйүнө өзгөчө бир конок келди. Бирок бу сапар ал баягыдай калдалактабай, өзүн токтоо кармап, кала берсе, келген кишини конок бөлмөгө кийрип, күтө туруусун да суранды.
— Сиздикине келип калгандыгымды жаман көрбөйсүзбү? — сурады Бриссенден.
— Жок. Мен абдан кубанычтамын! — деди Мартин коноктун колунан бекем кыса өзүнүн жалгыз үстөлүн ага жылдырып жатып. — Менин дарегимди кантип таптыңыз?
— Морздордукуна телефон чалсам, миссис Морз өзү алды. Ошентип эле келип калдым.
Бриссенден чөнтөгүнөн кичинекей китепчени сууруп чыкты.
— Бул сизге бир акындын ырлар жыйнагы, — деди ал китепчени столдун үстүнө таштап, — Алыңыз да өзүңүзгө калтырып коюңуз! — деди ал Мартиндин жок дегенине болбой. — Мага китептин эмне кереги бар? Бүгүн эртең менен дагы кан түкүрүп калыптырмын. Вискиңиз барбы? Албетте жок да! Эмесе, тура туруңуз, мен азыр.
Ал ордунан шарт турду да чыгып кетти. Мартин аны узата карап, бир кездеги алп ийиндеринин чөгүп кеткен көкүрөгүн көздөй куушурулуп турганын көрүп, кейип кетти. Эки ыстыкан таап келип коюп койду да, колундагы китепти барактап кирди Мартин. Бул Гэнри Воган Марлоунун акыркы ырлар жыйнагы экен.
— Шотландык виски таппай койдум, — деди кайра келген Бриссенден, — тиги оңбогон неме американыкын гана сатат экен. Мына бир бөтөлкө алып келдим.
— Мен балдардын бирин лимонго чуркатып иейин, грог жасайлы, — сунуш кылды Мартин. — Кызык, Марлоу бул китебине канча акча алды экен?
— Элүү доллардай тапса керек, — деди Бриссенден, — ошондо да тобокелге салып баскан басмакерди тапкан болсо.
— Демек, поэзия менен жан сактоого мүмкүн эмес турбайбы?
Мартиндин сабыры сустай түшкөнү үнүнөн сезилип турду.
— Албетте, болбойт! Кайсы келесоо ыр менен жан бакмак эле?! Акын сөрөй болгон — башка иш. Мисалы, Брюс, Виржини Спринг же Сидживикке окшогондор жакшы иштеп жатышат. Бирок чыныгы акындар... Марлоу кантип жанын багыбатканын билесизби? Өзү Пенсильваниядагы эркек балдар мектебинин мугалими болуп иштейт, бул болсо жер жүзүндөгү тозоктун тозогу. Эгерде ал мага жашооңду дагы элүү жылга узартып берем десе кой деп каткырып күлмөкмүн. Ырлары болсо мыкты, ушу таптагы акыр-чикир ырларга караганда айнектин арасында жаткан асыл таштай жаркырап турат. Бирок сынчылар ал туурасында эмне деген былжыракты жазып атышат? Кара жерге кирсин ошол сынчылар!
— Чынында өзүлөрү жазуучу боло албаган пенделер чыныгы жазуучуларга сын таккысы келет, — деди Мартин, — Стивенсон жөнүндө алар эмне деп гана келжирешкен жок!
— Сазда былгып жаткан табачылдар! — деди Бриссенден кыжырдана тишин кычыратып. — Андайлардын бирөөсүн билчүмүн. Ошол неме өмүр бою Стивенсонду атасы Дамиенге жазган каты үчүн чокулап өттү. Ал жанагы катты кайра-кайра изилдемиш, салмактамыш этип жүрдү, анан...
— Албетте, өзүнүн кунарсыз жашоосунун чен-өлчөмү менен ченеди дечи, — Мартин кыстыра койду.
— Туура айттыңыз. Сөзсүз да! Булардын баары кооздукту тытмалап, ыпыласташат да, анан сени далыңан таптап: «Фидо, эң жакшы дөбөт!» — деп турушат. «Түү! Адампенделердин жарыбас сагызгандары», — деп булар жөнүндө Ричард Рильф өлөөр алдынан айткан.
— Алар жылдыздардын чаңын чокугусу келет, — деди кызууланган Мартин. — Генийдин метеордой учкан ойлорун кармагысы келет. Мен ушул сынчылар жөнүндө бир макала жаздым эле.
— Кана апкелиңизчи, бери! — деди Бриссенден шаштырып.
Мартин столунун алдынан «Жылдыздар чаңынын» бир нускасын сууруп чыкты эле, ошол замат ичип аткан вискисин унутуп койгон Бриссенден бирде бышкырып, бир туруп алакандарын сүргүлөп, макаланы окуп кирди.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.