повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
Ушинтип бул жолу да айталбадым. Деги эмне үчүндүр ар качан эле, айтар кебимди сезип тургандай, сүйлөшүүдон качып, ушинтип кетенчиктеп эле туруп албадыбы, байкуш балам. Бетин ачса өзүнө да, мага да жеңилирээк болбос беле.
Эсиңдедир, Жер-Энем, ошол жылкы күз көпко созулуп, аягы абдан жаанчыл болбодубу. Бир ачылып, кайра бүркөлүп, нымтыраган суук күндөрдө көпчүлүгү үйгө отуруп калдык. Күздүн түнөргөн түрү сыяктуу, күн өткөн сайын Алимандын кабагы ачылбай, сүйлөбөс, күлбөс болуп калды. Өзүнчө убайым тартып, отурганы-отурган. Байкоомдо, ай-күнү да жакындап келе жаткан эле. Капалыкка чөгүп кетпесе экен деп, колумдан келишинче эркелетип, тамаша сүйлөп тигинткен-минткен болом, бирок жаш бала болбогондон кийин кыйын экен да. Мен гана эмес башкалар да аракеттенип көрүшүптүр. Бекташ апам тумоолоп жатып калды дегени, Айшаны көрөйүнчү деп барсам, эти ысып, жөтөлүп жатыптыр. «Өзүң да чала-жан неме элең, жөн отурбай айылчы болуп чыга кеттиң» – десем, муңайыңкы жылмайып күлүп койду. Ошондон эки-үч күн мурун Бекташтын арабасына үч-төрт аял болуп түшүп алып, төмөнкү айылга тойго барып келишкен. Көрсө, барган иштери башка турбайбы. «Жылуу жатып, жакшы болуп кеткин эми», – деп, кеткени жатсам, Айша: «Коё турчу, Толгонай, капа болбосон, айта турган бир соз бар эле» – деди. «Айткын» – дедим.
«Төмөнкү айылга биз тойго барган жокпуз, анда менин жек-жаат уругум деле жок. Аны өзүң деле билесиң. Сыртыңдан бийленип бир иш кылдым элем, Толгонай, кечирип кой, – деди. – Алиги чабан жигитти таап алып, ортого алдык. Алимандын ай-күнү жетип отурат, бул эмне кылганын, анын убал-сообун ким көторөт десек, аныбыздан эчтеке чыккан жок. Ал өзү аялдуу неме экен, экинчиден жанын жеп, көргөн эмесмин, билген эмесмин деп, танып кетти. Аялы да долу неме экен, сезип калып, беттен алып, иттей шермендебизди чыгарды. Кайра келе жатканда, жол катары, жаан төгүп, суук тийип калыптыр. Анысы да мейли эле, Алиман эми кантет» – деп, бышактап ыйлап жиберди. «Ыйлаба, – дедим, – мен турганда Алиман кор болбойт» – деп, чыгып кеттим. Башка эмнени айтмак элем...
Алимандын эти-башы ооруп калдыбы деп кадиктенип, кийинки күндөрү көзүмдүн кырын түшүрбөй, жанынан карыш чыкпай жүрдүм. Кокус эшикке чыгып кетсе да артынан ээрчип: «Э-э, Алиман, кайда жүрөсүң?» – деп эле шашып калам. Толгоосу келип калбасын деймин да, мен түшкүрдүн башка эмне жумушу бар эле.
Бир күнү жылуу кийинип алып, эшикке чыгып бара жатат. «Кайда барасың, балам?» – дедим. «Чоң сууга барам» – деди. «Э, ботом, күн тигинтип турса, энтигип кантип барасың. Үйдө эле отурсаңчы. Сууда эмне бар дейсиң. Же жайдын күнү болбосо». «Жок, барам» – деди. «Анда мен да кошо барайын, жалгыз жибербейм» – десем, кыжыры кайнап кетти. Көп күндөн берки бугун, ачуусун менден чыгарды: «Эмне эле мени ээрчип, андып калгансың. Эмнең бар менде. Мени жайыма койсоңчу. Өлөт дейсиңби, өлбөйм!» – деп, эшикти тарс коюп, чыгып кетти. Томсоруп отуруп калдым. Созү катуу тийди, катуу таарындым. Ошентсе да ичим чыдабады. Эки-үч жолу эшикке чыгып карадым. Сууга кеткен бойдон көрүнбөдү.
Көзгө илинбеген майда жаан себелеп, шамал ак-чач булуттарды оодарыштырып айдап турган экен. Тал-дарактын башы жылаңач калып, сууктан жүдөгөндөй, бутактары карарып кетиптир. Элдин баары үй-үйүндө, эч ким жок, кыштак арасы ээнсиреп капалуу. Чүмбөт чүмкөлгөндөй тоолордун караандары бозомукта араң эле билинип турду.
Жаман көрсө көрсүн, артынан барайын, толгоосу кармап, сыз жерге жатып калбасын деп, огороддун этегине жете бергенимде, Алиман көрүндү. Башын ылдый салып, акырын басып келе жаткан экен. Бакка далдаланып кайра келдим да, чай кайнатып жумуртка эзип куймак жасадым. Сакталган алмадан тандап, кызылдууларын дасторконго койдум. Алиман кирип келди да, дасторконду көрүп, унчукпай күлүмсүрөдү. «Үшүп кеттиң го, балам. Бери отуруп чай иччи» – дедим. «Көңүлүм эчтекени тартпай турат, эне. Алмадан бирди берчи, ошону жейин» – деди. «Эмне болду, сага, Алиман, бир жериң ооруп турабы?» – десем, ээрдин тиштегилеп: «Сурабачы, эне. Терим эчтемени сүйбөй турат. Жана да тил-тийгизип койдум сага. Мени жөн кой» – деп, кол шилтеп койду.