повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
Көчөдө келе жатканымда оюм миң санга бөлүндү. Мындай болорун ойлогон эмесмин. Кийинки кезде Алиман кандайдыр бир элден четтегенсип, мүнөзү да башкача, башка жактан келген чоочун немедей паанайы пас, күлбөс болуп жүргөнүн мен жөн эле капа тартып жүрсө керек дегем. Алиги чабан жигит көңүлүнө туура келбей, келишалбай коюшса керек деп жоромолдогом. Ал ошондо эле изи сууп, тоого кеткен. Экинчи аны көргөн киши жок. Көрсө, иш башкача турбайбы. Аттиң ай, аттиң ай...
– Андай болорун ким билиптир. Эми кантем деп, дал болдум.
– Ооба, Толгонай, сен ошондо мага келип кантем деп сырыңды айткансың.
– Сага айтпаганда кимге айтат элем, жанбоордош дыйкан талаам. Тырмактай кезимден тартып мына ушул карыган күнүмө чейин сенин демиң менен, сенин күчүң менен турмуштун нечен-нечен белин ашып, өмүр сүрүп келе жатам. Кантем десем, сен ошондо: “Ойлон, Толгонай, тереңирээк ойлон. Ичиңди кең сал, дүйнөнү кең көргүн, куру намыс, тайыз акыл болбо” дегенсиң.
Мен гана эмес, башкалар да ойлогонуна ыраазымын. Ичкен суубуз бир, көргөн күнүбүз бир тагдырлаш, замандаш айылдаштарымдын кең пейилине кулдугум бар. Ошол окуянын эртесинде Айша кошунам чай ичкин деп үйүнө чакырып, аны-мунуну кобурап, сөз арасынан: «Жанагы Жекшенкулдун аялы түндөп көчүп кетиптир» – деди. Унчукпадым, көчсө ар кимдин өз эрки. Кийин, көптөн кийин гана билип калдым, ал өзү эмес, ошол түнү эл чогулуп келип: «Кеткин биздин айылдан!» – деп, арабага салып, көчүрүп жиберишиптир. Ошондон кийин улуу-кичүүнүн биринин да оозунан тигиндей-мындай эле деп сөз уккан жокмун. Балким ичинен ойлошсо ойлошкондур, балким теңтуштары Алимандын өзүнө айтса айткан чыгар, бирок мага эч ким эчтеке деген жок. Андан бери мына канча жылдар өттү, али да сыйлашып келе жатышат. Рахмат, көзүм жумулганча ыраазымын.
Мен өзүмчө ойлономун да: илгерки заман болсо не деген айың-ушактар, не деген күйдүргү сөздөр бетиме жабылбайт беле. Ал эми согуштун азап-тозогунан өтүп, тирүү басып жүргөн ар бир адамдын баасы канчалык кун жеткис экенин, анын көнүлү канчалык ыйык экенин замандын улуу сабагын алган эл өзү эле түшүндү. Алимандын күнөөсүн кечирди. Эгерде алар Алиман экөөбүзгө күлүшсө, өздөрүнө күлүшкөндөй болбойт беле. Ооба, ошентмек. Мейли, адам деген ар кандай дешет, сыртынан күн, ичинен кара үңкүр да дешет, бирөөнүн таманы тайып кетсе, табалайт дешет. Андайлар да бар чыгар, андайлар азыр да арабызда жүрүшкөн чыгар, бирок чын-чынына келгенде, тагдыр чечилчү жаман-жакшыга келгенде, адам деген ичи кенен, таза нерсе. Ишенем ошого, сыйынам. Өзүмдүн башымдан өтпөдүбү. Билесиң го, Жер-Энем, ошол жылы мен үчүн кандай оор жыл болду...
– Ооба, Толгонай, сен ошол жылы кемпир болдуң.
– Кемпири да мейли эле, Алиманымды азыр ойлосом, азыр сайсөөгүм сыздайт. Алда, кокуяй, алда кокуяй... Кай жерден кетирдим, кай жерден жулдурдум... Алимандын боюна бүткөнүн билген күндөн тартып, баардык жан аракетим менен сактабадым белем. Көз көрүнөө немени көрүп эле турсак да, эмне үчүндүр билмексенге салып, кеп кылган жокпуз. Оокат-тиричиликке тиешелүү эмне гана болбосун, баардыгын эле мурункудай кеңешип, сүйлөшүп жүрдүк, бирок ушуга калганда батыналбадык. Мен анын көңүлүн оорутпайын дедим. Ал болсо түздөн-түз ачыкка чыккандан уялдыбы же оюнда кеткени жүрүп, кеткенче мени кызартып-бозортпой биротоло чыгарда айтайын дедиби, билбейм. Мен үчүн ал кезде аны билиш да кыйын эле. Өзү унчукпагандан кийин, мен эмне дейт элем, кантип сурайт элем. Кокус сурасам, үйдөн кеткин дегенчелик түшүнүп, кетип калбаса экен деп этияттадым. Соо жүргөнүндө жакшы да, кош кабат калганда жолуңа түш дейт белем. Жо, жо, Алиманымды андай жамандыкка эч убакытта кыйбайт болчумун. Көңүлүмдө мен аны күнөөлөгөн да жокмун. Баардыгын өз көзүм менен көрүп, билип жүрбөдүмбү. Алимандыкы күнөө болсо, ал менин да күнөөм, бала төрөсө, ал менин да балам, уят-сыйытын, жаман-жакшы кордугун бардыгын тең тартам деп, өзүмчө биротоло чечип алгам. Алиман кетип калса, менсиз оокаты өтпөй калат беле, таштап кетүүгө кыялбай жүрүп, ушундай ишке дуушар болгонун билбей коюптурмунбу. Баардыгын өз эркине, өз көңүлүнө койгом. Эртеби-кечпи, кыстап келгенде, акыры бир күнү иштин жайын аргасыз сүйлөшөт да болчубуз. Көңүлүбүздө аны да билип жүрдүк. Ошентсе да, бүгүн эмес эртең деп, улам эртеңкиге калтырып келе бербедикпи. Ал түгүл Алиман кетип да көрбөдү беле. Бул да менден болду, байкабастыгымдан...