Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Бара-бара алардын кеби кызыды; улам бирдемени сүйлөшүшөт, аңгеме ичимдикке жаңы буйрутма бергенде гана үзүлүп калбаса, кызыгандан кызыды. Ичкиликти өзү абдан көтөрө билген Мартин бет алдындагы бөтөлкөлөшүнүн да оңой менен алдырбастыгына ого бетер тан берди. Аны андан бетер таңгалдырганы тигинин айтып аткан ойлору болду. Мартин Бриссендендин баарын билген жана ага өмүрүндө экинчи жолу кездешкен нукура интеллигент экенине бат эле ишенди.

Анүстүнө Бриссенденде профессор Колдуэллге кыйла жетишпеген сапаттар бар болуп чыкты. Анын жүрөгүндө оту бар эле, ченде жок кыраакылыгы менен ойлорунун эркин чабыттаганын айтпай эле кой. Куюлуштура сүйлөгөнү да мыкты эле. Жука эриндеринен жүлүнгө жеткен, тимеле машинеге салып курчутуп койгондой кескин фразалар биринин артынан бири чубап атты. Алар уккан кишини безге сайып, бычак менен шылыгандай курч эле. Бул ошол эле замат не бир жумшак, назик, элестүү айтылган, жуурулуша куюлушкан сөздөр менен алмашлып жатты. Бир туруп илимдин акыркы жеңиштеринин чындыгын так жана кыска берген сөздөрү бороон менен ааламдын айгышкан күрөшүнө чакырган аскер сурнайындай угулат, бир туруп күмүштөй шыңгыраса, бирде жылдыз жыбыраган мейкиндиктирдей муздак жылтырайт. Анан ошол эле учурда бул сөз менен айтып жеткиришке болбогон, бийик жана сезилбеген нерселер менен ширелишкен, бирок бул сөздөр гана жараткан кылдат жана татаал ассоциациялар аркылуу гана сезсе боло турган акындын сөзү эле. Анын акылга толгон көз карашы адамдын ою жеталгыс кандайдыр бир ыраак тармактарга жетип турду, аларды карапайым жөн тил менен жеткирип айтууга болбостур. Анын уккан адамды уютуп, арбаган тил өнөрү карапайым сөзгө кадыресе акылы барлар түшүнө алгыс, өзгөчө маанини камтыганга ага жардам берип жатты, биок алардын баары Мартинге абдан жакын жана түшүнүктүү эле.

Мартин Бриссенденди башта жактырбаганын ошол замат унутуп койду. Анын маңдайында ал буга чейин китептерден гана окуган адам, өзү элестеткен ой жүгүртө билген адамдын идеалы турду. «Мен мунун бут алдында тизелеп гана турушум керек» — деп жатты ал өзүнө өзү, аңгемелешин оозу ачыла суктанып угуп отуруп.

— Сиз биологияны окуп үйрөнсөңүз керек! — деп жиберди Мартин. Аны таңгалдырып, Бриссенден башын чайкады. — Бирок сиз биологияны билбей туруп талкуулоого болбой турган нерселерди айтып жатпайсызбы, — сөзүн улантты Мартин Бриссендендин таң кала түшкөнүн карап. — Сиздин тыянактарыңыз улуу окумуштуулардын ой калчоолору менен толук дал келишип турат. Менимче, сиз аларды окубай калышыңыз мүмкүн эмес!

— Сизден муну укканыма өтө кубанам, — деди тиги, — жарыбаган билимим мага акыйкатка жетүүнүн эң кыска жолун ачып бергенине кубанам. Ал эми мага мунун туура же натуура экени баары бир. Мунун мааниси деле жок. Анткени чындыктын түбүнө эч бир адам жеткен эмес.

— Сиз Спенсердин шакирти, жолун жолдоочусу турбайсызбы! — шаңдуу кыйкырып жиберди Мартин.

— Мен жаш кезде анын «Тарбиясын» окуган элем, андан бери карай элекмин.

— Мен да так сиздей болуп илимдин баарын бат эле өздөштүргүм келчү, — деди Мартин жарым саат өткөн соң Бриссендендин акыл көрөңгөсүн тыкыр салмактап чыгып, — сиз нукура догматик экенсиз, баарынан да таң каларлыгы ушул. Илим тажрийба жолу менен гана аныктаган кээ бир жоболорду сиз мындай эле аныктап коёт экенсиз. Сиз сүйлөп баратып эле туптуура корутунду жасап кете берет экенсиз. Сиздин билимиңиз ырасы, бир аз үстүртөнүрөөктөй, бирок антсе да сиз жарыктыкындай ылдамдык менен таанып билүүнүн төтө жолун басып өткөн экенсиз, бул табийгаттан тышкары жөндөмдүүлүк.

— Ооба, ооба. Бул дайыма менин окутуучуларымды, атам — Иосиф менен иним Дэттонду таң калтырчу, — каршы чыкты Бриссенден, — Бирок мында эч кандай керемет жок. Бала кезде жолум оң болуп, кокусунан диний окууга кирип калгам. Сизчи, өзүңүз кайдан билим алгансыз?

Өзү жөнүндө Бриссенденге айтып жатып, ошол эле учурда Мартин кунт кое Бриссендендин сырткы келбетин — жүзүндөгү ак сөөктүктүн кылдат белгилерин, кууш ийиндерин, жанындагы стулга ыргытып койгон чөнтөктөрүнө китеп шыкалган пальтосуна чейин карап чыкты. Баарынан да Мартинди Бриссендендин бети менен ичке колдорунун күнгө күйгөнү таң калдырды. Мынчалык күйгүдөй кайда жүрдү экен?  Ушул ой Мартинге тынчтык бербей турду, Бриссендендин жаактары шимилген арык чырай сүйрү жүзүн, бүркүт тумшук ичке мурдун карагычакты ушул туурасында ойлой берди. Көздөрүндө бөтөнчө деле өзгөчөлүк жок, чоң да, кичине да эмес, кой көз чалыш кара эле, бирок аларда таң каларлык от күйүп тургандай, караганы да түшүнүксүз экиленме жана карама-каршылыктуу эле, тигиле тиктегени катаал жана мерез болсо да ошол эле маалда бооруңду ооруткудай эле. Мартин Бриссенденди чексиз аяп кетти, мындай сезим кайдан келип чыкканын ал бат эле түшүндү.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.