повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Айшалар көпкө отуруп чай ичип кетишти. Үйгө жаталбадым. Капталда төгүлгөн жылдыздар таңаткыча балбылдап, анан бирин-серин тартып, эң акырында жаркыраган жалгыз чолпон калып, ал улам алыстап, алда-кайда кетип жоголду.

Алиман кеткенден кийинки күндөрүм курусун. Жалгызмын деп ооз учу менен айтып жүргөн экенмин да. Үч-төрт күн эптеп карманып чыдап жүрдүм. Анан чыдагысыз болду. Кээде туруп бир жакка тентип басып кетким да келди. Алимандын көрөр күнүн ойлосом, андан бетер жаман болом. Төркүнүнө барып батса жакшы, ал эми мурда ишиңер болбосун, менин турмушума кийлигишпегиле деп мыктысынып койдуң элең, эми минтип шерменде болуп келип калган экенсиң го дешсе, балам кандай гана кордук тартар экен. Оюна эмнелер гана кетип, ушинтип көргөн күнүм жерге кирсин деп, турмуштан түңүлүп жүрбөсүн. Жанымда турса эч кимге жектетпейт элем го. Кантип гана жатты болду экен, алда шордуум-ай. Кантсе да, барайын, өз көзүм менен көрөйүн. Барып калсам, балким кайтып да келер. Ошентсе экен, кудаяй, ошентсе экен. Келбейм, калам десе аны угайын. Кантет элем, ыраазылыгымды айтып, батамды берем. Кийим-кечесин да албай кетиптир, аларын жеткирип берейин. Келсе-келбесе да айтар сөзүмдү айтышым керек. Милдетим эмеспи. Кой, көп кечикпей жөнөйүн деп, эртеси үй-жайды Айшага дайындап, жолго чыктым. Кайыңды жакка барчу машинаны Бекташ токтотуп берди. Ушуну менен машинага түшүп, айылдан жаңы узай бергенде, нары аңызды аралап, төтө жол менен бир аял келе жатканын, машинада отуруп капыстан корө калдым. Дароо эле тааныдым – Алиман экен! Алда, карааныңдан болоюнум ай, кайра келе жаткан турбайбы! Ошол замат ордуман ыргып туруп, машинанын үстүн дүңкүлдөтүп калдым. «Токто! Токто азыр, мен түшөм!» – деп, машина бир канча жүрүп барып токтогондо, куржунумду алып, шашып түштүм. Аңгыча уюлгуган коюу чаң жетип келип, көзүмө эчтеке көрүнбөй жанагы көргөнүм өңүмбү, түшүмбү деп чочуп туруп калдым. Чан машинанын артынан ээрчип кетип, айлана ачыла түшкөндө, жүрөгүм оозумдан ыргып кетчүдөй: «Алиман!» – деп катуу кыйкырдым. О, айланайын даркан талаам, озүң көрбөдүң белең, ал окуя да ушунда болбоду беле!

– Ооба, Толгонай, ушунда, азыр да жаткан тетиги жанаша жолдо. Сен: «Алиман!» деп кыйкырганда, Алиман жалт карай салып, сени көрүп туруп калды да, анан: «Эне! энекебай!» – деп сени көздөй жүгүрдү. Сен ошондо эсиң чыгып кетип: «Жүгүрбө, балам, жүгүрбө, кокуй жыгыласың!» – деп жалынып келе жатып, өзүң жыгылып, кайра тура калып, кайра жүгүрдүң.

– Ооба, ооба, так ошондой. Кантип жетип барганымды билбейм. Алиман экөөбүз кучакташып, көрүшүп туруп калганда, аябай сагынышып калган экенбиз, эмне дээрибизди билбей: «Келдиңби, келдиңби, балам, энеңе кайрылып келдиңби?» – десем, «Келдим, энеке, келдим. Өзүңө кайрылып келдим!» – деп жатты. Так ошол учурда Алимандын ичтеги баласы козголо берип, «болк-болк» эттирип эки-үч жолу тээп койду. Аны экөөбүз тең сезип калдык. Алиман ичин кармап, акырын сыйпалап мени карады. Анын ошондогу көз карашы бүт заманымды астын-үстүн оодарды. Мен да кээде бир нерсе деп ойлоп, ичимден корунуп жүргөн экенмин да! Кет, жогол, арамдык, жолобо! Кандайдыр бир учкундай гана мезгил аралыгында жашоонун эң бир таза, бактылуу учурун башынан өткөрүп тургандай, Алимандын жүзү үлбүрөгөн, жумшак мээрим тартып, кирпиктерине илинген туптунук жаш бетине тамып кетип, жаак ылдый жүгүрдү. Э, чиркин энелик ай! Ушундай гана тамчы таалайың баардык азап-тозокту жууп кетет го! «Көзүңдөн айланайын, карааныңдан айланайыным. Айланайын сенден, айланайын!» – деп, бети-башын сыйпалап, жалынып-жалбарып, балкылдап ыйлап жибердим. Ошентсем: «Ыйлабачы, эне, ыйлабачы, – деп жатты. – Кечирип кой мени, кечиргин. Сени таштап деле кете албайт экем. Чыдабадым, ичим түтпөдү».

Көптөн берки айтылчу сөзүмдү эми айтайын, оӊуту эми келди го деп: «Эмне үчүн кеттин, таарындынбы?» – дедим. Алиман унчукпай туруп калды да, ортодо азыр кандай сөз болорун билгендей оор үшкүрдү: «Сурабачы, эне. Аны эмне кыласын. Айтпа мага эчтекеңди, мен да сага эчтеме дебейин. Кыйнабачы мени, энекебай, кыйнабачы».

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.