Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

 

XXXIII ГЛАВА

Мартин максатка жетсем деген кармаштарын уттура берди. Канчалык үнөмдөсө да иштеп тапканы өлбөстүн күнүн көргөнгө гана араң жетип атты. Акырында көзгө басаар жалгыз кара кастүмүн айла жок, кайра тапшыргандыктан Морздордун үйүндөгү Ыраазычылык күнүнө арналган сый тамакка чакыруудан да баш тартууга аргасыз болду. Руфь мунун себебин түшүнүп, абдан капа болду, кылаар айласын таппай калды. Бирок Мартин кызга барам деп убада кылды, азыр эле «Трансконтинентал» журналына барып, ал жактагы беш доллар карызын өндүрөрүн, анан аларга кастүмүн кайра чыгарып аларын кабарлады.  

Эртең менен ал Мариядан он цент карыз сурап алды. Муну Бриссенденден алмак эле, бирок тиги апенди эки жумадан бери дайыны чыкпай кетти, кайда жүргөнүн ким билсин. Аны ойлоп убайымга баткан Мартин айран –таң. Он цент ага редакцияга барыш үчүн булуңдан өткөрүүчү паромго төлөш үчүн керек эле, дарыядан ары өтүп, Маркет-стритти бойлой, акча алабай калсам эмне кылам деп санаасы санга бөлүнүп келатат. Акча болбой калса Оклендге кайра кайтыш да татаал маселе болуп калат, анткени өткөөлдөн өтүш үчүн Сан-Францискодо ага он центти ким бермек эле.

«Трансконтиненталдын» эшиги кыңая ачылып турган экен, ага жакындай берип мындай сүйлөшүүнү укту да эрксизден токтой калды:

Кеп анда эмес, мистер Форд. (Мартин Форд деген редактордун фамилиясы экенин жакшы билчү). Кеп, сиз мага төлөй аласызбы же жокпу, ушунда! Башкача айтканда, сиз мага акчаны нак төлөй аласызбы же жокпу? Силердин журналыңардын эмки жылдагы болжолдоруна түкүрүп да койбойм. Менин ишимдин акчасын төлөп бергиле, кеп бүттү, талабым ушул. Эмгек акымдын акыркы центине чейин толук бермейинче журналдын рождестволук саны машинага салынбайт. Сөзүм сөз. Кошуңуз! Акчаңыз болгондо мени өзүңүз издеп таап алыңыз.

Эшиктин каалгасы чоң ачылып, Мартиндин жанынан ызырынып, муштумун түйө сөгүнүп алган бирөө шуу өтүп кетти. Мартин шак эле кирип барбай, он беш мүнөтчө күтүп туруп, анан кирейинчи деди. Көчөдө ары-бери басып жүрүп, кайра келди да, эшикти түртүп, өмүрүндө биринчи жолу редакция дегендин босогосун аттады. Бир кичинекей бала тосмодон ары өтүп барып, мистер Фордду бир киши издеп жатат дегенине караганда бул жерде визиттик карточка дегенди тоготушпаса керек. Бала бат эле кайтты да Мартинди редакциядагы ыйыктын ыйыгы — редактордун кабинетине ээрчитип кирди. Адегенде эле Мартинди таңгалдырганы, өзүн кызыга тиктеп калган бакенбарды бар жашыраак мырзанын үстөлүндөгү чакчелекей түшкөн шумдук башаламандык болду. Камырабай токтоо караганы да укмуш, басмакер экөөнүн ортосунда эмеле болуп өткөн катуу жаңжал мунун маанайына таасирин түк тийгизбеген сыңары. 

— Мен... мен... Мартин Иден, — деп сөз баштады Мартин («өзүмдүн беш доллар аласамды алганы келдим» деп айткысы келди эле).  

Бирок бул адам аны менен биринчи жолу бетме-бет кездешип отурган редактор болгондуктан, Мартин чү дегенде эле бир тийгиси келбеди. Анын эсин оодарганы мистер Форд өзү ордунан кыйкырып тура калганы болду:

— Эмне, киммин дейсиз! — Мартин эсине келгичекти ал колунан сыга кармап, силкилдетип турду. — Сиз менен таанышканыма кандай кубанып атканымды билсеңиз, мистер Иден! Мен сиз жөнүндө көп ойлонуп, көз алдыма элестеткенге аракеттенчүмүн.

Бир аз артка чегине калган мистер Форд Мартинди башынан аяк суктана карап чыкты. Мартиндин жамачалуу кастүмү жана Мария Сильванын үтүгү менен абдан аракеттенип үтүктөгөн шымы мынчалык көңүл буруп караганга дегеле арзыбас эле.

— Мен сизди жашы бир топ улуу болсо керек деп ойлогом. Аңгемеңизде зирек ойлор арбын, анан да абыдан күчтүү жазылган. Сиз чыныгы чеберсиз, мен буга аңгемеңиздин алгачкы үч-төрт сабын окугандан кийин эле түшүнгөм. Сиздин аңгемеңизди биринчи жолу кандайча окуганымды айтып берейинби? Жок! Оболу мен сизди кызматкерлер менен тааныштырайынчы.

Оозу тынбаган мистер Форд Мартинди жанаша жайгашкан жалпы бөлмөгө ээрчитип кирди да бул жерден өзүнүн орунбасары, чепейген арык чырай, колдору таштай муздак, кебетеси безгек менен ооруп, жаңы эле айыккандай көрүнгөн мистер Уайт менен тааныштырды.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.