повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Бат эле кеч кирип, бат эле түн кирип келди да, тошөккө жатканымда, менин эми сөзүм да жакпай калган экен го деп, ичимден сызып уктап кеттим. Башка убакытта саксынып түнү менен кайра-кайра ойгонуп, Алиман жакты карап койчу элем. Бул түнү эмне болуп уктап калганымды билбейм. Уктабай козүм кашайсачы...

Түндүн кайсы бир ченинде селт этип ойгонуп кеттим да, Алиманды карасам, ордунда жок. Адегенде эшикке чыгып кеткен экен деп, бир аз күтүп, дагы күттүм. Жок. Тура калып Алимандын төшөнчүлөрүн кармалап көрдүм: мупмуздак, алда качан туруп кетиптир. Ошол жерден эле антип-минтип кийине коюп, эшикке чуркап чыгып, кайра огород тарапка урундум. «Алиман! Алиман!» – деп кыйкырсам да, эч ким жок. Иттер гана дарбып үрүп калышты. Муундарым калтырап кетти. Кеткен экен го, эми канттим? Үйго кайра жетип келип, оозгу тамдагы фонарды күйгүзүп, бурч-бурчту карап, эми эшиктен издейин деп, фонарды көтөрүп короого чыкканымда, нары сарайдагы саманкананын ичинен адамдын онтогон, кыйкырган үнү чыкты. Саманкананын эшигин жула берип кирип да бардым, селейип туруп да калдым. Самандын үстүндө чалкасынан түшүп, Алиман төрөй албай кыйналып жаткан экен, көргөндө эле эсим чыкты. «Бул эмнең, кокуй катыгүн! Эмне үчүн айтпадың?» – деп, колтуктап көтөрүп, аягына колумду суна бергенимде, белчеден ылдый сыгып алардай кан болгон чапан, көйнөктөрү ыпысык болуп билегиме оролду. Бети-башы кабарып, каракөк, көзү алайып, дем алалбай тумчугуп: «Өлдүм! Өлдүм!» – деп онтолоп жатты. Ичин кармалай берип, иш начар экенин дароо эле түшүндүм. Кудай сакта, кан көп кетип калыптыр. Өзү да көптөн бери толготуп жаткан экен. Мындайда доктурдан башка даба жок. Жанды алып калса ошол алып калат. Далбасалап көчөгө чуркап чыгып, Айшалардын терезесин койгулап жибердим: «Тургула, кокуй, тургула! Бекташ, айланайын, арабанды тез камда – Алиманды доктурга жеткирбесек болбой калды» – деп, аларды ойготуп, кайра жетип келип, Алиманга суу ичирдим. Калч-калч этип, тиши тишине тийбей араң ичти. Аңгыча ооруп төшөкто жатканына карабай, Айша чуркап келди. Алимандын түрүн көрүп, боп-боз болуп, титиреп: «Айланайын Алиман... Чыдай тур. Чыдай тур, кудай, кудай!» – деп күйпөлөңдөдү. Ошол түнү Бекташ жолдон кеч кайтып, кудай жалгап, аттарды бастырманын астына байлап, арабасын үйгө койгон экен, көп кечикпей, арабаны короого айдап кирди. Арабага төшөк-жууркан салып, жаздык коюп, караңгыда темселеп, үчөөлөп жатып Алиманды араң көтөрүп келип, арабага жаткырдык. Ушуну менен ал-буга келбей, тез эле жөнөй бердик.

Ай ошондогу тоңголок жол ай, ай ошондогу караңгы түн ай... Доктуркана анда суунун аркы өйүзүндө, чоң кыштакта эмес беле. Көпүрө болсо тээ ылдый, алда канча ыраакта.

Мындай чыга бергенде, Алимандын толгоосу кайра күчөп беш бүгүлүп, беш жазылып, үстүндөгү жамынчыларын ыргытып, адам чыдагысыз үн менен чаңырды.

– Ооба, Толгонай. Ошол караңгы, бүркөө түнү кыш келерин күтүп, тунжурап, сууктан чүмкөнүп жаткан мен, жер, адамдын ачуу чыңырган жалгыз үнүнөн, – селт этип, козголдум. Ошол силер экенсиңер го.

