повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
Ата, мен сага эстелик тургузалбаймын. Сенин кай жерге көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын.
Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүүӊдү тилеп, апам Нагийма Айтматова, сага арнаймын.
I
– Амансыңбы, куттуу талаам?
– Аманчылык. Келдиңби, Толгонай? Былтыркыдан дагы карый түшүпсүң го. Чачың куудай, колуңда таяк.
– Өмүр өтүп бара жатпайбы, жер-энем, арадан дагы бир жыл өттү. Бүгүн менин сыйынуу күнүм.
– Билем. Келериңди күтүп жаткам, Толгонай. Бул жолу сен баланы да ээрчите келмек эмес белең?
– Ооба. Бирок бул сапар да жалгыз келдим.
– Демек, сен ага эчтеке айткан эмес экенсиң да, Толгонай.
– Жок, айталбадым.
– Айтор, эртеби-кечпи, акыры бир күнү ал угат да, Толгонай. Элдин арасында оозу бош бирөө-жарым жок дейсиңби?
– Аның чын. Эртеби-кечпи, акыры бир күнү билет. Аркы-теркини түшүнө тургандай чоңоюп да калды өзү. Бирок мен үчүн ал дагы эле чалагайым бала сыяктанат. Корком, балалык кылып, өткөн-кеткенди туура түшүналбай, ичи сууп калабы деп аярлайм. Анткен менен адам чындыкты бир күнү билиш керек да. Мен билген чындыкты, сырдашым, касиеттүү жер, сен билген чындыкты, элдин баары билген чындыкты азырынча жалгыз ал гана билбейт. Аны укканда эмне дээр экен, кандай ойлорго кабылып, кептин аныгына жеталар бекен? Канткенде баланын жүрөгүн үшүтпөй, жаштайынан турмуштан көңүлүн калтырбай, сырымды айтып бералар экенмин? Эки ооз сөз менен түшүндүрүп берчү иш болсо кана. Кийинки күндөрдө ойлогонум эле ушул, күнү-түнү ойлоном. Кышында сыркоолоп, төшөктө жатканымда, өлүмдөн анча корккон жокмун, ажал жетсе, каяша кылбай, шыр эле жүрүп кетмекмин. Бирок, көзүм жумулуп кетсе айтар керээзимди айтып жетишалбай, өзүм менен кошо көр астына ала кетемби деп, аябай жүрөгүм түштү. Ал эси жок, аны кайдан билсин, демейде тентек чалыш неме мектепке да барбай калып, жанымдан чыкпай жүрдү. Апасын тарткан күйөрман: «Эне, кай жериң ооруйт? Суу ичесиңби, же дарыңдан берейинби, эне? Үстүңдү жылуулап коёюнбу?» – деп эле турат. Ушинткенде – оозум барбады, кудуретим жетпеди. Байкушум эч кандай арамзасы жок, жеткен бир ишенчээк, дагыле наристе бойдон. Эчтекеден күмөн санап койбойт. Анан мен кантип айтмак элем. Ушуну менен эле сөздүн учугун табалбай алекмин. Минтип да, тигинтип да таразага тартып көрөм: жөн эле айтып берчү жомок эмес экен да. Айланып келип бир пикирге такалам: болгон чындыкты бала туура түшүнүш үчүн мен ага жалгыз гана анын тагдырын эмес, бүт заманымдын тарыхын, өткөн кеткендер жөнүндө, өзүм жөнүндө, баарына күбө болгон, касиеттүү талаам, сен жөнүндө, ал түгүл ушул кезде эчтекеден бейкапар минип ойноп жүргөн велосипеди жөнүндө айтып беришим керек. Балким мына ошондо гана туура болор. Турмуш баарыбызды бир түйүнгө байланыштырып, камырдай жууруп салган турбайбы: эчтекесин жашырып, эчтекесин кошумчалай албаймын. Ал эми бала эмес, кексе киши дагы бул ишти ар кандай түшүнөр. Көзүм тирүү турганда, ушул ыйык парзымдан кутулсам, өлсөм да арманым болбос эле...
– Бул айткандарың туура, Толгонай. Сен отурчу бери, ташка, бутуң оорулуу эмеспи. Олтур, бир акылын табарбыз. Алгачкы жолу ушунда келгениң эсиңдеби, Толгонай?
– Андан бери нечен замандар өтпөдүбү, эстей албасмын.
– Жок сен ошону эстеп көрчү, Толгонай. Башынан түшүп эстечи.
– Эсимде жакшы калбаптыр. Кичинемде, орок маалында ата-энем мени жетелеп келишип, чөмөлөнүн түбүнө отургузуп коюшчу эле.
– Ооба, ыйлабасын деп колуңа бир сындырым нан берип коюшчу.
– Кийин, чоңоё түшкөнүмдө, эл жайлоого көчкөндө, ушул арада эгин коруп чуркап жүрчү элем. Анда мен тызылдап жүгүргөн, саксайган сары кыз эмес белем. 0, балалыгай, ал дагы өзүнчө кызык дооран экен! Малдуулар тээ төмөнтөн, Сары-Жайыктын түзүнөн түп көтөрө көчүп жөнөшчү эле. Биринин артынан бири утурлап, жайлоого, салкын төрлөргө ашыга жол жүрүшчү. Ошондогу менин эселек чагым ай! Үйүр-үйүрү менен сабалап, кишенешкен жылкы тебелеп кетчүдөй келе жатса, буудайдын ичинен секирип чыгып, аларды үркүтчү элем.