Жек Лондон
Мартин Иден
Бир туугандар учурашып амандаша электе эле Телеграф-авеню менен кетчү трамвай келип калды. Мартин эжесин колтуктап, трамвайга чыгарып коёюн деди эле, эжеси Мартин өзү жөө кеткени атканын баамдай койду. Трамвайдын тепкичинде туруп Мартинге бурулганда, аянычтан жүрөгү кысыла түштү.
— Сен түшпөйсүңбү? — сурап калды эжеси.
Ошол замат ал трамвайдан кайра түштү да Мартин менен кошулуп жөө басты.
— Мен ден соолукту чыңдаш үчүн дайыма жөө басканды жакшы көрөм,— деп койду Мартин.
— Абдан жакшы, мен да бир аз басайынчы, — деди Гертруда, — бул мага да пайдалуу болуп турат. Мен өзүмдү акыркы күндөрү саал начар сезип жүрөм.
Мартин эжесин карап, анын абдан өзгөрүп кеткенине таң кала ишенбей турду. Жүзү ооруган кишиникиндей саргарып кубарыңкы эле, бүт эле шишип кеткендейби кандай, азыр анын олдоксон басканы, бир кездеги ден соолугу аттай, чыбыктай ийилген, шатыра-шатман шайыр кыз кезиндеги басканына карикатурадай көрүнүп кетти.
— Эми трамвайды эле күт, — деди Мартин, экөө аялдамага жеткенде. Гертруданын деми кыстыгып бара жатканын байкаган эле.
— Кудай өзүң кечире көр! Чын эле мен өлө чарчаган окшойм, — деди эжеси, — сен деле трамвайга түшсөң жакшы болор эле. Жөө басам дейсиң, батиңкең деле начар экен. Түндүк Оклендге жеткениңче таманы түшүп калат ко.
— Үйдө дагы бир жубу бар, — деди Мартин.
— Эртең келип биздикинен чай ичип кет, — деди Гертруда күтүлбөгөн жерден, — Бернард үйдө жок болот, ал жумуштап Сан-Леандрого кетет.
Мартин бара албайм дегендей башын чайкады, бирок тамактын атын укканда ачкадан кезерген көздөрүнүн жылтырай түшкөнүн жашыра албады.
— Жаныңда тыйының да жок болсо керек Март, ошондуктан жөө жүрөсүң да. Анан да ден соолукка пайда деп коесуң!
Гертруда мыскылдай какшыктап күлөйүн деди эле, бирок анысы окшошпой калды.
— Ме ала кой.
Гертруда Мартиндин колуна беш доллардык монетаны карматты.
— Баса, унуткан турбаймынбы, жакында туулган күнүң болбоду беле.
Мартин монетаны көнүмүш адаты менен алаканына бекем кысты. Ал ошол замат мындай белекти албай эле койсом болмок деп ойлоду да, бирок олку-солку боло түштү. Анткени бул алтын тегерек тыйын тамакты, жашоону, руханий жана дене жактан агарууну жана чыгармачылык күчтүн жандануусун билдирип турду. Ким билет! Мүмкүн ал мына ушундай алтын акчалардын далайын ала турган бирдемелерди жазат чыгаар. Марка сатып алууга тыйыны болбогондуктан столдун астында тоодой үйүлүп жаткан кол жазмалардын арасына ыргытып салган өзүнүн эчаккы эки макаласы эсине түштү. Макаланын аталыштары анын көз алдына оттой күйүп чыга келди. Макалалар «Укмуштун ээлери» жана «Кооздуктун бешиги» деп аталчу. Аларды Мартин эч жакка жиберген эмес, бирок аларды бардык жазгандарынын ичинен эң мыктылары деп эсептечү. Атаганат, марка гана болсочу. Ийгиликке ишенүү сезими күтүлбөгөн жерден кайрадан лап этип жанып, тула боюн ысытып жиберди да, чубаган таттуу ойлор өзүнө азгырып кетти, колундагы кыса кармап турган алтын тенгени шак эле чөнтөгүнө сала койду.
— Сенин бул акчаңды өзүңө жүз эсе ашык кылып кайтарам, Гертруда, — деди арандан зорго Мартин, тамагы кысылып, көздөрүнө жаш айлана түштү. — Ушул айтканымды эсиңден чыгарба! — деп кыйкыра жаздап жиберди ал укмуштай ишеним менен. — Бир жылга жетпей сага так ушундай тегерек алтын тыйындардын жүзүн алып келип берем. Мага ишенбей койсоң да мейли. Сен күтүшүң гана керек. Анан көрөсүң!
Гертруданын буга ишенейин деген ою да жок эле. Бирок эмнегедир башкача боло түштү. Бир аз унчукпай туруп, анан:
— Март, ачка жүргөнүңдү билем, көзүңөн эле көрүнүп турбайбы. Каалаган кезиңде келип, биздикинен тамак ичип тур. Хиггинботам жумуштап кетери менен өзүм сага кабар кылам. Балдардын бирөөн чуркатып жиберем. Эгердечи Март...
Мартин эжесинин эмне дээрин билип турган, анткени анын кандай ой жүгүртөөрү ага белгилүү болчу.
— Бир жерге орношсоңчу? Ушинтип солоктоп жүрө бересиңби?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.