– Ооба, Жер-Энем. Кантер айлабызды билбей, Бекташ арабаны тезирээк айдаса, Алиман кыйкырып чыдабайт, жай айдатсам жан чыдабайт: кан токтобой кете берди, майып болуп кетет экен го деп эсим жок. Ушуну менен кылдырап жүрө бердик. Же бир жол арбысачы, кокуй. Алимандын башын тиземе коюп, мойнунан кучактап отурдум. Улам жамынчыларын оңдойм, улам фонарь менен бетин жарык кылып карайм. Бекташ айланайын кайта-кайта кайрылып: «Чыдай тур, жеңе мына азыр, аз калды. Көпүрөгө жакындап калдык, бат эле жетебиз» – деп алаксытымыш болот. Шыбыргактап муздак жаан да себелеп келди. Бир кезде онтолоп, кыйкырып жатып, чиренип, кайра бүктөлүп, Алиман солгун тартып, кыркырай баштады. «Алиман! Алиман!» –  деп оттой ысыган бети-башын сыйпалап, жарык кылсам, жан талашкан, кыйналган көздөрү менен мени аянычтуу карап: «Токтогула. Өлүп бара жатам. Токтогула» – деди. Арабаны токтото салдык. «Башымды өйдөрөөк карма, эне» –  деп, аңканы катып, энтигип, ыйлап сүйлөдү. «Эне, энекебай! Ичим өрттөнүп, өлүп бара жатам. Тирүү калбайм. Касиетиңден айланайын, энекебай. Ал дүйнө, бул дүйнөдө ыраазымын. Уулуңдун алдында мен акмын, акмын, күнөөм жок. Касымдын көзү тирүү турганда, мен үшүнтмөк белем... А-а-а Касымай... Мен дагы тирүү жан эмесминби, аялмын да, аялмын... Бул дүйнөнүн кызыгын көрбөй кеттим, кантейин, кантейин. Кечир, кечир күнөөмдү энеке. Кудай ушинтип койду, жаман көрбө». Өпкө-жүрөгүм үзүлүп жалындым: «Чыдай тур, балам, чыдагын. Сен аксың, сенде эч кандай күнөө жок, сен эң таза аялсың. Сен өлбөйсүң. Чыдагын, мына көпүрөгө жетип келдик. Эми тез эле жеткиребиз, сен өлбөйсүң!» – ошол учурда Алиман кайра чалкадан кетип чиренип, ичи дагы сыгыла баштады. Баланын колу чыгып келе жаткан экен. Кан дагы эле куюп туруптур. Бир аз өтсө, өлүп кетерине көзүм жетип: «Бекташ, колтугунан өйдө көтөрүп, ичин сык, – дедим. – Уялба, көтөр тезирээк!» Баятан ыйлап отурган Бекташ, өйдө тура калып, Алиманды көтөрүп, ичин басканда, баланын колунан кармап тарттым. Бала чыкпай жатты. Алиман бир жактан кыркырап, жан талашып жатса, о, шумдугай, кулагымды тундуруп дагы да баягы эшелон – кыйкырык улаш эки паровоз алып учкан вагондор мээмди как жарып өтүп бара жаткансып, «Апа-а! Алима-ан!» – деп аркыраган шамал жула качкан үнгө, баланын «ба-а-а!» деп бакырган үнү кошулду. О, турмуш ай, мынча неге катаал болдуң, мынча неге сокур болдуң? Бала да түштү, Алимандын жаны да кете баштады. Кызыл эт немени этегиме антип-минтип орой салып карасам, Бекташ колтугунан алып көтөргөн калыбында, Алимандын мойну бир жагына кыйшайып, колдору салаңдап калыптыр. «Кокуй, Алиман?» – деп, тамырын кармай салсам жан жок, кетип бара жатыптыр. Аркыраган шамалды жиреп, эшелондун шакылдаганы эч бир кулагымдан кетпей, дүйнөгө келер замат, «Ба-а!» – деп кыйкырган биринчи туңгуч үнү менен өлүп бара жаткан энесине кош айткансып, бала ыйлап, Алимандын көзү муз тартып агына айланып жатты. Кантеримди билбедим. Бир заматтын ортосунда бирин узатып, бирин тосуп алдым. Бир заматтын ортосунда бири өлүп, бири туулуп, көз алдымда ажал менен турмуштун кагылышканы эсимди оодарды. Анан эмне болгонумду өзүм да жакшы билбейм.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.